Instruction for Use

65
KGZ
Сактык жана сунуштар
! Кир жуугуч машина коопсуздук боюнча эл аралык
нормативдерге ылайык долбоорлонгон жана
даярдалган. Сиздин коопсуздугуңуз максатында
түзүлгөн ушул эскертүүлөрдү көңүл коюп окуу керек.
Коопсуздукка карата жалпы талаптар
• Бул шайман үйдө колдонууга гана арналган.
Бул шайманды 8 жаштагы жана андан улуу балдар,
ошондой эле дене-боюндагы, сенсордук же менталдык
мүмкүнчүлүктөрү чектелүү кишилер же тажрыйбасы же
билими жетишпегендер шайманды коопсуз колдонуу
тууралуу көзөмөл же үйрөтүү менен жана анын коркунучтарын
билгенде урунса болот. Балдар бул шайман менен ойнобосун.
Балдар көзөмөлсүз аны тазалап же тейлебеши керек.
Жуулбаган буюмарды тоңгочук кургаткычта кургатпаңыз.
Тамак жасаган май, алкоголь, бензин, керосин, так
кетиргич, скипидар, мом жана мом кетиргичтер сыяктуу
заттар менен булганган буюмдарды тоңгочук кургаткычта
кургатардан мурда ысык сууда детергенттин кошумча
өлчөмү менен жууш керек.
көбүктүү резина (латекс көбүгү), чайынма топусу, суу
өткөрбөгөн текстиль, резина менен ичтелген нерселер
жана кийим же көбүктүү резина менен толтурулган ичтүү
жаздыктарды тоңгочук кургаткычта кургатпаш керек.
Кездеме жумшарткыч же ошол сыяктуу өнүмдөр
кездеме жумшарткычтын нускамасында көрсөтүлгөндөй
колдонулушу керек.
Буюмдар зыянга учурабагашын камсыз кылган температурада
чыгарылышын мүмкүн кылуу үчүн тоңкочук кургаткыч циклинин
акыркы бөлүгү ысытуусуз болот (суутуу цикли).
ЭСКЕРТҮҮ: Ысык тарап кетиши үчүн буюмдар бат алып
чыгылып, жайылбаса, эч качан тоңгочук кургаткычты
кургатуу цикли аяктай электе токтотпоңуз.
• Жылаңайлак жүрсөңүз же колуңуз же бутуңуз суу болсо,
эч качан шайманга тийбеңиз.
• Шайманды электр ажырымынан сууруп жатканда эч
качан кубет жеткирүү кабелинен тартпаңыз. Айрыны
кармап тартыңыз.
• Шайман иштеп жатканда детергент диспенсеринин
суурмасын ачпаңыз.
• Агынды суу өтө жогорку температураларга жетиши
мүмкүн болгондуктан, ага тийбеңиз.
• Тегерек эшикти эч качан күчкө салбаңыз. Бул кокустан
ачылып кетүүгө жол бербегенге арналган коопсуздук
кулпу механизмине доо келтириши мүмкүн.
• Шайман бузулуп калса, эч бир учурда аны өзүм оңдойм
деп анын ички механизмдерине тийбеңиз.
• Шайман иштеп жатканда балдарды ага жетпегендей
алыс кармаңыз.
• Жуу цикли учурунда эшик абдан ысык болушу мүмкүн.
• Шайманды жылдырыш керек болсо, эки же үч киши
чогулуп, аны болушунча этияттап көтөргүлө. Аны эч
качан жалгыз жасайм деп аракет кылбаңыз, себеби
шайман өтө оор.
• Жуулчу кирди жуугуч-кургаткычтын ичине салардан
мурда тегеренме көңдөй бош экенин текшериңиз.
• Кургатуу фазасында эшик кыйла ысууга дуушар болот.
• Шайманды бат тутанма эриткичтер (мис., трихлорэтилен)
менен жуулган кийимдерди кургатканга колдонбоңуз.
• Шайманды көбүктүү резина же ошол сыяктуу
эластомерлерди кургатканга колдонбоңуз.
• Кургатуу циклдер учурунда суу краны ачык экенин
текшериңиз.
• 3 жашка чыга элек балдарды же шаймандан алыс
кармап, же көз алдынан чыгарбаш керек.
• Чөнтөктөрдөн жарык кылгыч жана ширеңке сыяктуу
нерселердин баарын чыгарыңыз.
Утилизациялоо
Таңгактоо материалдарын жок кылуу: таңгактоо
материалдарын кайталап пайдалануу максатында
жергиликтүү нормативдерди сактаңыз.
Электрондук жана электр приборлорду утилизациялоого
тиешелүү 2012/19/eU Европа Директивасына ылайык,
электр приборлорду кадимки шаар таштандысы менен
чогуу ыргытылбашы керек. Иштебей калган приборлор
аларды утилизациялоону жана алардын курамдык
материалдарынын рекуперациясын оптималдаштыруу
үчүн, ошондой эле курчап турган чөйрөнүн жана ден
соолуктун коопсуздугу үчүн өзүнчө топтолушу керек.
Бардык приборлордо боло турган “чийилген таштанды
челегинин символу аларды өзүнчө утилизациялоо
жөнүндө эскерткич катары кызмат кылат.
Тиричилик электр приборлорун туура утилизациялоо
жөнүдө кеңири маалымат алуу үчүн пайдалануучулар
атайын мамлекеттик уюмга же дүкөнгө кайрыла алышат.
Сактоо жана ташуу шарттары
Таңгакталган кир жуугуч машинаны табигый желдетүүсү
бар жабык жайларда 80%дан көп эмес салыштырмалуу
нымдуулукта сактоо керек. Эгерде машина узак убакыт
пайдаланылбаса жана жылытылбаган жайда сактала турган
болсо, машинаны суудан толук өчүрүү керек. Машинаны
ташуу алдында кир жуугуч машинанын багынын бузулушуна
жол бербөө үчүн, тыгыны менен транспорттук бурамаларды
орнотуу керек. Машинаны жабык машинанын бардык түрү
менен, аны бекем бекитип жумушчу абалында ертикалдуу)
ташуу керек.Кир жуугуч машинаны жүктөө-түшүрүү
иштеринде урунууга кабылтууга ТЫЮУ САЛЫНАТ.
Люкту авариялык ачуу
Эгерде электр энергиясын өчүрүү себебинен улам
машинанын люгун ачуу мүмкүн болбосо, таза кирди
чыгаруу үчүн төмөндөгүдөй аракет кылыңыз.
1. машинанын штепселдик айрысын тармактык розеткадан
сууруңуз.
2. машинадагы суунун деңгээли люктун тешигинен төмөн
экенин текшериңиз.
Болбосо схемада көрсөтүлгөндөй, суу төгүү түтүгү
аркылуу ашыкча сууну чакага куюңуз.
3. кир жуугуч машинанын алдыңкы панелин чыгарыңыз
хеманы кара.)
4. схемада көрсөтүлгөн тышындагы тилчесин пластик
тосмолоо бурамасына чейин тартыңыз. Андан кийин аны
ылдый тартыңыз жана ошол эле убакта люкту ачыңыз.
5. алдыңкы панелди машинага бекитүүнүн алдында
илмектери тийиштүү илгичтерге киргенин текшерип,
аны ордуна орнотуңуз.
20