Instruction for Use

68
KGZ
Жуу циклин же кургатуу циклин
кантип иштетиш керек
1. МАШИНАНЫ КҮЙГҮЗҮҮ ТАРТИБИ , баскычын
басыңыз; ИШТЕТҮҮ/ТЫНЫГУУ индикатору сейрек
жашыл түс менен бүлбүлдөйт.
2. КИРДИ ЖҮКТӨӨ. Машинанын люгун ачыңыз. Кийинки
беттеги программалардын таблицасында көрсөтүлгөн,
максималдуу уруксат берилген салмактан ашырбай,
барабанга кир кийимди жүктөңүз.
3. ЖУУГУЧ ЗАТТАРДЫ ДОЗАЛОО. Дозаторду чыгарыңыз
жана “Жуугуч заттар жана кирдин түрлөрү” бөлүмүндө
сүрөттөлгөндөй, жуугуч каражатты атайын чөнөкчөлөргө
салыңыз.
4. ЛЮКТУ ЖАБЫҢЫЗ.
5. ПРОГРАММАНЫ ТАНДОО. Керектүү программаны
та н д о о үч ү н П Р О Г РАММ А Л А РД Ы ТАН Д О О
баскычтарынын бирин басыңыз. Программанын
аталышы дисплейде пайда болот. Программа менен
бирге өзгөртүлүшү мүмкүн болгон, температура жана
сыгуу ылдамдыгы көрсөтүлөт. Дисплейде бул циклдын
узактыгы көрсөтүлөт.
6. КИР ЖУУ ЦИКЛЫН ПЕРСОНАЛДАШТЫРУУ. Тийиштүү
баскычтарды басыңыз:
емператураны жанае сыгуу ылдамдыгын өзгөртүү
тартиби. Машина автоматтык түрдө тандалган программа
үчүн каралган максималдуу температураны жана сыгуу
ылдамдыгын белгилейт, бул маанилер көбөйтүлүшү
мүмкүн эмес баскычынын жардамы менен температураны
муздак сууда жууганга чейин акырындык менен азайтууга
болот (Дисплейде “--” символу күйөт) баскычынын
жардамы менен сыгуу ылдамдыгын аны жокко чыгарууга
чейин акырындык менен азайтууга болот (Дисплейде--”
символу күйөт). Бул баскычтарга дагы бир жолу басууда
максималдуу уруксат берилген маанилер кайтып келет.
! Артыкчылык: 5-программаны тандоодо температура
40° чейин көбөйтүлүшү мүмкүн.
! Артыкчылык: 7-программаны тандоодо температура
90° чейин көбөйтүлүшү мүмкүн.
! Артыкчылык: 9-программаны тандоодо температура
60° чейин көбөйтүлүшү мүмкүн.
Иштетүүнү кармоону программалоо.
Тандалган программаны иштетүүнү кармоону
программалоо үчүн кармоонун керектүү маанисин
алганга чейин тийиштүү баскычты басыңыз. Иштетүүнү
кармоону токтотуу үчүн баскычты дисплейде -- h
жазуусу пайда болгонго чейин басыңыз.
Кургатуу циклин койуу.
Каалаган кургатуу циклин КУРГАТУУ топчусун
бир же бир нече жолу басуу менен койсо болот. Эки
тандоо мүмкүн:
A - Кийим кургатылгандан кийин ал канчалык ным
болгонуна негизделген:
Үтүк: жуугандан кийин үтүктөөгө муктаж кийимге
ылайыктуу. калган нымдуулук бырыштарды
жумшартып, кетирүүгө оңой кылат.
Илгич: толук кургатууга муктаж эмес кийимге жарайт.
Шкаф: үтүктөбөй эле шкафка салса боло турган
буюмдарга ылайыктуу.
Экстра: спонж же махер халат сыяктуу толук
кургатууну талап кылган кийимге ылайыктуу.
B - Убакыт аралыгына негизделген: 30 - 180 мүнөт
ортосу.
Кургатуу баскычын кошпоо үчүн тиешелүү топчуну
дисплейде OFF чыкканча басыңыз.
Жууп-кургатчу кириңиз жол берилген максималдуу
жүктөн кыйла көп болсо, жуу циклин аткарып туруп,
ал аяктаганда кийимдерди топ-топ кылып бөлүп,
айрымдарын кайра көңдөйгө салыңыз. Бул жерде
“Кургатуу гана” цикли үчүн берилген нускамаларды
аткарыңыз. Жүктүн акырына чейин бул процедураны
кайталаңыз. Ар бир кургатуу циклинин аягына ар
дайым суутуу убактысы кошулат.
Кургатуу гана
Кургатууну гана аткаруу үчүн баскычын басыңыз.
Кийимдин түрүнө ылайык келген керектүү программаны
тандап баскычын басууда кр жуу жокко чыгарылат
жана тандалган программа менен каралган максималдуу
деңгээлде кургатуу активдешет. . баскычынын
жардамы менен убакыт боюнча же нымдуулук деңгээли
боюнча кургатууну өзгөртүүгө же тапшырууга болот (1-
2-3-4 жана 14-программалар менен шайкеш келбейт).
Кантип чайкоо режимин тапшырууга болот.
Кошумча функция сезгич тери үчүн чайкоонун керектүү
режимин тандоону шарттайт. Баскычты биринчи жолу
басууда Extra +1” (Кошумча чайкоо +1) режими тапшырылат,
ал жуугуч заттын калдыктарын кетирүү үчүн, чайкоонун
стандарттуу циклынан тышкары кошумча чайкоону тандоону
шарттайт. Баскычты басууга жараша чайкоонун стандарттуу
циклынан тышкары чайкоонун кошумча режимин тандоону
шарттаган, Extra + 2 ошумча чайкоо+2) режими
тапшырылат, бул сезгич тери үчүн сунушталат. Баскычты
үчүнчү жолу басууда стандарттуу циклдын чайкоосуна
кошумча 3 чайкоону тандоону шарттаган, Extra +3 (Кошумча
чайкоо+ 3) режими тапшырылат. Эгерде бул кошумча
функция 40°C температурасы менен программаларда
активдешсе, ал мышыктын жана иттин жүнү жана чаң
сыяктуу негизги аллергендерди кетирүүнү шарттайт, 40°Cтан
жогору температурадагы программаларда аллергенден
коргоонун мыкты деңгээлине жетишилет. “Normal rinse”
(Жөнөкөй чайкоо) режимине кайтуу үчүн баскычты кайра
басыңыз. Эгерде бул тескөөнү тапшыруу же өзгөртүү мүмкүн
эмес болсо, дисплейде No Selection(ТАНДАЛГАН ЭМЕС)
жеNo Change” (ӨЗГӨРҮҮСҮЗ) чагылдырылат.
Циклдын параметрлерин өзгөртүү.
Функцияны күйгүзүү үчүн баскычты басыңыз;
Дисплейде тийиштүү жарык индикатору күйөт.
Функцияны өчүрүү үчүн баскычты кайра басыңыз;
Дисплейде тийиштүү жарык индикатору өчөт.
! Эгерде тандалган функция тапшырылган программа
менен шайкеш келбесе, күңүрт түс менен тийиштүү
жарык индикатору бүлбүлдөйт, мындан тышкары
мындай шайкеш келбестик жөнүндө үн сигналы (3
сигнал) эскертет, ал эми дисплейде “No Selection”
(ТАНДАЛГАН ЭМЕС) жазуусу пайда болот.
! Эгерде тандалган функция башка, мурда тапшырылган
кошумча функция менен шайкеш келбей турган болуп саналса,
дисплейде No Selection (ТАНДАЛГАН ЭМЕС) жазуусу пайда
болот, функцияны активдештирүү мүмкүн болбойт.
! Кошумча функциялар машинанын сунушталган
жүктөмүн жана/же циклдын узактыгын өзгөртө алат.
7. ПРОГРАММАНЫ ИШТЕТҮҮ. ИШТЕТҮҮ/ТЫНЫГУУ
баскычын басыңыз: Тийиштүү индикатор жашыл түс
менен күйөт жана люк тосмолоодон чыгарылат (ЛЮК
ТОСМОЛОНДУ символу күйөт). Циклды аткаруу
процессинде программаны өзгөртүү үчүн машинаны
ИШТЕТҮҮ/ТЫНЫГУУ баскычынын жардамы менен
тыныгуу режимине которуңуз (ИШТЕТҮҮ/ТЫНЫГУУ
баскычы кызгыл сары түс менен сейрек бүлбүлдөйт).
Андан кийин жаңы циклды тандаңыз жана кайрадан
ИШТЕТҮҮ/ТЫНЫГУУ баскычын басыңыз. Эгерде циклды
иштеткенден кийин люкту ачуу талап кылынса, ИШТЕТҮҮ/
ТЫНЫГУУ баскычын басыңыз. ЛЮК ТОСМОЛОНДУ
индикатору өчкөндөн кийин люкту ачууга болот.
Программаны ал токтотулган учурдан тартып улантуу
үчүн кайрадан ИШТЕТҮҮ/ТЫНЫГУУ баскычын басыңыз.
8. ПРОГРАММАНЫ АЯКТОО. Дисплейде «ЦИКЛДЫН
АЯГЫ » билд ирүүсү менен көрсөтүлөт. ЛЮК
ТОСМОЛОНДУ символу өчүрүлгөндөн кийин,
люкту ачууга болот. Люкту ачыңыз, кирди алыңыз жана
машинаны өчүрүңүз.
! Иштетилген циклды токтотуу талап кылынса,
баскычын бир нече секунд басып кармап туруңуз. Цикл
токтойт жана машина өчөт.
Direct Injection технологиясы
Кир жуугуч машина «Direct Injectio алдын ала аралаштыруу
жаңы технологиясы менен жабдылган, ал кир жуунун биринчи
мүнөтүнөн тартып сууну жуугуч каражат менен аралаштырат,
аны активдүү мусска айландырат жана анын тазалоочу
касиеттерин көз ирмемде активдештирет. Активдүү мусс
кир жуугуч машинанын барабанына берилет жана төмөнкү
температурада сиңип калган кирлерди кетирүү менен,
кездеменин буласына натыйжалуу кирет, мында кездемени
жана анын түсүн сактайт. Power” АТЫЙЖАЛУУЛУК)
режими кир жуунун жакшы жыйынтыгына жетүү үчүн,
“Eco Energy (ЭНЕРГИЯНЫ ҮНӨМДӨӨ) режими электр
энергиясын керектөөнү төмөндөтүү үчүн жарайт.