Иштетүү нускамалары жана орнотуу жетеги
Маанилүү коопсуздук нускамалары 4 Чөйрөнү коргоо 5 Энергия үнөмдөө боюнча кеңештер 6 Шайманды колдонордун алдында 6 Сактык чаралары жана жалпы сунуштамалар 6 Муз жана/же суу диспенсерин (эгер болсо) тазалоо, санитардык иштетүү жана тейлөө 7 Орнотуу талаптары 8 Техникалык спецификациялар 9 Орнотуу 9 Алгы сөз 11 Жаңы урунуу 12 Бузуктарын таап оңдоо жетеги 14 Сатуудан кийинки кызмат 15
Маанилүү коопсуздук нускамалары Түпнуска нускамалар - англис тилиндегилер. Башка тилдердеги башка нускамалардын баары түпнуска версиясынан которулган. • КОРКУНУЧТУ ЭСКЕРТҮҮ: туруксуздуктун айынан кырсык чыкпашы үчүн шайманды жайгаштыруу же бекитүү өндүрүүчүнүн нускамаларына ылайык жасалышы керек. • КОРКУНУЧТУ ЭСКЕРТҮҮ: шаймандын желдетүү тешиктерине эч нерсе такалбагандай кармаңыз. • КОРКУНУЧТУ ЭСКЕРТҮҮ: шаймандын муздатуучу айлампа түтүктөрүн бузуп албаңыз.
стандарттарына ылайык ажырым жеткиликтүү болсо шайманды кубат жеткирүүдөн сууруу же ажырымга чейин орнотулган көп уюлдуу которгучтун жардамы менен кубатты өчүрүү мүмкүн болушу керек. • Шайманды жердетүү ажырымына сайыңыз: шайман бекитилген жердетүү системине туура туташтырылган болушу керек. • Жалгыз/көп адаптерлерди же узарткычтарды колдонбоңуз. • Орнотуу учурунда шаймандын кубат кабели зыян тартпагандай болсун. • Шаймандын кубат кабелин тартпаңыз • Шайманды эки же андан көп киши урунуп, орнотушу керек.
Энергия үнөмдөө боюнча кеңештер • Шайманды кургак, жакшы желдетилген бөлмөгө жылуулук булагынан (мис., радиатор, меш ж.у.с.) алыс жана күн түз тийбеген жерге орнотуңуз. Зарыл болсо, оолактандыруу табагын урунуңуз. • Туура желдетүүнү камсыз кылуу үчүн орнотуу нускамаларын аткарыңыз. Шайманды колдонордун алдында Шайманыңызды эң мыкты колдонууну камсыз кылуу үчүн өнүмдүн сүрөттөлүшүн жана пайдалуу кеңеш камтыган иштетүү нускамаларын кунт коюп окуңуз. Бул нускамаларды кийин караганга сактап коюңуз.
Муз жана/же суу диспенсерин(эгер болсо) тазалоо, санитардык иштетүү жана тейлөө Санитардык иштетүү боюнча нускамаларды аткарбоо куюлган суунун гигиеналык коопсуздугуна залал келтириши мүмкүн. • Шайманды биринчи жолу уруна баштаганда жана чыпканы алмаштырган сайын биринчи 6-7 мүнөт куйууга барабар (сөзсүз эле удаа эмес, бирок биринчи ичерден мурда) 9-14 литр сууну жана алгачкы 24 саатта жасалган музду жараксыз кылыңыз.
Орнотуу талаптары Жайгашуу аймагынын шарттары Муз жасагыч машиналар 5ºC (41ºF) менен 43ºC (109,40ºF) ортосундагы бөлмө температурасында иштетүүгө арналган. Корпусунун ченемдери Муз жасагычты туура орнотуш үчүн эмеректин бөлүгүндө андай максатта орнотулган тешиктин ченемдери чиймедегидей (560x440x560 мм) болушу керек. Агызуу тешиги чиймеде көрсөтүлгөн абалда турушу керек. Корпустун сол бөлүгүндө жана шаймандын төмөнүрөөк деңгээлинен ылдый. Ошентип, ийкемдүү түтүктөрдүн шайманды чыгарганга жетиштүү жолу бар.
Техникалык спецификациялар - Өлчөмдөрү: Тышкы: 596x455x22 Текченин тешигинин өлчөмү: 560x440x560 - Жылуучу жолчолорго куроо. - Өндүрүү: Бааланган өндүрүүсү: 10 кг/24 с (Курчап турган температура 20°C / Суунун температурасы15°C). - 12 кертим/цикл - Муз кертиминин салмагы 22 г - муз багы: 8 кг - Кубат жеткирүү туташуусу: Кубат жеткирүү: 220 В / 50 Гц. - Кубат: 250 Вт - Интенсивдүүлүк: 1,8 А - Суу туташуусу: - - Суутуу: - Муздаткыч: R134A - Аба конденсациясы. Маңдайынан киргизүү. Арткы чыгаруу.
2. Шаймандын бекитүү көпүрөсүн чийменин абалына бураңыз. 3. Агызуу шлангдарынын бекитүү кырларын бураңыз. 4. Шайманды жетектердин колдоо бурчтарына коюңуз. Бурамаларды бекитерден мурун ал жумшак жана жол менен жылышын текшерип, энин ыңгайлаңыз. Суу тармагына туташтыруулар Шайман менен кошо берилген эки чыпка биригүүлөрү менен ийкемдүү түтүктү колдонуңуз. Басым 1 менен 5 бардын ортосунда болушу керек. Басымдар мындай нарктардан өтүп кетсе, зарыл тууралоочу түзмөктөрдү орнотуңуз.
Алгы сөз - Шайман ичүүчү сууга толтурулганга суу жеткирүүгө туташтырууну жана калган иштетилген суу үчүн агызуу тешигин талап кылат. - Шайман иштегени циклдүү: өндүрүү цикли идиши толгончо уланат; бак толгондо муз чыгаруунун алдындагы термостат шайманды автоматтык түрдө токтотот. - Муздун өлчөмү колдонулуп же эригенден белгилүү бир деңгээлден ылдый түшкөндө, ошол эле термостат шайманды кайра жандандырат. Кайсы болбосун суу эрүүнүн натыйжасында жарактан чыгаруу түтүгү аркылуу шаймандын тышына багытталат.
Жаңы урунуу Баптоолор Коркунучту эскертүү: баптоо менүсүн ачардан мурда шайман өчүк экенин текшериңиз. Кийинки параметрлерди баптаса болот УБАКЫТ ШАЙМАНДЫ ПРОГРАММАЛОО МУЗ КЕРТИМДЕРИНИН САНЫ МУЗ КЕРТИМИНИН ӨЛЧӨМҮ ТИЛ Убакытты баптоо Программа тандоо жебесин колдонуп каалаган убактыңызды коюңуз жалтылдайт, артынан мүнөттөр) жана ар бир баскычтагы тандоону OK ачкычы менен ырастаңыз.
Иш баштоо Шайман фабрикада алдын ала коюлган нарктар менен конфигурацияланган. Коркунучту эскертүү: Кубат өчүрүлсө, нарктардын баары жок болот, аларды кайра коюш керек.. Шайманды өчүрөрдөн мурда “Тейлөө жана тазалоо” бөлүмүндө берилген нускамаларды аткаруу менен жакшылап тазалаш керек. - Айрыны электр ажырымына сайыңыз. - ON ачкычын бир-эки секунд басыңыз. - Шайманды күйгүзгөндөн эки мүнөттөн кийин суу айлануу насосу жана суутуу системи жандандырылат.
Бузуктарын таап оңдоо жетеги Шайман туура иштебесе же негизинен эле такыр иштебей жатса, кардарларга кам көрүү кызматына чалардан мурда кийинки айгай жадыбалын караңыз: Айгай Мүмкүн болгон себеби Ырастоо Толук бак Чака Шайман токтотулду Термостат иштебей калышы Сактоо чакасында муз кертимдери термостат таякчасына тийбей турат Цикл казыкчасы.
Сатуудан кийинки кызмат Сатуудан кийинки кызматка кайрылардан мурда: 1. Бузукту оңдо өзүңүздүн колуңуздан келбээрине ынаныңыз 2. Көйгөй чечилдиби деп көрүш үчүн шайманды кайра күйгүзүңүз. Көйгөй чечилбесе, шайманды кубат жеткирүүдөн сууруп, кайра күйгүзөрдөн мурда бир сааттай күтүңүз. 3.
Printed in Italy r 09/16 400011044725 KY