Instruction for Use
13
Иш баштоо
Шайман фабрикада алдын ала коюлган нарктар менен конфигурацияланган.
Коркунучту эскертүү: Кубат өчүрүлсө, нарктардын баары жок болот, аларды кайра коюш
керек..
Шайманды өчүрөрдөн мурда “Тейлөө жана тазалоо” бөлүмүндө берилген нускамаларды
аткаруу менен жакшылап тазалаш керек.
- Айрыны электр ажырымына сайыңыз.
- ON ачкычын бир-эки секунд басыңыз.
- Шайманды күйгүзгөндөн эки мүнөттөн кийин суу айлануу насосу жана суутуу системи
жандандырылат.
Тейлөө жана тазалоо
• Кандай болбосун тейлөө же тазалоо иштерин жасарда шайманды электр кубат
жеткирүүдөн сөзсүз сууруңуз.
• Шаймандын ичин нейтралдуу детергенттин жылымык сууга эритмесине нымдалган
чүпүрөк менен такай тазалап туруңуз. (Кеминде алты айда бир тазалап туруш керек)
• Эч качан абразивдүү детергенттерди колдонбоңуз.
• Буу менен тазалагычтарды колдонбоңуз..
• Панель ачкычтарын жана дисплейди алкоголдун негизиндеги же ошол сыяктуу заттарды
колдонуу менен тазалабаш керек. Кургак чүпүрөк гана колдонуңуз.
Ички багын тазалоо
• Шайманды электр кубат жеткирүүсүнөн ажыратып, калган муз кертиктеринин баарын
бактан чыгарыңыз.
• Нейтралдуу детергенттин жылымык сууга эритмесине нымдалган чүпүрөк менен
тазалаңыз.
• Атайын кебер үчүн өнүм менен кеберлердин издеринин баарын кетириңиз. Өнүм таасир
эткенче күтүңүз да, андан кийин кургак чүпүрөк менен кетириңиз.
Санитардык иштетүү
Санитардык иштетүүнү алты ай сайын ишбилги техникалык кызмат аткарышы керек.