Instruction for Use

11
Күйгүзүү жана өчүрүү
Эң биринчи иштетүү
Шайман электр кубатын жеткирүүгө
туташтырылып, бирок жандырыла электе
дисплей билдирүү көрсөтөт
Бул шайман негизги тармакка туташкан жана
панелдин топчуларынын баары өчүктүгүн
эскерткен коопсуздук билдирүүсү.
Шаймандын бөлүмдөрүнүн баарын күйгүзүү
үчүн Түзмөктүн топчусун үч секунд
басыңыз.
Шайман биринчи жолу күйгүзүлгөндө, Көп
температуралык бөлүм “Тоңдургуч” модуна
коюлат.
Муздаткыч жана
Динамикалык 0° бөлүмдөрүн өчүрүү
Күйгүзгөндөн кийин ал дайыма күйүп турат
жана
аны толук шайманды өчүрүү аркылуу өчүрсө
болот.
Түзмөктү үч секунд басып туруңуз.
Өчүрүп-күйгүзүү
Өчүрүп-күйгүзгөнгө ошол эле топчуларды
колдонуңуз.
Тоңдургуч бөлүмү дайыма күйүп турат жана
Түзмөк топчусун үч секунд басып туруп
шайманды толук өчүрмөйүнчө аны өчүргөнгө
болбойт.
Узак убакыттарга өчүрүү
Көпкө жок болгон учурларда муздаткычты
өчүрүп койуу сунушталат, ан үчүн Түзмөк
топчусун үч секунд басып туруп,
электр айрысын же ажырымды көзөмөлдөгөн
бир уюлдуу которгучту ажыратыңыз.
Муздаткычты толук бошотуп, тазалап, кургатып
туруп, жагымсыз жыттар пайда болбошу үчүн
эшик-суурмаларын чала ачык калтырыңыз.
Алгач иш баштаганда “Күтүүдө” (Stand by)
билдирүүсү чыкпай, башка билдирүү чыгып
жатса, демек, шайман суутуу процессин
баштаган. Мындай болсо, Айгай топчусун
, басып акустикалык сигналдардын
баарын өчүрүп, эшикти жабыңыз да,
коюлган температурага жеткенче күтүңүз.
Эң биринчи иш баштап жатканда фабрика
баптоолорун өзгөрткөнгө Менүнү колдонуу
алдын ала коюлган температурага
жетмейинче мүмкүн болбойт.
Шайман күйгүзүлгөн сайын, ал толук иш
баштардан мурда үч мүнөткө созулган өзүн-
өзү диагноздоо процедурасын өткөрөт.
Муздаткыч бөлүмү же Динамикалык 0°
бөлүм эле өчүк болсо, жагымсыз жыттар
пайда болбошу жана көгөрүп кетпеши үчүн
атайын үйлөткүч иштей берет.
Шайманды узак убакытка өчүргөнү
жатсаңыз, жагымсыз жыттар пайда болбошу
жана көгөрүп кетпеши үчүн ичиндегилердин
баарын чыгарып, эшик-суурмаларын ачык
калтырыңыз.