Instruction for Use

22
Муз жасагычты жандандыруу жана колдонуу
Шайман орнотулгандан кийин Муз жасагычты
жандандыруу үчүн Муз жасагыч топчусун
басыңыз.
Сураныч, музду алып колдонгонго чейин 12 - 24
саат кетерин эске алыңыз.
Өндүрүү - бир циклде 10 кертимден, 24 саатта
болжол менен
10 цикл болот.
Өндүрүү тоңдургучтун ичиндеги температурага,
бөлмө температурасына жана эшиктин
ачылышына көз каранды. Шайман суу
системине туташпай эле иштеп жатса, Муз
жасагычты топчусун басып сөзсүз өчүрүп
коюш керек.
Муз жасагыч муз табагы толмоюнча муз жасайт
да, максималдуу деңгээлге жеткенде автоматтык
түрдө токтойт.
24 саатта жасалуучу муздун өлчөмүн СуперМуз
функциясы менен көбөйтсө болот, ал эми
Кертимдин өлчөмүн аныктоо функциясы
жасалуучу муз кертимдеринин өлчөмүн
тандоого мүмкүндүк берет.
Муз жасагыч 24 саат ичинде болж. 100 муз
кертимин жасай алат.
Муз көп колдонулбаса, муз табагын 8-10 күн
сайын бошотуп туруу сунушталат.
Айрым муз кертимдери бири-бирине
жабышып калганы боло берет.
Муз көп колдонулбаса, кертимдер эскиргенде
тунуктугун жоготуп, кызык даам-жытка ээ
болуп, кичирейип кетет.
Эс алуудагы функциясы жандандырылса,
Муз жасагыч автоматтык түрдө өчөт.
Муз жасагыч биринчи жолу иштетилип
жатса, муз табагын толуп турганда биринчи
муз кертимдеринен бошотуу сунушталат.
Шайман бир айга же андан көп убакытка
өчүрүлсө, суу чыпкасын тазалоо циклин
аткаруу сунушталат.
Муз кертимдеринин кызыктай жыты бар бекен?
Муз - бул ортосунда жылчыктары бар материал,
чөйрөнүн жыттарын сиңирип алат.
Муз кертиминин идишинде көп убакыт турган
муз кертимдери мындай жытарды сиңирип,
бири-бирине жабышып жана акырындап
кичирейе берет.
Мындай муз кертимдерин мындан ары
колдонбоону сунуштайбыз.
Жыттарды болтурбоонун башка жолдору:
Муз кертиминин идишин кээде-кээде жылуу
суу менен жууп туруш керек. Идишин жуурда
Муз жасагычты сөзсүз өчүрүш керек.
Чайкаңыз да, кургата сүрүңүз.
Тоңдургучтун ичинде бузулган же эскирген
тамак жок бекенин текшериңиз. Ичинде
жыттар пайда болбошу үчүн жыты күчтүү
тамактын баарын жакшылап ороп же аба
өткөрбөгөн идиштерде сакташ керек.
Суу чыпкасын айрым моделдерде
алмаштырыш керек болушу мүмкүн.
Айрым учурларда үйдөгү суу туташуусунун
сапатын текшериш керек.
Иштеп жатканда чыккан үндөр
Кыйла кадыресе үндөр
Дырылдоо: муздаткыч бөлүк иштеп жатат.
Кайра айлантуучу аба системиндеги үйлөткүч
иштеп жатат.
Бүлкүлдөө, зуулдоо же быкылдоо үндөрү:
муздаткыч зат түтүктөр менен агып жатат.
Чыкылдоо: мотор күйүп же өчүп жатат. Суу
туташуусундагы соленоид клапаны
ачылып/жабылып жатат.
Курулдоо: муз кертимдери муз кертим
идишине түшүп жатат.
Эске алыңыз: шайман эки көз карандысыз
компрессордон кубат алат. Ошондуктан эки
компрессордун бирөөнү дайыма иштетип туруу
- кадыресе көрүнүш.
Муз кертигинин идишине бөтөлкө же
тамакты бат суутканга койбоңуз. Муз
жасагыч бөгөлүп калып, зыянга учурашы
мүмкүн.