Instruction for Use

23
Суу чыпкасы
Суу чыпкасы муз кертимдерин жасаганга бийик
сапаттуу суу даярдайт. Ал эң көп дегенде алты
айга 3000 литрге чейин суу чыпкалайт.
Так ушундай моделдерде көзөмөл панелинин
үстүңкү оң жагында чыпканын колдонулуу
статусуна көз салса болот: чыпка жаңы эле
бүткүл аймак жарык кылынат; ак жарык
кылынган аймак чыпканын мүмкүнчүлүгү
20%дан аз деп көрсөтөт. Чыпканын мөөнөтү
дээрлик бүтүп калганда, дисплейге “Чыпка
картрижин алмаштырыңыз” деп жазылат.
Чыпканы алмаштыруу
Чыпка муздаткыч бөлүмүнүн ичинде, үстүңкү
айнек панелдин артында жайгашкан. Чыпканы
алмаштырардан мурда Муз жасагыч топчусун
басып, Муз жасагычты өчүрүш керек. Андан
соң Менүгө кирип, “Кол менен тазалоо”
функциясын коюңуз. Тазалоо циклинин аягында
сууну муз табагынан агызып, аны сүрүп
кургатыңыз.
Үстүңкү айнек панелин ачып, чыпка картижин
корпусунан ажыраганча сааттын жүрүшүнө
каршы чейрек бурулушка айлантыңыз. Бир аз
суу чыгышы - кадыресе эле иш. Жаңы
картриждин капкагын чыгарып, ал ордуна
бекигенче сааттын жүрүшү боюнча чейрек
бурулушка айлантып корпуска киргизиңиз.
Жарык кылуу
Ичин оптималдуу жарык кылыш үчүн LED
тилимдери муздаткыч бөлүмүн үстүнөн жарык
кылып, LED жарык топтомдору муздаткыч
бөлүмүнүн, Динамикалык суурмаларынын
жана тоңдургуч суурманын түрдүү аймактарын
түз жарык кылат.
Жарык кылуу системи жакшы иштебей жана/же
бузулуп калса, оңдоону ишбилги Кызмат
техниги гана аткарышы керек.