Instruction for Use

5
Ылайык келүү декларациясы
Бул шайман тамак сактоого арналган жана (CE) №1935/2004 Регламентине ылайык өндүрүлгөн.
Бул шайман буларга ылайык долбоорлонгон, өндүрүлгөн жана базарга чыгарылган:
- 2006/95/CE “Төмөнкү Чыңалуу” Директивасынын коопсуздук максаттары (73/23/CEE жана анын
кийинки өзгөртүүлөрүнүн ордуна);
- “EMC” 2004/108/EC Директивасынын коргоо талаптары.
Шаймандын электр коопсуздугун ал жактырылган жердетүү системине туура туташтырылган болсо
гана кепилдесе болот.
Чөйрөнү коргоо
Санитардык иштетүү боюнча нускамаларды аткарбоо куюлган суунун гигиеналык коопсуздугуна
залал келтириши мүмкүн.
Шайманды биринчи жолу уруна баштаганда жана чыпканы алмаштырган сайын биринчи 6-7
мүнөт куйууга барабар (сөзсүз эле удаа эмес, бирок биринчи ичерден мурда) 9-14 литр сууну жана
алгачкы 24 саатта жасалган музду жараксыз кылыңыз.
Суу диспенсери 4/5 күндөн ашык колдонулбай турган болсо, айлампаны тазалап, алгачкы бир
литр сууну агызып салууга кеңеш берилет.
Колуңузду гигиеналык таза кылып туруп чыгарылма суу диспенсерин (эгер болсо) жылдырыңыз.
Муз чакасын же суурмасын ичүүчү суу гана колдонуп такай тазалап туруңуз.
Көзөмөл панелинде көрсөтүлсө же муз/суу диспенсери 30 күндөн ашык колдонулбаса, чыпканы
алмаштырыш керек.
Чыпканы алмаштырган сайын муз жана/же суу таратуу системин материалдардын
мүнөздөмөлөрүн өзгөртпөгөн, тамакка ылайыктуу дезинфектор (натрий гипохлорити бар) менен
иштетиңиз же Сатуудан кийинки кызматтан алса болгон “Санитардык курамды” колдонуңуз.
Колдонордон мурун кеминде 2 литр суу менен чайкаңыз.
Муз жана суу диспенсериндеги компоненттерди алмаштырганда өндүрүүчү тапшырган түпнуска
тетиктерди гана колдонуу керек.
Шаймандагы кайсы болбосун иш ишбилги техник же Сатуудан кийинки кызмат тарабынан
аткарылышы керек.
Муз жана/же суу диспенсерин (эгер болсо) тазалоо, санитардык
иштетүү жана тейлөө