Instruction for Use

21
Шараптын убакыт өткөн сайын жакшырышы жана анын узактыгы адатта ал түрдүн мүнөзүнө жана
тибине көз каранды.
Кийинки жадыбал түрдүү типтердин шайманыңыз сунуштаган ойдогудай шарттарда сакталышынын
жана көөнөрүшүнүн эң мыкты убактысын көрсөтөт. Ошентсе да, өзгөчө кылдат шараптар үчүн,
шарап ачыткычтын нускамаларын так аткарышыңыз керек.
Шараптарды көпкө сактоо - Сактоо убактысы
ШАРАПТЫН ТИБИ
САКТОО
ТЕМПЕРАТУРАСЫ
САКТОО УБАКТЫСЫ
Жаңы шараптар (Vin Nouveau) 12° - 14 °C 6-12 ай
Таттуу көбүргөн шараптар 8° - 10 °C 1 жыл
Кызгылт 10° - 14 °C 1 жыл
Чала көбүргөн шараптар 10° - 12 °C 1 - 2 жыл
Кадыресе ак шараптар 10° - 14 °C 1 - 2 жыл
Ачык кызыл шараптар 12° - 14 °C 2 жыл
Кургак көбүргөн шараптар 8° - 10 °C 2 жыл
Классикалык көбүргөн шараптар 8° - 10 °C 3 - 4 жыл
Barrique жана Vigorous ак шараптары 8° - 12 °C 3 - 5 жыл
Кадыресе кызыл шараптар 14° - 16 °C 3 - 5 жыл
Barrique жана Vigorous кызыл шараптары 14° - 18 °C 7 - 10 жыл
Саман шараптары же Ликёрлук шараптар 16° - 18 °C 10 - 15 жыл
Шараптарды көпкө сактоо - Ичиле турган температурасы
Жалпы эреже катары ак шараптар 10 жана 12° C
(50 жана 53,6°F) ортосундагы температурада, ал
эми кызыл шараптар 12 жана 14° C (53,6 жана
57,2°F) ортосундагы температурада элге
тартылышы керек.
Ошентсе да, айрым шараптарды андан
бийигирээк же азыраак температурада даамдоо
жакшыраак.
Жайында шарап жалпысынан кышкыга
караганда төмөнүрөөк температураларда ыракат
тартуулаарын эске алыш керек.
Ошондой эле буларды да ойлонуңуз:
Ак шараптар
Ак шараптар демейде бийик температураларда
элге тартылбайт, себеби жалпысынан алардын
кызыл шараптарга караганда кычкылы көбүрөөк
жана танини азыраак. Ошондуктан алар төмөн
температураларда көбүрөөк жагат.
Бул шараптарды 10° C жана 14° C (50°F жана
57,2°F) ортосунда элге тарткан оң. Жаш, сергек
жана жыпар жыттуу шараптарды да 10° C (50°F)
болгондо, ал эми анча жыттуу эместерин 12° C
(53,6°F) менен тартса болот.
12° C жана 14° C (53,6°F жана 57,2°F)
ортосундагы температуралар - бир нече жыл
бөтөлкөдө көөнөргөн жумшак, бышкан ак
шараптар үчүн.
Бийигирээк температураларда бул шараптын
жагымдуу жана эңселген мүнөздөмөлөрү деп
эсептелген кычкылдыктын жана даам-жыттын
эсебинен шараптын таттуу мүнөзүнүн
көтөрүлүшүнө шарт түзүлөт.
Кызгылт
Кызгылт шарап ак шараптары кайсы
температурада тартылса, ошол эле температурада
тартылат. Бул шараптардын курамында белгилүү
бир өлчөмдө танин болорун жана ошондуктан
бийигирээк температураларда жакшыраак экенин
эске алыш керек. Ошондуктан алар жаш жана
сергек болсо 10° C жана 12° C (50°F жана 53,6°F)
ортосунда, ал эми күчтүү жана бышкан болсо 12°
C жана 14° C (53,6°F жана 57,2°F) ортосунда
тартылышы керек.