Instruction for Use

12
Түрдүү талаптар үчүн температураны кантип ылайыктайт
Ар бир модель фабрикадан чыгарда кылдаттык
менен текшерилген жана жогорку
өндүрүмдүүлүктү жана аз сарптоону камсыз
кылгандай болуп ылайыкталган.
Адатта баптоолорду өзгөртүүнүн кереги жок.
Бирок ошентсе да, атайын муктаждыктарга карата
коюлган температураларды мындайча өзгөртсө
болот:
Муздаткыч бөлүмү
+2°C - +8°C (35,6°F - 46,4°F) болгондо,
сунушталган алдын ала температура - +5°C (41°F).
Температураны ылайыктаганга Өйдө/Ылдый
топчуларын колдонуңуз.
Бул топчуларга тийгенде жаңы коюлган
температура дисплейге чыгат. Бул температураны
өзгөртүү үчүн каалаган температурага жеткенче
топчуларды басыңыз.
Динамикалык бөлүм
-2°C - +2°C (28,4°F - 35,6°F) болгондо,
сунушталган алдын ала температура - 0°C (32°F).
Температураны ылайыктаганга Өйдө/Ылдый
топчуларын колдонуңуз.
Бул топчуларга тийгенде жаңы коюлган
температура дисплейге чыгат. Бул температураны
өзгөртүү үчүн каалаган температурага жеткенче
топчуларды басыңыз.
Тоңдургуч бөлүмү (Көп температуралык)
-15°C - -22°C (5°F - -7,6°F) болгондо, сунушталган
алдын ала температура -18°C (0°F) деп коюлган.
Температураны ылайыктаганга Өйдө/Ылдый
топчуларын колдонуңуз.
Бул топчуларга тийгенде жаңы коюлган
температура дисплейге чыгат. Бул температураны
өзгөртүү үчүн каалаган температурага жеткенче
топчуларды басыңыз.
Бөлүм муздаткыч же Fresco бөлүмү (TriMode
функциясы) катары иштетилсе, сунуштаган жана
алдын ала коюлган температуралар тиешелүү
бөлүмдөр үчүн көрсөтүлгөн температураларга дал
келет.
Эшиктерди бат-бат ачкандан, бөлмө
температурасындагы тамак салгандан же чоң
өлчөмдөгү тамак салгандан кийин көрсөтүлгөн
температура коюлган температурадан бир аз
айырмаланышы мүмкүн.
Тандалган температурага жеткенге 6 - 12 саат
керек.
Муз жасагычты жандандыруу
Башкы көзөмөл панелиндеги Муз жасагыч
топчусу автоматтык муз жасагычты
жандандырууга мүмкүндүк берет.
Муз жасагыч иштеп жатканда топчу жарык
кылынат.
Муз жасагычты биринчи жолу жандандырардан
мурда гидравликалык айлампаны алдын-ала
жууш керек. Бул үчүн Кирүү жана Муз
жасагыч топчуларына бир убакта тийиңиз.
Бир нече мүнөттөн кийин Муз жасагычты
жандандырса болот.
Шайман суу тармагына туташтырылбаса,
Муз жасагычты жандандырбаңыз.
Бириктирилген көзөмөл системи дисплейде көрсөтүлгөн жарыктандырылган сигналдар же текст
билдирүүлөрү аркылуу маалымат берет.
Маалымат сигналы дайыма туруктуу текст билдирүүсү менен көрсөтүлүп, ал эми жакшы иштебөө
сигналы күйүп-өчкөн текст менен берилет.
Айрым жакшы иштебөө сигналдарын коштогон үн сигналы башкы көзөмөл панелиндеги Айгай
топчусун басса өчөт.
Жакшы иштебөө сигналдарынын тизмеси бул жетектин артында жайгашкан.
Дисплейдеги маалымат жана жакшы иштебөө билдирүүлөрү