Instruction for Use

14
КАМ КӨРҮҮ ЖАНА ТЕЙЛӨӨ
ИДИШ ЖУУГУЧ МАШИНАНЫ ТАЗАЛОО
Шаймандын ичиндеги тактарды суу же уксус менен
нымдалган чүпөрөк менен кетирүүгө болот.
Машинанын тышкы бетин жана көзөмөлдөө
панелин суу менен нымдалган, кырбаган чүпөрөк
менен тазалоого болот. Эриткичтерди же
абразивдүү өнүмдөрүн колдонбоңуз.
ЖАГЫМСЫЗ ЖЫТТАРДЫН АЛДЫН АЛУУ
Машинанын ичинде нымдуулуктун пайда болуусун жана ичинде
калып калуусун болтурбоо үчүн, ар дайым эшигин бир аз ачык
калтырыңыз.
Эшиктин тегерегиндеги төшөмөнү жана жуучу каражаты салынуучу
бөлүштүргүчтү ным губка менен регулярдуу түрдө тазалап туруңуз.
Бул жагымсыз жыттардын пайда болушунун эн негизги себеби
болгон, тамактардын төшөмөлөргө тыгылып калуусун алдын алат.
СУУ КАМСЫЗДООЧУ ШЛАНГДЫ ТЕКШЕРҮҮ
Кирүүчү шлангдын морттугун жана тешилбегендигин регулярдуу
түрдө текшерип туруңуз. Эгерде зыян келтирилген болсо, аны
биздин Сатуудан кийинки кепилдик кызматыбыз же адист
дилериңиз аркылуу жаңы шлангга алмаштырып алыңыз. Шлангдын
түрүнө жараша:
Эгерде ички түтүкчөнүн каптоосу ачык түстө болсо, анын белгилүү
бир жеринде түстүн уюп калуусун маал-маалы менен текшерип
туруңуз. Эгерде ошондой боло турган болсо, шланг тешилген
болушу мүмкүн жана аны алмаштыруу зарыл.
Суу токтотуучу шлангдарга: Кичинекей коопсуздук клапанынын
текшерүү терезесин текшериңиз(жебени караңыз). Эгерде ал
кызыл болсо, сууну токтотуу функциясы иштетилген, жана шлангды
жаңысына алмаштыруу керек.
Бул шлангды бурап чыгаруу үчүн, аны бурап жатканда, коё берүү
баскычын басыңыз.
СУУ КИРҮҮЧҮ ШЛАНГДЫ ТАЗАЛОО
Эгерде суу кирүүчү шлангдар жаңы, же узак убакытка
колдонулбаган болсо, анда керектүү туташтырууларды жасоодон
мурда, cуунун тунуктугун жана ыпыр-сыпыры жок экендигин
текшерүүгө, аны агызыңыз. Эгерде сактык чаралары аткарылбаса,
суу келүүчү ийкем түтүк тосмолонушу жана ал идиш жуугуч
машинаны бузушу мүмкүн.
ЧЫПКА ТОПТОМУН ТАЗАЛОО
Чыпкалар толуп калбоосу жана агын суулар туура агып кетүүсү
үчүн чыпка топтомун дайыма жууп туруңуз.
Чыпка топтому, тамак калдыктарын жууй турган суудан алып
салуучу үч чыпкадан турат жана сууну кайра айлантат: жуунун
мыкты натыйжасын алуу үчүн, сиз аларды таза кармооңуз зарыл.
Идиш жуугуч машина, чыпкасыз же эгер чыпка бош болсо
колдонулбашы керек.
Бир нече жуугандан кийин, чыпка топтомун текшериңиз жана
эгерде зарылчылык болсо, аны агып жаткан сууда, металл эмес
щетканы колдонуп төмөндө нускаманы аткаруу менен тазалаңыз:
1. 1. Цилиндр чыпкасын A саат жебесинин багытына каршы
бураңыз жана аны алып чыгарыңыз.(1 сүр).
2. Каптал жапкычтарына бир аз басым көрсөтүү менен чыпка
чынысынB алып салыңыз.(2 сүр).
3. Дат баспас табак C чыпкасын жылдырыңыз(3 сүр.).
4. Тоскучту текшериңиз жана тамак калдыктарын алып
салыңыз. Жуу айлампасынын насос коргоосун (кара тетик)
ЭЧ КАЧАН АЛЫП салбаңыз(4 сүр.).
A
A
B
C
12
34
Чыпкаларды тазалагандан кийин, чыпка топтомун кайра
жайгаштырыңыз жана аны абалына туура бекитиңиз; идиш
жуугуч машинанын эффективдүү иштөөсүн сактоо үчүн бул
маанилүү.
ЧАЧЫРАТКЫЧТАРДЫ ТАЗАЛОО
Тамак калдыктары
чачыраткычтарда катып, сууну
чачыратуучу көзөнөктөрүн
бөгөттөп калган учурларда.
Ошондуктан, сизге
чачыраткычтарды кээде
текшерип туруу жана аларды
металл эмес щетка менен
тазалоо сунуш кылынат.
Үстүңкү чачыраткычтарды
алып салуу үчүн, пластмасса
бекиткич жүзүктү саат
жебесинин багытына каршы бураңыз. Үстүңкү чачыраткыч
көп көзөнөктүү капталы жогору карагандай кылып кайра
жайгаштырылышы керек.
Төмөнкү чачыраткыч жогору
тартуу аркылуу алып
чыгарылат.
КӨҢҮЛ БУРГУЛА! Ар дайым, машинаны тазалап жатканда же тейлөө иштерин жүргүзүп жатканда, шайманды розеткадан
ажыратыңыз. Машинаны тазалоо үчүн үйүүчү каражаттарды колдонбоңуз.