Instruction for Use

8
- Шайман жердетилиш керек.
- Шкафта орнотулган шайманды электр камсыздоого
туташтуруу үчүн электр кабельдин узундугу жетиштүү
болуш керек.
- Орнотуу учурдагы коопсуздук эрежелерге ылайык болуш
үчүн 3 мм минималдык аралыгы бар көп полюстук өчүргүч
талап кылынат.
- Узартуу кабельдерди же көп вилкалуу розеткаларды
колдонбогула.
- Шаймандын электр кабелин тартпагыла.
- Электрдик бөлүктөр орнотуудан кийин колдонуучуга
жеткиликтүү болбошу керек.
- Шайман жалан гана ич жакта тамак-аш жасоого иштелип
чыгарылган.
- Мындан башкача колдонууга уруксат берилбейт (мисалы:
бѳлмѳлѳрдү жылытууга). Туура эмес колдонуу же болбосо
туура эмес жөнгө салуу үчүн өндүрүүчү кандай болбосун
жоопкерчиликтен баш тартат.
- Шайман жана анын жеткиликтүү бөлүктөрү колдонуу
учурунда ысыйт. Ысыган элементтерге тийбөө үчүн сактык
сакталышы керек. Ѳтѳ жаш (0дѳн 3 жашка чейин) жана жаш
балдар (3тѳн 8 жашка чейин) кѳзѳмѳл астында болбогон
учурда, шаймандан алыс болушу керек.
- 8 жаштагы жана бул жаштан ѳйдѳ балдар жана физикалык,
сезгич же акыл жѳндѳмдүүлүгү чектелген же тажрыйбасы
жана билими жетишпеген адамдар бул шайманды кѳзѳмѳл
астында же коопсуздук нускамалар берилгенде гана
колдоно алышат жана коркунуч келерин түшүнүшү керек.
Балдар шайман менен ойнобошу зарыл. Кѳзѳмѳл жок
балдар тарабынан тазалоо же колдонуучуларды тейлѳѳ
жүргүзүлбѳшү керек.
- Колдонуу жана колдонуп бүткөндөн кийин шаймандын
ысытуучу элементтерин тийбеш керек. Бардык
компоненттер муздаганга чейин, шайман менен кийим же
тез от алуучу материалдардын байланышын болтурбаңыз.
- Тез тутануучу буюмдарды шаймандын үстүнө же болбосо
жанына койбош керек.