KG KG Колдонуу нускамалары
Бул нускамалар биздин вебсайтта деле жеткиликтүү: docs.kitchenaid.
Өнүмдүн сүрөттөлүшү жана белгилер 1. 2. 3. 4. 5. 6. 7. 8. 9.
Конфорканы колдонуу боюнча пайдалуу кенештер Сиздин конфоркадан эң жакшы натыйжа алыш үчүн бул нускамаларды окуңуз. - Күйгүзгүч диаметрине окшош идишти колдонгула (бул барактагы таблицаны көргүлө) - Вок колдоодон башка түбү жалпак идиштерди колдонгула. - Бышыруу убагында өтө ашыкча сууну колдонбогула жана кастрюляны ар дайым капкак менен жапкыла. - Идиштер толугу менен колдоолор менен кармалып турганын жана четтери колдоодон чыкпаганын текшергиле.
Конфорканын жана капкактын же кабинеттин ортосундагы аралык (мм) Эгерде капкагы конфорканын үстүнө орнотулса, капкакты орнотуу нускамаларын окуп туура конфорканын үстүндөгү аралыкты сактагыла. Эскертүү: Эгерде дубал шкафтардагы менен "A" аралыгы 600 мм жана 730 мм ди түзсө, "B" бийиктиги жок дегенде 530 мм болуш керек. Эгерде дубал шкафтардагы "A" аралыгы конфорканын туурасынан ашатурган болсо, "B" бийиктиги жок дегенде 400 мм түзүш керек.
Сактык чаралар жана сунуштар Конфоркадан эң мыкты натыйжаны алууга, бул нускамаларды кунт коюп окугула жана келечектеги кайрылууга сактап койгула. • Бул нускамалар жалан конфорканын маалымат тактачасында көрсөтүлгөн жеткирүү белгиси бар өлкөлөргө гана караштуу. • Таңгактоо, пластик баштыктар, кеңейтилген пеноуретан сыяктуулар, балдарга потенциалдуу коркунучту жаратат жана алар жоопкерчилик менен жок кылыныш керек.
Айлана чөйрөнү коргоо Таңгактоо Таӊгакталган материалдар кайра иштетүүлүүчү болуп саналат жана кайра иштетүү белгиси менен белгиленет . Бардык таңгактоо материалдарды жоопкерчилик менен жок кылгыла. Өнүм Бул жабдуу 2012/19/EU Еврокомиссиянын иштен чыккан электрдик жана электрондук жабдууларды иштетүү (ИЭЭЖИ) кѳрсѳтмѳсүнѳ ылайык белгиленди. Өңумдү туура жок кылуу менен колдонуучу айлана-чөйрөгө терс таасирин жана адамдардын ден соолугун сактоого салым кошот.
Орнотуу Орнотуучууга арналган техникалык маалымат • 20-40 мм калыңдыгы бар иштөө бетине бул шайманды орнотсо болот. • Эгерде меш конфорканын астында орнотулбаса, конфорканын астында панельди орнотуш керек ал ага зыян келбешин алдын алат жана шкафтын ичиндеги нерселерди коргойт. Бул панель конфорканын бардык астынкы жагын жабыш керек жана ал жок дегенде конфорканын астынкы жагынан 20 мм аралыкта жайгаштырылыш керек жана ал иштөө бетинен 150 мм ден ашпашы керек.
Электр туташуусу Электр туташтыруулар жергиликтүү эрежелерге ылайык болуш керек жана тиешелүү квалификациясы бар адис тарабынан жүргүзүлүш керек. • Маалымат тактачасында вольтаж жана энергияны сарптоо боюнча маалымат берилген. • Шайман жердетилиш керек. • Шайманды орноштуруп жатканда, биз 3 мм ачылатурган бардык полюсту өчүрүү тутумун орноштурууну сунуштайбыз. • Эгерде ал бузулган болсо, электр камсыздоо кабели ага окшош кабель менен алмаштырылышы керек (H05V2V2-FT90 ºC же H05RR-F).
Башка газ камсыздоо түрүнө өтүү Маалымат тактасында жана конфорканын артындагы кызыл этикеткасында көрсөтүлгөн газдын башка түрүн колдонсоңор, сиз инжекторлорду алмаштышыңыз керек жана вок күйгүзгүчтүн негизги абасын жөндөшүңүз керек (6 барактагы инжектор таблицасын карыңыз). Кызыл этикетканы алып салып керек жана колдонмо менен бирге кармаш керек.
Вок күйгүзгүчтөгү инжекторлорду алмаштыруу Атайын күйгүзгүзгүчтөгү инжекторлорду алмаштыруу: 1. (A) күйгүзгүч шакекти алып салгыла. 2. 7 мм алты грандуу ачкычты колдонуп (B) инжекторду бурап чыгаргыла. 3. Инжекторлорду алмаштыргыла. 4. Күйгүзгүчтүн шакегин кайра ордуна салгыла. A Эскертүү: Төмөнкүлөрдү ырастаңыз: 1. (А) күйгүзгүч шакеги алмаштыруудан кийин туура коюлганын.
Тазалоо жана кармоо Тазалоо жана/же тейлөө иштерин жүргүзүүдөн мурда конфорканы электр камсыздоодон ажыраткыла жана ал муздаганга чейин күткүлө. Конфорканы эң мыкты абалда кармоого, ар бир колдонуудан кийин тамак аш калдыктарын тазалап тургула. - Көпкө созулган убакытка конфоркага кычкыл же щелочь нерселерди, уксус, горчица, туз же лимон ширеси сыяктуу, тийгизбегиле. - Ар кандай тогүлгөн нерселерди (суу, соус, кофе жана башкалар) дароо эле сүрүп салуу сунушталат.
Бузулгандыктарды жоюу кондонмосу 3. Термо элементтин аягы таза. Эгерде конфорка туура эмес иштеп жатса, бул колдонмону биздин Кардарларды тейлөө борборуна кайрылардан мурда окуп чыккыла. Көйгөй: Идиштер туруктуу эмес. Текшериңиз: 1. Идиштин түбү толугу менен жапыс экенин. 2. Идиш күйгүзгүчтүн так ортосунда турат. 3. Идиштин колдоолору туура коюлган жана бардык резина кармагычтар коюлган. Көйгөй: Күйгүзгүч тутанбай атат же жалын туруксуз болуп жатат. Текшериңиз: 1.
Виерлпул Юроп с.р.л. - Socio Unico Viale G. Borghi, 27 – 21025 Comerio (VA) Телефон +39 0332 759111 – Факс +39 0332 759268 www.whirlpool.