Колдонуу нускамалары
Коопсуздук нускамалары Айлана чөйрөнү коргоо Ичине куруп орнотуу Өнүмдүн сүрөттөлүшү Күйгүзүү жана алдын ала ысытуу Шайманды биринчи жолу колдонуу Кофе кайнатуу (кофе дандарынан) Мурда майдаланган кофеден эспрессо кайнатуу (кофе дандарынан эмес) Кофе тегирменин ылайыктоо Чыныдагы кофенин өлчөмүн өзгөртүү Капучино кайнатуу Ысык суунун агызылышы Менү параметрлерин өзгөртүү жана койуу Капучино үчүн сүт менен кофенин өлчөмүн өзгөртүү Тазалоо жана тейлөө Шайманды өчүрүү Дисплейдеги билдирүүлөр Көйгөй чечүү Техни
Коопсуздук нускамалары Окууга жана кѳңүл бурууга маанилүү Шайманды колдонордон мурда бул коопсуздук нускамаларын окуңуз. Аларды келээрки керек болгонго чейин сактап коюңуз. Ошондой эле бул нускамалар docs.kitchenaid.eu сайтында жеткиликтүү Бардык убакытта сактоо үчүн бул нускамалар менен шаймандын ѳзү маанилүү коопсуздук эскертүүлѳрдү камсыз кылат. Шайман туура эмес колдонгон же туура эмес жѳнгѳ салынган болсо, ѳндүрүүчү бул коопсуздук нускамаларын колдонуу жѳндѳмсүздүгү боюнча жоопкерчиликти четке кагат.
Бул шайман үй тиричиликте колдонууга гана арналган. Шайман үйдүн ичинде жана ушул сыяктуу тѳмѳнкүлѳргѳ колдонууга жасалган эмес: дүкөндөрдүн, кеңселердин жана башка жумуш чөйрөлөрдүн ичинде кызматкерлерге арналган ашкана аймактарында; чарба үйлөрүндө; кардарлар аркылуу мейманкаларда, мотельдерде жана башка турак жай чөйрөлөрүндө. Бул шайман, профессионалдык колдонууга эмес. Шайманды сыртта колдонбоңуз. Тез күйүүчү же тез өрттөнүүчү суюктуктарды (мис.
Алына турган кабели бар шаймандар: шаймандын артындагы кубаттуулук кабель коннекторуна же розеткага суу тийүүсүн алдын алдыга. ЭСКЕРТҮҮ: Коннекторго жана сайгычка кандайдыр бир суюктукту төгүүдөн алдын алгыла. Тазалоо жана кармоо ЭТИЯТ БОЛУҢУЗ: Тазалоо же тейлөө иш-аракеттерин аткаруудан мурун, шаймандын өчүрүлгөнүн жана электр туташуусунан ажыратылганын тактаңыз - токко урунуу коркунучу бар. Эч качан буу менен тазалоо жабдуусу колдонулбашы керек Шайманды эч качан сууга салбаңыз.
Ичине куруп орнотуу Шайманды туура орнотууга талап кылынган минималдуу ченемдерди текшериңиз. Кофе шайманы мамы бөлүгүнө орнотулушу керек, ал өз кезегинде сатып алынган кыпчуурлар менен тамга жакшы бекитилген болушу зарыл. Көңүл буруңуз: • Кандай болбосун орнотуу иштерин же тейлөө аткарардын алдында шайманды тармактан ажыратыңыз. • Шайманга тийип турган ашкана түзмөктөрү ысыкка чыдамдуу болушу керек (мин. 65°C).
Кубат жеткирүү кабелин берилген үзүндү менен бекитиңиз. Кубат жеткирүү кабели кофе данынын идишин толтурууга шайманды корпусунан чыгарганга жеткендей узун болушу керек. Эрежелер шайманды жердетүүнү талап кылат. Электр туташуусун өндүрүүчүнүн нускамаларына ылайык ишбилги электрик аткарышы керек. x1 Берилген бурамалар менен бекитерден мурда ийнелери өз орундарына туура келгенин текшерүү менен шайманды жылдыргычтарга жайгаштырыңыз.
Өнүмдүн сүрөттөлүшү Шайман Көзөмөл панели A1 Көңүл буруңуз: тийип көзөмөлдөө топчулары манжа менен эң акырын тийгенде эле жандандырылат. 10-беттеги A сүрөтүн көрүңүз.
A B C 10
Шайманды биринчи жолу колдонуу • Шайманды фабрикадан текшерүү үчүн кофе колдонулгандыктан, тегирменде кофе издери болушу - кадыресе эле иш. • Суунун катуулугун мүмкүн болушунча батыраак ылайыкташтырыңыз, мында Суунун катуулугун баптоо деген абзацтагы нускамаларды аткарыңыз. 1. Шайманды тармак менен кубат жеткирүүгө туташтырып, негизги которгучту (A23) I абалына коюңуз. 2. Шайман түрдүү тилдерде “бакты толтур” деп жазат. Суу багын (4-сүр.) чыгарып алып, чайкап, MAX сызыгынан өткөрбөй таза суу толтуруңуз.
Кофе кайнатуу (кофе дандарынан) 1. Шайман стандарт даамдуу кофе жасаганга фабрикада бапталган. Сиз мурда тартылган кофе колдонуу опциясы менен кийинки даамдары бар кофе тандай аласыз: экстра жумшак, жумшак, стандарт, күчтүү же экстра күчтүү. Каалаган даамды тандоо үчүн (B3) топчусун (Сүрөт 8) талап кылынган даам көрсөтүлгөнчө кайра-кайра басыңыз. 2. 1 чыны кофе жасагыңыз келсе, кофе чорголорунун астына 1 чыны (Сүрөт 9) же 2 кофе алыш үчүн 2 чыны (Сүрөт 9) коюңуз.
Чыныдагы кофенин өлчөмүн өзгөртүү Шайман кийинки өлчөмдөгү кофе даярдоого фабрикада автоматтык түрдө бапталган: • Эспрессо, • Кичине чыны, • Орточо чыны, • Чоң чыны, • Жан аяк. Бул өлчөмдөрдү өзгөртүү жана өзүңүз каалаган кофе өлчөмүн койуу, мисалы, эспрессонун өлчөмүн өзгөртүү үчүн буларды кылыңыз: • ЭСПРЕССО деп дисплейге чыкканча (B4) топчусун кайра-кайра басыңыз. • (B8) топчусун дисплейге ӨЛЧӨМДҮ ПРОГРАММАЛОО деген билдирүү чыкмайынча басып туруңуз. Анын ортосунда шайман кофе куят.
Көңүл буруңуз: • Шайман өчүп турганда эч качан мурда майдаланган кофе кошпоңуз, себеби анда ичине чачылып кетиши мүмкүн. • Эч качан 1 күрөкчөдөн ашык кошпоңуз, антпесе шайман кофе даярдабайт. • Берилген күрөкчөнү гана урунуңуз. • Эспрессо кофе шаймандары үчүн мурда майдаланган кофе гана колдонуңуз.
Көңүл буруңуз: (B10) топчусун басуу менен көбүртө аралаштырылган • Капучино кайнатып жатканда сүт же кофенин агызылышын токтотсоңуз болот. • Сүт көбүрткүчтү ар дайым гигиеналык тазалыкта кармоо үчүн капучино кайнаткандан кийин дайыма сүт идишинин капкагынын ички түтүктөрүн тазалаңыз. Дисплейге ТАЗАЛОО ТОПЧУСУН бАС деп жазылат: - сүт чоргосунун астына идиш коюңуз (Сүрөт 25); - сүт идишинин капкагындагы ТАЗАЛА топчусун (C3) жок дегенде 8 секунд басып туруңуз, (Сүрөт 25) тазалана баштайт. Дисплейге ТАЗАЛОО...
Тилди койуу Дисплей тилин өзгөртүү үчүн буларды кылыңыз: • МЕНҮ топчусун (B2) басып менүгө барыңыз да, ТИЛ тандоо үчүн (B5) жана (B6) топчуларын басыңыз . • (B7) дегенди басыңыз. • Талап кылынган тил дисплейге чыкмайынча (B5) жана (B6) топчуларын басыңыз. • Ырастоо үчүн (B7) дегенди басыңыз. • Менүдөн чыгуу үчүн МЕНҮ топчусун (B2) басыңыз. Чайкоо Бул функция ысыгыраак кофе алганга колдонулат.
Суунун катуулугун баптоо Кааласаңыз, кеберин кетирүү циклдеринин ортосундагы аралыкты көбөйтсө болот, анда кеберин кетирүү чанда жана колдонулган суунун чыныгы кальций камтышына ылайык аткарылат. Аны мындай кылыңыз: • “Жалпы катуулукту текшерүү” суу катуулугунун тилкесин анын таңгагынан (2-бетке тагылган) чыгарып, бир нече секундга сууга толук малыңыз. Андан соң аны чыгарып, 30 секунддай (ал өңүн өзгөртүп, тилкеде кызыл чарчылар пайда болгончо) күтүңүз.
• (B7) басылганда, дисплейге мындай жазылат: ЫРАСТООГО ОКЕЙДИ бАСЫҢЫЗ. • Фабрика баптоолорун калыбына келтириш үчүн (B7) басыңыз. Энергия үнөмдөө • Баптоо менүсүнө киргенге (B2) айконун басыңыз. • (B5) жана (B6) айкондорун дисплейге ЭНЕРГИЯ ҮНӨМДӨӨ деп жазылганча басыңыз. • айконун (B7) ИШТЕН ЧЫГАРАЛЫбЫ? деп жазылганча (же функция буга чейин иштен чыгарылса, ИШКЕ КИРГИЗЕЛИбИ?) деп жазылганча басыңыз. • Функцияны ишке киргизүү же иштен чыгарганга (B7) айконун же менүдөн чыкканга (B2) айконун басыңыз.
• Кофе чамасынын идишин жакшылап тазалаңыз. Көңүл буруңуз: Тамчы табагын чыгарып жатканда чама идишин бошотуу КЕРЕК. Тамчы табагын тазалоо Тамчы табагын бошотуп албаса, суу ашып кетиши мүмкүн. ЭСКЕРТҮҮ: Бул шайманга зыян келтириши мүмкүн. Тамчы табагынын кызыл калкыма түрүндөгү суу деңгээлинин көрсөткүчү бар (27-сүрөт). Чыны табагынан кызыл калкыма чыгып калгандан мурун тамчы табагын бошотуп, тазалаңыз. Тамчы табагын чыгарыш үчүн: 1. Тейлөө эшигин ачыңыз (Сүрөт 16). 2.
Көңүл буруңуз: Кайнатуу бөлүгүн киргизе албай жатсаңыз, киргизерде аны сүрөттө көрсөтүлгөндөй кылып үстүнөн да, астынан да күч менен басып туура өлчөмгө ылайыктаңыз. 7. Киргизгенден кийин эки кызыл топчу чык этип чыгып калганын текшериңиз. 8. Тамчы табагын жана кофе чамасынын идишин кайра коюңуз. 9. Тейлөө эшигин жабыңыз. Сүт идишин тазалоо Сүт даярдагандан кийин сүт идишинин ичиндеги ЭСКЕРТҮҮ: түтүктөрдү (C) сөзсүз тазалаңыз.
Дисплейдеги билдирүүлөр ДИСПЛЕЙДЕГИ БИЛДИРҮҮ бАКТЫ ТОЛТУР ! ӨТӨ МАЙДА ТАРТЫЛГАН ТЕГИРМЕНДИ ЫЛАЙЫКТА ! СУУ ЧОРГОСУН КИРГИЗИП, ОКЕЙДИ бАС. МҮМКҮН БОЛГОН СЕБЕБИ - Суу багы бош же туура эмес абалда. - Өтө майда тартылып калгандыктан, кофе өтө жай куюлат. ӨТӨ МАЙДА ТАРТЫЛГАН ТЕГИРМЕНДИ ЫЛАЙЫКТА ! (бул менен алмашып турат) ОКЕЙДИ бАС (жана андан соң) бАКТЫ ТОЛТУР ! - Агызылып жатканда бак чыгарылган. - Гидравликалык айлампанын ичинде аба бар.
Көйгөй чечүү Мүмкүн болгон жакшы иштебөөлөрдүн тизмеси мына. Көйгөйдү сүрөттөлгөндөй чечкенге болбосо, Сатуудан кийинки кызматка кайрылыңыз. КӨЙГӨЙ Кофе ысык эмес. Кофе жетишерлик каймактуу эмес. Кофе өтө жай же тамчылап агып жатат. Кофе өтө бат агып жатат. МҮМКҮН БОЛГОН СЕБЕБИ ЧЕЧИМ - Чынылар алдын ала ысытылган - Чыныларды ысык сууга чайкоо менен алдын ала эмес. ысытыңыз.
Техникалык берилмелер Чыңалуу 220-240 В~ 50/60 Гц макс.
Printed in Italy 10/17 400011124854 KY