Manual

КЫРГЫЗЧА ky
131
Араанын тиштери ысып кетишине жол
бербеңиз.
Пластик кесип жатканда анын ээрип
кетишине жол бербеңиз.
Кыймылдуу деталдардан жаракат
алуу жана кыпчытуу коркунучу!
Коргоочу каражаттарды орнотпостон бул
жабдууну иштетпеңиз.
Ар дайым кесүүчү дисктен коопсуз аралыкты
сактаңыз. Керек болсо материалды берүүгө
ылайыктуу шаймандарды колдонуңуз.
Иштеп жатканда кыймылдоочу деталдардан
коопсуз аралыкты сактаңыз.
Кесилген материалды ж.б. иш аймагынан
чыгаруудан мурун, кесүүчү диск толук
токтогуча күтө туруңуз.
Араалоо учурунда деталдар бекем бекитиле
турган өлчөмдөгү материалдарды гана
араалаңыз.
Материалды кармоо үчүн тарттыруучу
түзмөк же кыскыч колдонуңуз. Ошондо кол
менен кармаганга караганда, ишеничтүүрөөк
болот.
Инерция менен айланып жаткан кесүүчү
дискти капталынан кысуу аркылуу
токтотпоңуз.
Тууралоо, техникалык тейлөө же оңдоо
иштерин жүргүзүүдөн мурун электр
вилкасын розеткадан сууруңуз же чечилме
аккумулятор блогун чыгарып салыңыз.
Эгер шайман колдонулбай турса, электр
вилкасын розеткадан сууруп же чечилме
аккумулятор блогун чыгарып салыңыз.
Кыймылсыз турган кесүүчү шайман
да кесип кетүү коркунучун туудурат!
Кесүүчү шайманды алмаштырып жатканда
коргоочу мээлей кийиңиз.
Кесүүчү диск адамга эч кандай жаракат
келтирбегидей кылып сактаңыз.
Кесүүчү раманын тээп кетүү
коркунучу (кесүүчү диск материалга
илээшип калып, кесүүчү рама күтүүсүздөн
өйдө тээп кетет)!
Кесилип жаткан материалга ылайыктуу
кесүүчү дискти тандаңыз.
Тутканы бекем кармаңыз. Кесүүчү диск
материалга кирип бара жатканда тээп кетүү
коркунучу өтө жогору.
Жука материалдарды бир гана майда
тиштүү кесүү дисктери менен кесиңиз.
Ар дайым курчутулган кесүүчү дисктерди
гана колдонуңуз. Мокоп калган кесүүчү
дисктерди дароо алмаштырыңыз. Кесүүчү
дисктин мокок тиши материалдын үстүнө
тийгенде тээп кетүү коркунучу жогору.
Материалдын кыйшайышына жол бербеңиз.
Күмөндөнүп жатсаңыз, материалдан бөтөн
нерселердин (мисалы мыктардын же
шуруптардын) жоктугун текшериңиз.
Бир убакта бир нече материалды, анын
ичинде бир нече даанасы бир боого
боолонгонун кесүүгө кескин түрдө тыюу
салынат. Кесүүчү диск бир нерсени кокустан
кармап калганда кырсык орун алуу коркунучу
бар.
KGS менен гана...: Ойуктарды кесип
жатканда кесүүчү дискке капталынан басым
жасоодон алыс болуу керектиги жана
кысуучу шайманды колдонуу сунушталат.
Кармап калуу коркунучу!
Иштеп жатканда дене мүчөлөрүн же
кийимди айланып жаткан деталдар тартып
кетпешин көзөмөлдөңүз (галстук, мээлей,
жеңи узун кийим кийбеңиз; узун чачты чач
торчосуна жыйнап коюңуз).
Үстүндө/ичинде трос, шнур, лента, кабель,
зым же ушуга окшогон нерселер бар
материалдарды тилүүгө кескин түрдө тыюу
салынат.
Жеке коргоо каражаттарын жетиштүү
колдонбогондуктан келип чыккан
коркунуч!
Коргоочу кулак тыгындарын колдонуңуз.
Коргоочу көз айнекчен иштеңиз.
Чаңдан коргоочу респиратор колдонуңуз.
Атайын жумуш кийими менен иштеңиз.
Тайгаланбаган бут кийим кийиңиз.
Кесүүчү диск менен жана учтуу шайман
менен иштеп жатканда кол кап кийүү
эскертилет. Кесүүчү дисктерди кабына
салып ташыңыз.
Тактай чаңы толгондуктан келип
чыккан коркунуч!
Ар дайым чаң кетирүүчү түзмөк туташкан
абалда иштеңиз. Чаң кетирүүчү түзмөк 16.-
бөлүмдө көрсөтүлгөн параметрлерге дал
келүүсү зарыл.
Чаңдын чыгышын азайтуу:
Перфоратор менен иштөөдө пайда бөлгөн
бөлүкчөлөрдө рак, аллергиялык
реакцияларды, респиратордук ооруларды
туубаса деффекттерди жана
репродуктивдик функцияларды бузууну
алып келүүчү заттар болушу мүмкүн.
Мындай заттарга бир нече мисал: коргошун
(коргошун камтылган каптамада), тактайга
иштетилүүчү кошулмалар (хром
кислотасынын тузу, тактайды коргоочу
каражаттар), тактайдын кээ бир түрлөрү (дуб
же бук дарагынын чаңы).
Коркунучтун жогорулугу талап кылуучу же
башка жанындагы адамдар канчалык көп
кабыл болгонуна жараша болот.
Бөлүкчөлөрдү организмге киргизбегиле.
Мындай заттардын таасирин төмөндөтүү
үчүн жумушчу орунду аба алмаштыргыч
менен камсыздап, микроскопикалык
бөлүкчөлөрдү өткөрбөй турган
респираторлор сыяктуу тийиштүү коргоочу
жабдыктарды кийүү керек.
Материалдар, жумушчулар менен иштөө
боюнча, иштин түрү жана анын жайгашкан
жерин аныктоо боюнча белгиленген
эрежелерди сактагыла (мисалы, техникалык
коопсуздук, утилизация боюнча эрежелер).
Бөлүкчөлөр айлана боюнча тарабашы үчүн
аларды пайда болгон жеринен чогултуу
керек.
Комплект менен келген чаңды кармоочу
түзмөктү жана ылайыктуу чаң кетирүү
системасын колдонуңуз. Аны менен айлана-
чөйрөгө бөлүкчөлөр азыраак чаңдалат.
Чаңдын зыян таасирин төмөндөткүлө:
пайда болгон зыян бөлүкчөлөрдүн нугун
жана жабдыктардын чачылуучу газдарын
өзүңөргө, жаныңардагы адамдарга же
туруп калган чаңга багыттабагыла,
аба соргучту жана/же аба тазалагычтарды
колдонгула,
Иш орундары жакшы салкындалган,
жайдын ичиндеги абаны аба соргуч менен
тазалоо керек. Шыпыруу же аба менен
үйлөө чаңды кайра көтөрөт.
Коргоочу кийимди атайын чаң соргуч
менен тазалап же жууш керек. Үйлөбө,
чаппа жана щетка менен тазалаба.
Техникалык өзгөртүүлөрдөн же
өндүрүүчү текшербеген жана уруксат
бербеген деталдарды колдонуудан улам
келип чыккан коркунуч
Бул шайманды дал ушул нускамаларда
айтылгандай орнотуңуз.
Өндүрүүчү уруксат берген деталдарды гана
колдонуңуз. Тактап айтканда, төмөнкүлөрдү:
Кесүүчү дисктер (буйрутма үчүн коддорду
12. Аксессуарлар бөлүмүнөн караңыз).
Коргоочу каражаттар.
Кесүү сызыгынын дисплейи
Деталдарды өзгөртүп жасабаңыз.
Кесүүчү дискте көрсөтүлгөн айлануу
ылдамдыгы араада көрсөтүлгөн айлануу
ылдамдыгына барабар болуусун кылдат
текшерүү эскертилет.
Аспаптын кемчилигинен улам келип
чыккан коркунуч!
Ар жолу ишти баштоодон мурун аспапта
бузулуулар жоктугун текшериңиз: шайманды
колдонуп баштаганда коргоочу
каражаттардын, аксессуарлардын жана анча
маанисиз бузулуулары бар деталдардын
туура жана кынтыксыз иштеп жатканын
текшериңиз. Кыймылдуу деталдар эркин
иштеп, кыпчылбай турганын текшериңиз.
Бардык деталдарды туура орнотуп, алардын
кынтыксыз иштешине бардык шарттарды
түзүү керек.
Сынган же формасы өзгөргөн кесүүчү
дисктерди колдонбоңуз.
Ызы-чуудан улам келип чыккан
коркунуч!
Коргоочу кулак тыгындарын колдонуңуз.
Материалдын же анын бир
бөлүгүнүн бөгөттөлүшүнөн улам келип
чыккан коркунуч!
Бөгөттөлүп калса:
1. Аспапты өчүрүңүз,
2. Электр вилкасын розеткадан сууруңуз же
чечилме аккумулятор блогун чыгарып
салыңыз,
3. Коргоочу мээлей кийиңиз,
4. Ылайыктуу аспап менен бөгөттөөчү
нерсени чыгарып салыңыз.
4.2 Аккумуляторлуу аспап менен
иштеп жаткандагы техникалык
коопсуздук боюнча көрсөтмөлөр:
Ар бир тууралоо, тетигин алмаштыруу,
техникалык тейлөө же тазалоо алдында
аккумулятор блогун чыгарып салыңыз.
Аккумуляторго суу тийгизбегиле!
Аккумулятордук батареяны жылуулукка
жана отко жакындатпагыла!
Жакшы иштебеген же деформацияланган
батареяны колдонууга тыюу салынат!
Батареяны ачууга тыюу салынат!
Аккумулятордун контакттарын кармабагыла,
зымдардын биригишине жол бербегиле!
Жакшы иштебеген Li-Ion аккумулятору
бат күйүп кетүүчү суюктуктун агып
кетишине алып келет!
Аккумулятордон суюктук агып кеткенде
жана адамдын териси менен контакт
болгондо, жабыркаган теринин жерин
тезинен суу менен абдан жуу керек.
Аккумулятордун суюктугу көзгө кирген учурда,
көздү таза суу менен абдан жууп жана тезинен
медициналык жардамга кайрылгыла!
Иштебеген инструменттин батареясын алып
салгыла.
Литий-ион аккумуляторлорун транспорт
менен ташуу:
Ион литий кошулган аккумуляторлору коркунуч
жүктөрү тууралуу мыйзамдарынын
талаптарына туура келет (UN 3480 жана UN
3481). Литий-иондук аккумуляторлорду
жөнөтүүдө алар үчүн учурдагы транспорт
аркылуу ташуу боюнча эрежелерин тактап
алгыла. Жүктөрдү ташуу менен иштеген
ортодогу фирмалардан зарыл маалыматтарды
алсаңар болот. Тастыкталган таңгакты
Metabowerke GmbH немис компаниясынан
алсаңар болот.
Аккумуляторлор бузулбаган корпуста жана
суюктугу агылбаган учурда гана траспорт
аркылуу ташылат. Жөнөтүүнүн алдында
жабдыктан батареяны алып салуу керек. Ток
чыкбашы үчүн ачык контакттарды коргоо керек
(мисалы, изолента менен).