User manual

Table Of Contents
604
Кыргызча
- Шайманда колдонуучу тейлей турган бөлүктөр
жок. Шайманга доо кеткен болсо, аны колдонууну
токтотуп, өлкөңүздөгү Кардарларды тейлөө
борборуна кайрылыңыз. Зымы бар аппараттар
гана: Шнуру бузулган болсо, дезинфекциялагычы
бар кубаттагычты жаңысына алмаштырыңыз.
- Кубаттагычты жана/же санитайзерди эшикте же
жылытылган беттердин жанында колдонбоңуз.
- Өнүмдүн бир да бөлүгүн идиш жуугучта жуубаңыз.
- Шайман тиш, тиш эти жана тилди тазалоо үчүн
арналган.
- Санитайзерди ар дайым балдардан алыс жерде
сактаңыз.
- Эшиги ачылып турганда УК лампасы күйө берсе,
санитайзерди колдонууну токтотуңуз. УК нуру
адамдын көзүнө жана терисине зыяндуу болушу
мүмкүн.
- Санитайзерди коргоочу экраны менен гана
иштетиңиз.
- УФ дезинфекциялагычтын ысык болгон УФ жарык
лампасына тийбеңиз.
- Кылдары эзилип же бүгүлүп калган щёткаснын
башын колдонууну токтотуңуз. Щётканын башы 3
ай сайын же жешилүү белгилери аныкталганда
алмаштырып туруңуз.
- Эфир майлары же кокос майын камтыган
өнүмдөргө түздөн-түз тийгизбеңиз. Майга
тийгенде кылдары түшүп калышы мүмкүн.
- Тазалагандан кийин катуу канаса же 1 апта
колдонгондон кийин да канай берсе, же болбосо,
ыңгайсыздык же оору сезимин жаратса, шайманды
колдонууну токтотуп, тиш догдурга/дарыгерге
кайрылыңыз.
- 2 ай мурун оозуңузга же тиш этиңизге операция
жасалган болсо, шайманды колдонуудан мурун
тиш догдурга кайрылыңыз.
- Эгер сизде кардиостимулятор коюлуп же башка
түзмөк жалгаштырылган болсо, шайманды
колдонуудан мурун анын өндүрүүчүсүнө же
дарыгерге кайрылыңыз.