User manual

Table Of Contents
610
Кыргызча
5
Алдыңкы тиштин ички беттерин тазалоо үчүн
щётканын туткасын жарым тик кылып эңкейтип, ар
бир тишке өйдө-ылдый кайчылаш кыймылдарды
жасаңыз.
6
Щёткалоо циклин бүткөндөн кийин, кошумча
убакыттын ичинде тиштин өңү өзгөрүп калган
жерлерин жана чайноочу беттерин щёткаласаңыз
болот. Тиш щёткасын кааласаңыз өчүрүп же
күйгүзүп, тилиңизди да щёткаласаңыз болот.
Эскертме: Philips Sonicare тиш щёткаңызды
бириктирүүчү кашаалар коюлган (щётканын баштары
бириктирүүчү кашааларга колдонулганда тезирээк
эскирет) жана калыбына келтирилген (пломба,
коронка, винир коюлган) тиштерге колдонуу коопсуз
болот (эгер алар туура коюлуп же доо кетпеген
болсо).
QuadPacer
Ооз көңдөйүңүздү жакшы щеткалоо үчүн QuadPacer
функциясынын жардамы менен оозду 4 бөлүккө
бөлүңүз. QuadPacer щеткалоо убактысын 4 бирдей
бөлүккө бөлүп, кийинки аймакка качан өтүү керек
экенин көрсөтөт. Бөлүкчөлөр дирилдөөнүн кыска
тыныгуусу менен көрсөтүлөт. Тиш щеткасы тишти
тазалоо сессиясынын аягында автоматтык түрдө
токтойт.
Режимдер
Электр тиш щеткаңызда Тазалоо режими бар.
Clean
Артыкчылык Өзгөчө күнүмдүк тазалоо үчүн
Сунушталган интенсивдүүлүк
деңгээли (айрым моделдерде
гана)
Жогорку
Жалпы тишти тазалоо убактысы 2мүнөт