User manual

Table Of Contents
651
Кыргызча
7
Колдонмого туташкан тиш щеткаңыз менен
дайыма тазалап туруңуз. Тиш щеткасын колдонмо
менен үзгүлтүксүз шайкештиргениңизде, ооз
көңдөйүңүздүн саламаттыгын жакшыртууга
жардам берүү үчүн жаңыртууларды аласыз.
8
Регулярдуу түрдө шайкештирип туруңуз.
9
Дайындар оптималдуу өткөрүлүп турушу үчүн
телефонуңузду тиш щеткаңыздын жанына жакын
кармаңыз.
Кол менен мезгилдештирүү үчүн: Колдонмонун
функцияларынан/мүмкүнчүлүктөрүнөн пайдалануу
үчүн тиш щеткаңызды эки жума сайын колдонмо
менен жупташтырыңыз/туташтырыңыз.
Автоматтык түрдө мезгилдештирүү үчүн:
Колдонмону жөндөө учурунда жайгашкан жерди
аныктоого уруксат бериңиз. Жайгашкан жерди
аныктоо уруксатын берүү менен, телефонуңуз тиш
щеткаңыздын туташуу диапазонунда болгонун билет
жана акыркы түшүнүктөрдү жана сунуштарды берүү
үчүн колдонмого щетка дайындарыңызды жаңырта
алат.
Эскертме: Колдонмону пайдаланып жатканда
телефонуңуздун Bluetooth'у күйгүзүлгөнүн
текшериңиз, ошондо тиш щеткаңыз анын
маалыматын колдонмого өткөрүп жана жаңырта алат.
Эгер тазалоо маалыматыңыз эмне үчүн чогултуларын
билгиңиз келсе, колдонмону жөндөө процессинде
жеткиликтүү болгон Sonicare Купуялык билдирүүсүн
карап чыгыңыз.
Колдонмонун функциялары
Sonicare электр тиш щеткаңыз тазалоо көндүмүңүз
жөнүндө маалымат берүүчү акылдуу сенсорлор менен
жабдылган, анын ичинде:
- Тиш тазалоонун күнүмдүк сеанстары
- Ар бир тиш тазалоо сеансына сарпталган убакыт
- Колдонулган тиш тазалоо басымы
- Щетканын башын алмаштыруу тууралуу эстеткич
(анык колдонуунун негизинде)