User Guide

Table Of Contents
647
Кыргызча
- Philips шайманынын түпнуска аксессуарларын же
керек-жарактарын гана колдонуңуз. Өнүм менен
берилген кубаттагычты гана колдонуңуз. Эгер
кошо келсе, түпнуска USB кабели менен USB кубат
камсыздоо блогун гана колдонуңуз.
- Шайманда колдонуучу тейлей турган бөлүктөр
жок. Шайманга доо кеткен болсо, аны колдонууну
токтотуп, өлкөңүздөгү Кардарларды тейлөө
борборуна кайрылыңыз. Шнуру бузулган болсо,
кубаттагычты жаңысына алмаштырыңыз.
- Кубаттоо негизин жана/же кубаттоочу кутучаны
сыртта же ысытылган беттердин жанында
колдонбоңуз.
- Өнүмдүн бир да бөлүгүн идиш жуугучта жуубаңыз.
- Шайман тиш, тиш эти жана тилди тазалоо үчүн
арналган.
- Кылдары эзилип же бүгүлүп калган щёткаснын
башын колдонууну токтотуңуз. Щётканын башы 3
ай сайын же жешилүү белгилери аныкталганда
алмаштырып туруңуз.
- Эфир майлары же кокос майын камтыган
өнүмдөргө түздөн-түз тийгизбеңиз. Майга
тийгенде кылдары түшүп калышы мүмкүн.
- Тазалагандан кийин катуу канаса же 1 апта
колдонгондон кийин да канай берсе, же болбосо,
ыңгайсыздык же оору сезимин жаратса, шайманды
колдонууну токтотуп, тиш догдурга/дарыгерге
кайрылыңыз.
- 2 ай мурун оозуңузга же тиш этиңизге операция
жасалган болсо, шайманды колдонуудан мурун
тиш догдурга кайрылыңыз.
- Эгер сизде кардиостимулятор коюлуп же башка
түзмөк жалгаштырылган болсо, шайманды
колдонуудан мурун анын өндүрүүчүсүнө же
дарыгерге кайрылыңыз.
- Эгер сизде медициналык маселелер бар болсо,
аны колдонуудан мурун дарыгериңиз менен
кеңешиңиз.