Instruction for Use

KY7
Духовка иштебейт:
Эгер духовка электр агынына туташылган болсо, тармакта электр кубаты бар же жогун текшериңиз.
Духовканы ѳчүрүӊүз жана бузуктук сакталгандыгын текшерүү үчүн кайра иштетиӊиз.
Эшик ачылбайт:
Духовканы ѳчүрүӊүз жана бузуктук сакталгандыгын текшерүү үчүн кайра иштетиӊиз.
МААНИЛҮҮ: өз тазалануу учурунда, духовканын эшиги ачылбайт. Ал автоматтык кулпудан чыгуусуна
чейин күтүңүз (“Пиролиз иш-милдети бар духовкалардын тазалоо айлампасы» пунктун караңыз).
Электрондук программатор иштебейт:
Эгер дисплей номерди ээрчиген «» тамгасын көрсөтсө, сизге жакын Сатуудан кийинки тейлөө менен
байланышыңыз. Мындай учурда «» тамгасы ээрчиген номерди көрсөтүңүз.
Сатуудан кийинки тейлөөгө чалуудан мурда:
1. Бузуктукту жоюу үчүн нускамасындаберилген сунуштардын жардамы менен көйгөйдү өз алдынча чече
алаарыңызды көрүңүз.
2. Бузуктук жоюлганын көрүү үчүн духовканы өчүрүп кайра иштетиңиз.
Эгерде жогоруда аталып чыкан текшерүүлөрдөн кийин бузуктук жоюлбаса жакынкы Сатуудан
кийинки тейлөөгө кайрылыңыз.
Ар дайым так аныктаңыз:
бузуктуктун кыскача сүрөттөмөсүн;
духовканын түрүн жана анык моделин;
духовка
ойдуңунун оң жак кырында (эшигин ачканда көрүнөт), тейлөө номерин (паспорттук көрнөкчөсүндө
Тейлөө сөзүнөн кийинки номер). Тейлөө номери ошондой эле кепилдик буклетинде көрсөтүлгөн;
сиздин толук дарегиңиз;
сиздин телефон номериңиз.
Эгер оңдоо талап кылынса, ыйгарым укуктуу Сатуудан кийинки тейлөө менен байланышыңыз (оригинал
камылган бөлүктөр колдонулаарына жана оңдоо туура аткарыларына кепилденүү үчүн).
Духовканын сырткы көрүнүшү
МААНИЛҮҮ: жегич жана дордогой тазалоочу каражаттарды колдонбоңуз. Эгер бул өнүмдөр шайманга
кокусунан түшсө, дароо микробулалуу ным чүпүрөк менен тазалаңыз.
Беттерди нымдуу микробулалуу чүпүрѳк менен тазалаӊыз. Эгер ал өтө булганган болсо, сууга бир аз
идиш жууган каражат тамызып коюуңуз. Кургак чүпүрѳк менен аяктаӊыз.
Духовканын ички көрүнүшү
МААНИЛҮҮ: бодуракай губкаларды же металл кыргычтарды же жышыгычтарды колдонбоңуз. Бара-
бара алар эмалдалган беттерди жана духовканын эшигинин айнегин бузат.
Ар бир колдонуудан кийин, духовканы муздатып, тамак калдыктарынан (мисалы, кантты жогору
деңгээлде камтуусу менен тамак) пайда болгон туруктуу булганууларды же тактарды кетирүү үчүн аны
жылуу кезинде тазалаган жакшы.
Духовкага арналган тазалоочу
каражаттарды колдонуңуз жана өндүрүүчүнүн катка нускамасын ээрчиңиз.
Эшиктин айнегин жарактуу суюк каражат менен тазалаӊыз. Тазалоону жеңилдетүү үчүн духовканын
эшигин чечип койсо болот (ТЕХНИКАЛЫК ТЕЙЛӨӨнү караңыз).
Грильдин жогорку ысуучу элементин (ТЕХНИКАЛЫК ТЕЙЛӨӨнү караңыз) духовканын төбөсүн тазалоо
үчүн төмөн түшүрүүгө болот (кээ бир моделдер гана үчүн).
ЭСКЕРТҮҮ: сууну жогору деңгээлде камтуусу
менен тамактарды узак убакыт бышырууда (мисалы,
пицца, жашылчалар, ж.б.) эшиктин ичинде жана тыгыздашуу айланасында конденсацияны пайда
кылышы мүмкүн. Духовка муздаганда, эшиктин ичин чүпүрөк же губка менен кургатыңыз.
Шаймандар:
Колдонуудан кийин тиешелүү буюмдарын, эгерде дагы эле ысык болсо, кол кап менен кармап дароо
сууга чылап коюуңуз.
Тамак калдыктары щетканы же губканы колдонуу менен оңой алып салынат.
БУЗУКТУКТАРДЫ ЖОЮУ ҮЧҮН ЖОЛ КӨРСӨТКҮЧ
САТКАНДАН КИЙИНКИ КЫЗМАТЫ
ТАЗАЛОО
ЭСКЕРТҮҮ
- Буу тазалоо шаймандарын колдонбоңуз.
- Духовканы, муздак кезде гана тазалаңыз.
- Шайманды электр камсыздоодон ажыратыңыз.