Instruction for Use

KGZ
18
ЭСКЕРТҮҮ: кир жуугуч машинаны биринчи жолу
пайдаланууда кир кийим жок, бирок жуугуч зат
менен, алдын ала жуусуз 90° пахта программасын
тандап, кир жуунун бир циклын аткарыңыз.
1. МАШИНАНЫ КҮЙГҮЗҮҮ ТАРТИБИ . баскычын
басыңыз. Бардык индикаторлор 1 секундга
күйөт, андан кийин баскычынын индикатору
күйгөн бойдон калат жана ИШТЕТҮҮ/ТЫНЫГУУ
индикатору бүлбүлдөйт.
2. КИРДИ ЖҮКТӨӨ ТАРТИБИ. Машинанын люгун
ачыңыз. Кийинки беттеги “Программалардын
таблицасында” көрсөтүлгөн, максималдуу уруксат
берилген салмактан ашырбай, барабанга кир
кийимди жүктөңүз.
3. ЖУУГУЧ ЗАТТЫ ДОЗАЛОО. Дозаторду чыгарыңыз
жана “Кир жуугуч машинаны сүрөттөө” бөлүмүндө
сүрөттөлгөндөй, жуугуч затты атайын чөнөкчөлөргө
салыңыз.
4. ЛЮКТУ ЖАБЫҢЫЗ.
5. ПРОГРАММАНЫ ТАНДОО. ПРОГРАММАНЫН
ТУТКАСЫН керектүү программаны тандаганга
чейин солго же оңго бураңыз. Программанын
аталышы дисплейде пайда болот. Программа
менен бирге ТЕМПЕРАТУРА жана сыгуунун
ылдамдыгы орнотулат, алар өзгөртүлүшү мүмкүн.
6. ПКИР ЖУУ ЦИКЛЫН ПЕРСОНАЛДАШТЫРУУ.
Башкаруу консулундагы атайын баскычтарды
басыңыз Температураны жана/же сыгуу
ылдамдыгын өзгөртүү тартиби.
Машина автоматтык түрдө дисплейде тандалган
программа үчүн каралган максималдуу
температураны жана сыгуу ылдамдыгын же акыркы
тандалган маанилер тандалган программа менен
шайкеш келсе, аларды көрсөтөт баскычынын
жардамы менен температураны ( ). муздак сууда
жууганга чейин акырындык менен азайтууга болот
баскычынын жардамы менен сыгуу ылдамдыгын
аны ( ). жокко чыгарууга чейин акырындык менен
азайтууга болот. Бул баскычтарга дагы бир жолу
басууда максималдуу уруксат берилген маанилер
кайтып келет.
! Артыкчылык : программасын тандоодо
температура 90° чейин көбөйтүлүшү мүмкүн
Кармоо менен иштетүүнү программалоо.
Кармоонун керектүү убактысын алганга чейин
тийиштүү баскычты басыңыз. Программалоо
процессинде бүлбүлдөгөн символу менен бирге
кармоо убактысы көрсөтүлөт.
Кармоо менен иштетүүнүн программалагандан
кийин дисплейде символу бүлбүлдөйт жана
циклдын узактыгы көрсөтүлөт. Баскычты бир жолу
басканда кармоонун тапшырылган убактысы
көрсөтүлөт. Кармоо менен иштетүүнүн токтотуу
үчүн дисплейде OFF жазуусу пайда болгонго чейин
баскычты бир нече жолу басыңыз; символ өчөт.
! ИШТЕТҮҮ/ТЫНЫГУУ баскычын баскандан
кийин кармоонун убактысы азайтуу менен гана
өзгөртүлүшү мүмкүн.
Циклдын параметрлерин өзгөртүү.
Сиздин керектөөңүзгө ылайык циклды
персоналдаштыруу үчүн КОШУМЧА ФУНКЦИЯЛАР
баскычын басыңыз.
• Кошумча функцияны күйгүзүү үчүн баскычты
басыңыз, тийиштүү индикатор күйөт.
• Кошумча функцияны өчүрүү үчүн баскычты кайра
басыңыз, индикатор өчөт.
! Эгерде тандалган кошумча функция тапшырылган
программа менен шайкеш келбесе, тийиштүү
индикатор бүлбүлдөйт жана үн сигналы иштейт (3
жолу), функция күйгүзүлбөйт.
! Эгерде тандалган кошумча функция башка, мурда
тапшырылган кошумча функция менен шайкеш
келбей турган болуп саналса, биринчи тандалган
функциянын индикатору бүлбүлдөйт жана
экинчи кошумча функция гана күйөт, күйгүзүлгөн
функциянын индикатору бүлбүлдөбөй күйөт.
7. ПРОГРАММАНЫ ИШТЕТҮҮ. ИШТЕТҮҮ/ТЫНЫГУУ
баскычын басыңыз. Тийиштүү индикатор
күйөт жана машинанын люгу тосмолонот
(ЛЮК ТОСМОЛОНДУ символу күйөт). Кир жуу
фазаларынын символу кир жуунун учурдагы
фазасын визуалдаштыруу үчүн программаны
аткарууга жараша күйөт.
Учурдагы программаны өзгөртүү үчүн, ИШТЕТҮҮ/
ТЫНЫГУУ баскычын басып, циклды токтотуңуз,
андан кийин керектүү циклды тандаңыз жана кайра
ИШТЕТҮҮ/ТЫНЫГУУ баскычын басыңыз. Циклды
аткаруу процессинде люкту ачуу үчүн ИШТЕТҮҮ/
ТЫНЫГУУ баскычын басыңыз; эгерде LOCK
индикатору өчсө, люкту ачууга болот. Программа
токтогон учурдан тартып аны улантуу үчүн
кайрадан ИШТЕТҮҮ/ТЫНЫГУУ баскычын басыңыз.
8. ПРОГРАММАНЫ АЯКТОО. END жазуусун
күйгүзүү менен сигнал берет. Люкту дароо ачууга
болот. Эгерде ИШТЕТҮҮ/ТЫНЫГУУ индикатору
бүлбүлдөсө, циклды аяктоо үчүн баскычты
басыңыз. Люкту ачыңыз, кирди чыгарыңыз жана
машинаны өчүрүңүз.
! Учурдагы циклды токтотуу үчүн цикл токтоп
жана машина өчкөнгө чейин, баскычты баскан
бойдон кармап туруңуз.
Кир жуу циклын аткаруу тартиби