Instruction for Use

27
KGZ
Бузуктарды издөө жана
аларды жоюу методдору
Эгерде сиздин кир жуугуч машина иштебесе, Авторлоштурулган сервистик борборго кайрылуудан мурда
(Сервистик тейлөө кара.), төмөндөгү тизмеде берилген сунуштарды сактоо менен, бузуктарды жоюуга болоорун
текшериңиз.
Бузуктар:
Кир жуугуч машина күйбөйт
Кир жуу циклы иштебейт
Кир жуугуч машина сууну куйбайт
(кир жуунун биринчи фазасынын
индикатору көп бүлбүлдөйт)
Машина тынымсыз сууну куят жана
төгөт
Кир жуугуч машина сууну төкпөйт
жана кирди сыкпайт
Кир жуугуч машина сыгуу
процессинди катуу титирейт
Кир жуугуч машинадан суунун
агышы
“ИШТЕТҮҮ/ТЫНЫГУУ”
индикатору (кызгыл сары) жана
функциялардын индикаторлору
тезден бүлбүлдөйт
Кир жуу процессинде өтө көп көбүк
пайда болот
Мүмкүн болуучу себептери / Жоюу методдору:
• Штепселдик айры электр розеткасы менен кошулган эмес же түшүп
калат жана байланышты камсыздабайт.
• Үйдө электр жок.
• Машинаны люгу бекем жабылган эмес.
• КҮЙГҮЗҮҮ/ӨЧҮРҮҮ баскычы басылган эмес.
• ИШТЕТҮҮ/ТЫНЫГУУ баскычы басылган эмес.
• Суу түтүк краны жабык.
• Циклды иштетүүнү кармоо программаланган
• Суу түтүк ийкем түтүгү кранга туташтырылган эмес.
• Ийкем түтүк бүгүлүп калган.
• Суу түтүк краны жабык.
• Үйдө суу жок.
• Жетишсиз суу түтүк басымы.
• ИШТЕТҮҮ/ТЫНЫГУУ баскычы басылган эмес.
• Суу төгүүчү ийкем түтүк полдон 65-100 см бийиктикте жайгашкан эмес
(“Орнотууну” кара).
• Суу төгүүчү ийкем түтүктүн учу сууга салынган (“Орнотууну” кара).
• Дубалдагы суу төгүүчү тешик аба чыгаруу үчүн вантуз менен жабдылган
эмес.
Эгерде жогоруда саналган текшерүүлөрдөн кийин бузук жоюлбаса, суу
түтүк кранын жабып, кир жуугуч машинаны өчүрүп жана Сервистик
Тейлөө Борборуна кайрылуу керек.
Эгерде сиздин батир имараттын акыркы кабатында жайгашса, сифон
көрүнүшү байкалышы мүмкүн, ошондуктан кир жуугуч машина сууну
үзгүлтүксүз төгүүнү жана куюуну жүргүзөт. Бул аномалияны жоюу үчүн
сатыкта сифон көрүнүшүнө каршы атайын клапандар бар.
• Тандалган программа сууну төгүүнү карабайт: айрым программалар
үчүн кол менен төгүүнү күйгүзүү керек.
• ЖЕҢИЛ ҮТҮКТӨӨ функциясы күйгүзүлгөн: программаны аяктоо үчүн
ИШТЕТҮҮ/ТЫНЫГУУ баскычын басыңыз (“Персоналдаштырылган
тескөөлөрдү” кара).
• Суу төгүүчү ийкем түтүк ийилип калган (“Орнотууну” кара).
• Суу төгүүчү кубур түтүк толуп калган.
• Кир жуугуч машинаны орнотуу учурунда барабан туура эмес
тосмолонгон (“Орнотууну” кара).
• Кир жуугуч машина түз орнотулган эмес (“Орнотууну” кара).
• Машина дубалдын жана эмеректин ортосунда кысылган (“Орнотууну”
кара).
• Суу түтүк ийкем түтүгү начар буралган (“Орнотууну” кара).
• Жуугуч каражаттарды бөлүштүргүч булганган (аны тазалоо тартибин
“Техникалык тейлөө жана кам көрүү” параграфынан кара).
• Суу төгүүчү ийкем түтүк начар бекитилген (“Орнотууну” кара).
• Машинаны өчүрүңүз жана штепселдик айрыны тармактык розеткадан
сууруңуз, 1 мүнөт күтө туруңуз жана кайрадан машинаны күйгүзүңүз.
Эгерде бузук жоюлбаса, Сервистик Кызматка кайрылыңыз.
• Жуугуч каражат кир жуугуч машинада жуу үчүн жарабайт (таңгакта “кир
жуугуч машинада жуу үчүн”, “кол менен жана машинада жуу үчүн” же
башка көрсөтүлүшү керек).
• Бөлүштүргүчкө ашыкча өлчөмдө жуугуч каражат салынган.