Setup and user guide
2
ШАЙМАНДЫ КАНТИП ИШТЕТҮҮ КЕРЕК
Шайманды электр тармагына туташтыргандан кийин,
ал автоматтык түрдө иштеп баштайт.
Шайманды иштеткенден кийин, тамак-ашты
муздаткычка салаардан мурда 4-6 саат күтө туруңуз.
Шайман розеткага туташтырылган учурда, дисплей
күйгүзүлөт жана нерселердин бардыгы дисплейден
болжол менен 1 секундага көрсөтүлөт. Муздаткыч
бөлүкчөсүнүн орнотууларынын баштапкы (заводдук)
маанилери күйгүзүлөт.
ФУНКЦИЯЛАР
ИШТӨӨДӨ/КҮТҮҮДӨ
Күтүүдѳгѳ коюу үчүн, Иштѳѳдѳ / Күтүүдѳ баскычын
3 секундага басып, кармаӊыз. Иштѳѳдѳ / Күтүүдѳ
индикатордон башка бардык индикаторлор ѳчѳт.
Жабдууну кайра иштетүү үчүн кайра басыӊыз.
АКЫЛДУУ ДИСПЛЕЙ
Бул тандамал функция, энергияны үнөмдөө үчүн
колдонулушу мүмкүн. Акылдуу дисплейди активдештирүү
үчүн, Муздаткыч температурсы жана Тоңдургуч температура
баскычарын бир убакта 3 секунданын ичинде, угулган
сигналдын үнү чыкканча кармап туруңуз. Бул функцияны
иштен чыгаруу үчүн, ошол эле процедураны кайталаңыз.
Бул функция, шайманды кубат камсыздоочусунан өчүрбөйт,
болгону, сырткы дисплей аркылуу каржылган кубатты
азайтат.
МУЗДАТКЫЧ ТЕМПЕРАТУРАСЫ
Муздаткыч температурасын жөндөө үчүн, Муздаткыч °C
баскычын басыңыз. Муздаткыч температурасы, Муздаткыч
температура дисплейи көрсөткөндөй, +2°C жана +8°C
ортосунда жөндөлүшү мүмкүн.
ТОНДУРГУЧ ТЕМПЕРАТУРАСЫ
Тоңдургуч температурасын жөндөө үчүн, Тоңдургуч °C
баскычын басыңыз. Муздаткыч температурасы, Муздаткыч
температура дисплейи көрсөткөндөй, -16°C жана -24°C
ортосунда жөндөлүшү мүмкүн.
ОТПУСК
Бул функция, узак убакыттын ичинде шаймандын кубаттуулук
керектөөсүн азайтуу үчүн активдештирилиши мүмкүн.
Өзгөчөлүктү активдештирүүгө чейин, бардык тез бузулуучу
тамак-аш, муздатуу бөлүгүнөн алынып салынышы керек,
жана эшиктин жакшы жабылганын текшериңиз, себеби,
муздаткыч, жагымсыз жыттардын пайда болушунун алдын
алуусу үчүн (+12°C) ылайыктуу температураны кармап турат.
Иштетүү/иштен чыгаруу үчүн, Отпуск режими баскычын
басыңыз. Функция иштетилгенде, тиешелүү символ күйөт.
Температуранын орнотулган чекитин алмаштыруу,
функцияны автоматтык түрдө иштен чыгарат.
Тоңдургуч бөлүмү туура иштейт.
ЖАБДУУЛАР
ЖУМУРТКА ЛОТОГУ СЫР КУТУСУ БӨТӨЛКӨ КАРМАГЫЧЫ
БѲТѲЛКѲ БѲЛГҮЧ
ТОҢДУРГУЧ СУУРМАСЫНЫН
БӨЛГҮЧҮ
МУЗДАТКЫЧ СУУРМАСЫНЫН
БӨЛГҮЧҮ
ТЕЗ МУЗ БӨЛҮГҮ
ЭВТЕКТИКАЛЫК МУЗ/ТЕЗ МУЗ
ЛОТОКТОРУ
БИРИНЧИ ЖОЛУ КОЛДОНУУ
КҮНДѲЛҮК КОЛДОНУУ
Функциялар боюнча кененирээк Колдонуу жана
кармоо колдонмосун караӊыз / Колдонуу жана
кармоо колдонмосун кантип алуу маалыматы үчүн
акыркы бетин караӊыз




