Instruction for Use

53
KGZ
Жуучу заттар жана кирдин
түрлөрү
Жуучу каражаттар үчүн чөнөкчө
Кир жуунун жакшы жыйынтыгы жуучу заттарды туура
дозалоодон дагы көз каранды болот: ашыкча жуучу заттар
натыйжалуу жууну кепилдебейт, тескерисинче, кир жуугуч
машинанын ичинде кеберлердин пайда болушун жана
курчап турган чөйрөнүн булганышын шарттайт.
! Колго жууганга арналган жуучу каражаттарды
пайдаланбаңыз, анткени алар өтө көп көбүк чыгарат.
Чөнөкчөнү чыгарыңыз
жана ага жуучу каражатты
же кошулмаларды
төмөндөгүдөй тартипте
салыңыз.
1-чөнөкчө: Жуугуч каражатты борбордук лотокко
салбаңыз 1.
2-чөнөкчө: Кир жуу үчүн жуучу каражат (порошок
же суюк) Суюк жуучу затты пайдалануу учурунда
туура дозалоо үчүн сунушталуучу А дозаторун
пайдалануу сунушталат. Кир жуучу порошокту
пайдалануу үчүн В дозаторуна салыңыз.
3-чөнөкчө: Кошулмалар (чайкагыч ж.б.)
Чайкагычтын деңгээли дозатордун борборунда
көрсөтүлгөн “max” белгисинен ашпашы керек.
Кирди даярдоо
Кирди төмөндөгү белгилери боюнча бөлүңүз:
- кездеменин түрү / этикеткадагы белги.
- түс: түстүү кирди ак кирден бөлүңүз.
• Чөнтөктөн бардык предметтерди чыгарыңыз жана
топчуну текшериңиз.
• Кургак кирдин салмагын көрсөтүүчү,
“Программалардын таблицасында” көрсөтүлгөн
мааниден ашырбаңыз.
Кир канча салмакта болот?
1 шейшеп 400-500 гр.
1 жаздык тыш 150-200 гр.
1 дастаркон 400-500 гр.
1 халат 900-1200 гр.
1 сүлгү150-250 гр.
Атайын программалар
Күнүмдүк пахта: пахтадан жасалган кийим үчүн
30°C цикл. Бул натыйжаны начарлатпастан, сууну
ысытканга энергия керектөөнү азайтат. Жеңил кетүүчү
кири бар кийимдерге жарайт.
Күнүмдүк синтетика: синтетикадан жасалган кийим
үчүн 30°C цикл. Бул натыйжаны начарлатпастан, сууну
ысытканга энергия керектөөнү азайтат. Жеңил кетүүчү
кири бар кийимдерге жарайт.
Түстүү кийим: түстөрдү сактап калганга жардам
берүүчү 30°C цикл; түстүү пахта жана синтетика
кийимдерге жарайт. Бул натыйжаны начарлатпастан,
сууну ысытканга энергия керектөөнү азайтат. Жеңил
кетүүчү кири бар кийимдерге жарайт.
Кылдат жуу: кылдат мамиле кыла турган кийимди
жуу үчүн 4-программаны пайдаланыңыз. Кир жууп
баштоонун алдында кийимди ичинен аңтаруу
сунушталат.
Жыйынтыктарды оптималдаштыруу үчүн кылдат
кийимдер үчүн суюк жуучу каражатты пайдалануу
сунушталат.
Аралаш: пахта жана синтетикалык кийимдерди
чогуу жууганга 40°C цикл. Жеңил кетүүчү кири бар ич
кийимдерге жарайт.
Ыкчам (11-программа) 20’ баштап 60’ чейин кир
жуунун узактыгын жөнгө салуунун шарттайт.
- 20’: кийимдериңизди болгону 20 мүнөттө сергитүүчү
жуу цикли.
- 45’: пахта/синтетика айкаш кездемелерди жууганга
арналган кыска цикл.
- 60’: “60’” циклы орточо кирдеген калың пахта кийимин
60°С температурада жуу үчүн арналган. Кир жуунун
жакшы жыйынтыгын камсыздайт. Синтетикалык
жана аралаш кийим үчүн 4С температурада жуу
сунушталат.
Мамык / Тыбыт: жалаң кат мамык жуурканалмагы
1 кгдан көп эмес), жаздык, куртка сыяктуу, курамында
өрдөктүн жүнү бар, мамык олпокторду жуу үчүн
атайын 12-программаны тандаңыз. Мамык олпокторду
четин ичкери кылып машинанын барабанына жүктөө
(схеманы кара) жана барабандын көлөмүнүн ¾
ашырбоо сунушталат. Оптималдуу кир жуу үчүн жуучу
заттардын дозаторуна куюлуучу, суюк жуучу затты
пайдалануу сунушталат.
Жүн: 13-программа бардык жүн буюмдарды, анын
ичинде этикеткасында “кол менен гана жуу деп
көрсөтүлгөн буюмдарды жууну шарттайт. Жакшы
жыйынтыкка жетүү үчүн атайын жуучу каражатты
пайдаланыңыз жана 1 кг кир жүктөңүз.
Жыттарды кетирүү: жагымсыз жыты бар кийимди
жуу үчүн 14-программаны (Синтетика) пайдаланыңыз
(мисалы, тамекинин, тердин, куурулган тамактын
жытын). Программа кездеменин буласын сактоо
менен, жагымсыз жыттарды кетирүү үчүн арналган.