Use and care guide

20
ТАБЛИЦАНЫ КАНТИП ОКУУ КЕРЕК
Таблицада эӊ жакшы функциялар,
аксессуарлар жана ар кандай тама-аштын
түрлѳрүн жасоодо колдонуу деӊгээли
келтирилген.
Тамак-аш духовканын ичине салынгандан
баштап, алдын ала ысытуу кошпогондо (каякта
керек болсо), даярдоо убакыттары башталат.
Даярдоо температуралары жана убакыттары
болжолдуу болуп саналат жана тамак-аштын
кѳлѳмүнѳ жана кошулмалардын түрүнѳ
жараша болот.
Баштоо үчүн сунушталган эң төмөнкү
маанини колдонуңуз, жана тамак жетиштүү
бышырылбаса, анда жогорураак маанилерге
жылыңыз.
Камсыздалган жабдууларды жана кара
түстөгү темир бышыруучу мискейлерди жана
тарелкаларды колдонуңуз. Сиз ошондой эле
пирекс же керамикадан жасалган мискейлерди
жана жабдууларды колдоно аласыз: мындай
учурда, бышыруу убакыты бир аз узагыраак
болушу мүмкүн
БИР ЭЛЕ УБАКТА АР КАНДАЙ ТАМАКТАРДЫ
БЫШЫРУУ
Сиз КЫСЫЛГАН АБА функциясын колдонуу
менен, бир эле убакта ар кандай тамактарды
ар башка текчелерге коюп, бышыра аласыз
(мисалы: балык жана жашылчалар), ар башка
текчелерди колдонуу аркылуу.
Кыскараак убакытты талап кылган тамакты
чыгарып, узагыраак убакытты талап кылган
тамакты духовканын ичинде калтырыңыз.
ДЕСЕРТТЕР
Назик десерттерди, бир гана текчеде,
ылайыктуу функция менен бышырыңыз.
Кара түстөгу бышыруучу темир мискейлерди
колдонуңуз жана аларды дайыма камсыз
кылынган темир тор текчеге коюңуз.
Бирден ашык деңгээлдерде бышыруу учун,
Кысылган аба функциясын тандаңыз жана
аба айлануусун жеңилдетүүгө, темир тор
текчелериндеги бышыруучу мискейлердин
абалын бошотуңуз.
Бисквит тортунун бышып-бышпаганын билүү
үчүн, жыгач тиш чукугуч таякчаны бисквиттин
так ортосуна киргизиңиз. Эгер таякча таза
болуп чыкса, анда бисквит даяр болду.
Эгерде жабышпай турган торт табактарын
колдонсоңуз, четтердин айланасындагы торт
тегиз кѳтѳрүлбѳй калышы үчүн четтерин
майлабаыз.
Эгерде бышыруу учурунда «кѳѳп чыкса»,
кийинки жолу тѳмѳнүрѳѳк температураны
колдонуңуз жана кошулуучу суюктуктун
кѳлѳмүн азайтыңыз же кошулманы акырын
аралаштырыңыз.
Суюк куймалуу таттуулар (майлуу ватрушка
же жемиш пирогдору) Конвекциялуу бышыруу
функциясын талап кылат.
Эгерде торттун негизи бышпаса, текчени
тѳмѳн түшүрүңүз жана кошулманы салардан
мурда торт астына нандын күкүмүн же
печеньенин күкүмүн салыңыз.
ПИЦЦА
Пиццанын түбү бираз катырак болушу үчүн,
табаларды бираз майлаңыз.
Пиццаны бышыруу убагынын үчтөн экиси
өткөндө, моцарелланы пиццанын үстүнө
үбөлөңүз.
ЖОГОРУЛАГАН
Камырдын үстүн, ным кездеме менен
духовкага коюунун алдында жабуу ар дайым
мыкты болот.
Камырды духовкада ачытуу функциясы
аркылуу менен, үй температурасында
(20 - 25°C) ачытуу убагы менен салыштырганда
үчтөн бир убакка азаят.
Пиццанын көтөрүлүү убакыты болжол менен
1 кг камырга бир саатта башталат.
ЭТ
Бышырылып жаткан эттин көлөмүнө
ылайыктуу каалаган духовка табасын же
пирекс айнегин колдонуңуз.
Бөлүктөрүн кууруу үчүн, табактын астына бир
азыктарды салып койсо, бышып жатканда
кошумча даам болот. Куурулган эт даяр
болгондо, аны 10 - 15 мүнөткө духовкада
кармай туруңуз же аны алюминий фолыгасына
ороп коюңуз.
Сиз этти гриль менен бышыргыңыз келгенде,
бир өлчөмдөгү эт бөлүктөрүн колдонуңуз.
Бул, бир денгээлдеги бышыруу натыйжалары
на жетүүгө жардам берет. Эттин өтө калың
бөлүкчөлөрү, узагыраак бышыруу убагын
талап кылат. Эттин сырты күйүп кеипеши үчүн,
тор текчсинин турган жерин төмөндөтүңүз,
грильден тамакты алысыраак коюу керек.
Этти бышыруу убагынын үчтөн экиси өткөндө,
которуңуз.
Бышыруу ширелерин чогултуп алуу үчүн,
май чогултуучу табага жарым литр сууну эт
коюлган грильдин астына коюу сунушталынат.
Качан керек болгондо, кайра жогору
жылдырыңыз.
ПАЙДАЛУУ КЕЕШТЕР