Use and care guide

4
ОКУУГА ЖАНА КѲҢҮЛ БУРУУГА
МААНИЛҮҮ
Шайманды колдонордон мурда
бул коопсуздук нускамаларын
кѳңүл коюп окуңуз.
Аларды келээрки эскертүүлѳргѳ
чейин колго жакын кармаңыз.
Бардык убакытта сактоо үчүн бул
нускамалар менен шаймандын ѳзү
маанилүү коопсуздук
эскертүүлѳрдү камсыз кылат.
Шайман туура эмес колдонгон же
туура эмес жѳнгѳ салынган болсо,
ѳндүрүүчү бул коопсуздук
нускамаларын колдонуу
жѳндѳмсүздүгү боюнча
жоопкерчиликти четке кагат.
КООПСУЗДУК ЭСКЕРТҮҮЛѲРҮ
ЭСКЕРТҮҮ: Шайман жана анын
жеткиликтүү бѳлүктѳрү колдонуу
учурунда ысыйт, 8 жашка чыкпаган
балдар кѳзѳмѳл астында
болушпаса шаймандан алыс
болушу керек.
8 жаштагы жана бул жаштан ѳйдѳ
балдар жана физикалык, сезгич
же акыл жѳндѳмдүүлүгү чектелген
же тажрыйбасы жана билими
жетишпеген адамдар бул
шайманды кѳзѳмѳл астында же
коопсуздук нускамалар
берилгенде гана колдоно алышат
жана коркунуч келерин түшүнүшү
керек. Балдар шайман менен
ойнобошу зарыл. Кѳзѳмѳл жок
балдар тарабынан тазалоо же
колдонуу боюнча тейлѳѳ
жүргүзүлбѳшү керек.
ЭСКЕРТҮҮ: Ысый турган
элементтерге же ички бетке
тийгенден алыс болуңуз, күйүп
калуу коркунучу бар.
ЭСКЕРТҮҮ: Эгерде эшик же эшик
тыгыздоочулар бузулган болсо
духовканы тажрыйбалуу адам
оңдой электе колдонууга болбойт.
ЭСКЕРТҮҮ: Суюктук жана башка
тамак аштар жабык
контейнерлерде ысытылбашы
керек анткени алар жарылып
кетиши мүмкүн.
Микротолкундуу духовка тамак аш
жана ичимдиктерди ысытууга
арналган. Тамак аштын же
кийимдин кургатусу жана
жылытуучу жаздыктарды,
бөлмөдө кийүүчү бут кийимдерди,
болпокторду, ным кездемерелди
жана ушуга окшошторду ысытуу
жаракат алуу коркунучуна, тутануу
же өрт чыгышына алып келиши
мүмкүн.
Тамак ашты желим же кагаз
контейнерлерде ысытып жаткан
учурда духовканы карап туруңуз
анткени алар тутанып кетиши
мүмкүн.
Ичимдиктерди микротолкундар
менен жылытуу кечиккен жарылуу
кайноого алып келиши мүмкүн
ошондуктан контейнерди
кармоодо этият болушуңуз керек.
Күйүп калбас үчүн балдарга
арналган бөтөлкөлөрдүн жана
балдарга арналган тамаш аш
идиштин ичиндегисин силкип же
аралаштырып жана
температурасын текшерип
бериңиз.
Кабыгы менен жумурткалар жана
бүтүн катуу кайнатылган
жумурткалар микротолкундуу
духовкада ысытылбашы керек
анткени алар микротолкундар
менен жылытуу бүткөндөн кийин
деле жарылып кетиши мүмкүн.
Бардык компоненттер толугу
менен муздагыча, кийимдерди же
башка тез ѳрт алуучу
материалдарды шаймандан алыс
кармаңыз.
Ѳтѳ ысытылган майлар жана мал
майлары бат тутанат. Мал
майларына, майларга бай тамак-
аш жасаганда же алкоголду
кошкондо (мисалы: ром, коньяк,
вино) ар дайым сак болуңуз, ѳрт
чыгуу коркунучу бар.
Сиздин миктолкундуу
духовкаңызды майга куурууга
колдонбоңуз анткени майдын
температурасын контролдоого
мүмкүн эмес.
Эгерде шайман термометрди
колдонууга жарактуу болсо, бул
духовкага сунушталган (эгерде
бар болсо) темпера термометрин
гана колдонуңуз.
Мискейлерди жана жабдууларды
алып салуу үчүн духовка
колкаптарын колдонуңуз, ысытуу
элементтерине тийбегенге кѳңүл
буруңуз. Шайманга жетээрден
мурда тамак жасап бүткѳндѳ, ысык
абаны же бууну акырындап
чыгаруу менен эшикти ачууда
этият болуңуз.
Микротолкундуу духовкага
жарактуу идиш аякты гана
колдонуңуз.
Духовканын алды жагындагы
ысык аба вентиляция тешиктерин
тоспоңуз.
Эгерде түтүн чыкса шайманды
өчүргүлө же электр камсыздоодон
сууруп салгыла жана жалынды
кармоо үчүн эшикти жабык бойдон
калтырыңыз.
УРУКСАТ БЕРИЛГЕН КОЛДОНУУ
Бул шайман профессионалдык
эмес, үйдѳ гана колдонуу үчүн.
Шайманды эшикте колдобоӊуз.
Шаймандын ичине же жанына
аэрозоль банкалары сыяктуу
жарылуучу же тез ѳрт алуучу
заттарды жана бензин же башка
тез ѳрт алуучу материалдарды
койбоңуз: эгерде шайман
капыстан күйүп турса ѳрт чыгып
кетиши мүмкүн.
ЭТИЯТ БОЛУҢУЗ: Шайман тышкы
таймер же ѳзүнчѳ пульт тутуму
менен башкарууга жасалган эмес.
Шайман үйдүн ичинде жана ушул
сыяктуу тѳмѳнкүлѳргѳ колдонууга
жасалган:
- Дүкөндөрдүн, кеңселердин жана
башка жумуш чөйрөлөрдүн
ичинде кызматкерлерге арналган
ашкана аймактарында;
- Чарба үйлөрүндө;
- Кардарлар саркылуу
мейманкаларда, мотельдерде
жана башка турак жай
чөйрөлөрүндө;
- Уктоо жайы жана эртең мененки
тамак берүү түрүндөгү
чөйрөлөрдө.
Мындан башка максатта
колдонууга уруксат берилбейт
(мисалы: бѳлмѳлѳрдү жылытууга).
ОРНОТУУ
Ѳндүрүүчүнүн колдонмолору жана
КООПСУЗДУК НУСКАМАЛАРЫ