Use and care guide

KIR
5
жергиликтүү коопсуздук
эрежелерине ылайык орнотуу
жана оңдоо тажрыйбалуу техник
тарабынан жүргүзүлүшү керек.
Колдонуучунун колдонмосунда
кѳрсѳтүлгѳндү эске албастан
жабдуунун бир да бѳлүгүн оңдоого
жана алмаштырууга болбойт.
Орнотуу иштери балдар
тарабынан жүргүзүлбѳшү керек.
Орнотуу учурунда балдарды
жолотпоңуз. Орнотуу учурунда
жана андан кийин балдар жете
турган жерден чогултуу
материалдарын (пластик
баштыгын, полистирол бѳлүктѳрүн
ж.б.) алыс кармаңыз.
Шайман эки же кѳп адамдар
тарабынан кѳтѳрүлүшү жана
орнотулушу зарыл. Таңгагын чечүү
жана шайманды орнотуу үчүн
коргой турган колкапты
колдонуңуз.
Шаймандын таңгагын чечкенде
ташып жеткирүү учурунда ага
зыян келтирилбегендигине
ынаныңыз. Кѳйгѳйлѳр бар болсо
сатуучуга же сизге жакын
жайгашкан Сатып алгандан
кийинки тейлѳѳ кызматына
кайрылыңыз.
Орнотуу иштерин жүргүзгѳнгѳ
чейин шайман электр тогунан
ажыратылышы зарыл.
Орнотуу иштеринин жүрүшүндѳ
шайман электр кабелине зыян
келтирилбегендигин ырастаңыз.
Орнотуу толугу менен бүткѳндѳн
кийин гана шайманды кошуңуз.
Бул шайман эмерекке камтылып
колдонууга арналган. Эркин
тургузуп колдонбоңуз.
Шайманды эмерекке
орноштуруудан мурда бардык
отсектин кесүү иштерин
аткарыңыз жана бардык жыгач
кырындыларын жана жыгач
таарындысын этияттык менен
алып салыңыз.
Орноткондон кийин шаймандын
асты жагы жеткиликтүү болбошу
керек.
Жумушчу столдун үстү менен
духовканын өйдөңкү кырынын
ортосундагы минималдуу өтмөктү
тоспоңуз.
Орнотуу учурунда гана духовканы
анын пенополистирол негизинен
алып салыңыз.
Шайманды таңгагынан
чыгаргандан кийин шаймандын
эшиги туура жабылышын
текшериңиз.
Кѳйгѳйлѳр бар болсо сатуучуга же
сизге жакын жайгашкан Сатып
алгандан кийинки тейлѳѳ
кызматына кайрылыңыз.
ЭЛЕКТРОНИКАЛЫК
ЭСКЕРТҮҮЛӨР
Жергиликтүү коопсуздук
эрежелерин сактоо үчүн орнотуу
учурунда жок дегенде 3 мм
кенемте байланыштуу
омниполярдык которгуч талап
кылынат жана шайман
жердетилиши керек.
Эгерде сиздин айры тешикке
(розетка) штепсель вилкасына
туура келбесе тажрыйбалуу
техникке кайрылыңыз.
Электр кабели шайманды электр
тогуна кошуу үчүн жетиштүү узун
болушу, жана ал, корпустан
негизги кубат камсыздоочусуна
бир жолу орнотулушу керек.
Шайманды электр кабелинен
суурбаңыз.
Эгерде электр кабелине зыян
келтирилген болсо, аны так ѳзүнѳ
окшош кабелине алмаштырыш
керек. Ѳндүрүү нускамасына жана
күндѳлүк коопсуздук эрежелерине
ылайык электр кабели
тажрыйбалуу техник тарабынан
гана алмаштырылышы керек.
Ыйгарым укуктуу тейлѳѳ
борборуна кайрылыңыз.
Шаймандын айры тешиги озетка)
штепсель вилкасына туура
келбесе, тажрыйбалуу техникке
кайрылыңыз.
Узарткыч кабелин, тармак чыгаруу
вилкаларын же адаптерлерди
колдонбоңуз.
Эгерде желе шнуруна же
вилкасына зыян келтирилсе,
тийиштүү иштебесе, же жабдууга
зыян келтирилсе же түшүп кетсе,
шайманды иштетпеңиз. Шнурун
ысык беттерден алыс кармаңыз.
Электрдик түзүүчүлѳр
орнотулгандан кийин
колдонуучуларга жеткиликтүү
болбошу зарыл.
Шайманга дененин суу бѳлүгү
менен тийбеңиз жана жылаңайлак
иштетпеңиз.
Техникалык дайындары
көрнөкчөсү духовканын алдыңкы
бетинде болот (эшик ачылганда
кѳрүнүп турат).
Электр кабелин алмаштырган
учурда, тѳмѳнкү түрүн(лѳрүн) гана
колдонуңуз: H05 RR
- F 3 x 1.5 мм
2
.
Эгер шаймандын штепсель
вилкасы жеткиликтүү болсо
электр тогунан сууруп алуу, же
улуттук коопсуздук
стандарттарына ылайык айры
тешиктин үстүндө орнотулган
жеткиликтүү көп полярдык
которгучту колдонуу менен
ажыратуу зарыл.
ТАЗАЛОО ЖАНА КАРМОО
Тазалоо жана тейлөө учурунда
коргой турган колкапты кийиңиз.
Кармоо иштерин жүргүзгѳнгѳ
чейин шайман электр тогунан
ажыратылышы зарыл.
Буу менен тазалоочу
шаймандарын эч качан
колдонбоңуз.
ЭСКЕРТҮҮ: Тажрыйбалуу
адамдан башка эч ким тейлөө
жана оңдоо иштерин жүргүзүүсү
болбойт анткени микротолкундуу
энергиянын таасиринен коргоону
капкагын алып салуу кооптуу.
ЭСКЕРТҮҮ: Электр тогунун
уруусун болтурбоо үчүн лампаны
алмаштырардын алдында жабдуу
ѳчүрүлгѳнүн ырастаңыз.
Духовканы таза бойдон кармабаса
ал духовканын беттерин
начарлашууга алып келет жана ал
шаймандын кызмат убагын
азайтат жана кооптуу жагдайга
алып келиши мүмкүн.
Духовка ар дайым тазаланып
туруш керек жана тамак аш
калдыктарын алып туруш керек.
Тазалоо же тейлөөнүн астында
шайман муздаганын ырастаңыз.
Айнек эшикти тазалоо үчүн катуу
тазалоочу каражаттарды же курч
темир кыргычтарды колдонбоңуз,
алар бетин чийип кетиши мүмкүн,
мунун натыйжасында айнектен
жарака кетиши мүмкүн.