Setup and user guide

Скорость отжима (
Айлануу)
Ар бир программанын алдын ала коюлган айлануу ылдамдыгы бар.
Эгерде сиз айлануу ылдамдыгын өзгөрткүңүз келсе,
«Скорость
отжима»
баскычын басыңыз. Сан дисплейде пайда болот.
Демо режими
Бул шайман Демо режим функциясы менен жабдылган. Көбүрөөк
маалыматты алууга КОЛДОНУУЧУНУН КОЛДОНМОСУН/ Демо режимди
карагыла.
БАСКЫЧКА БӨГӨТ КОЮУ
Башкаруу панельди кулпулоого, Баскычка бөгөт кою баскычты
басып 3 секундага кармап тургула. белгиси дисплейде күйүп
контролдоо панель кулпуланганын билдирет (КҮЙҮК/ӨЧҮК
баскычынан тышкары). Бул программаларга кокустан өзгөртүү
киргизүүсүн алдын алат, өзгөчө машиненин жанында балдар болсо.
Башкаруу панельди кулпудан кыгарууга, Баскычка бөгөт кою
баскычты басып 3 секундага кармап тургула.
АГАРТУУ
Эгерди сиз кирди агарткыңыз келсе, кирди машинеге жүктөңүз жана
Чайкоо & Айлануу программаны күйгүзүңүз.
Машинени күйгүзгүлө жана ал биринчи суу толтуруу циклды бүткөнгө
чейин күткүлө (болжолу 2 мүнөт). Машинени Баштооынытуу
баскычын басып токтоткула, каражат кошкон бөлүмүн ачкыла, агартуу
каражатты негизги жуугуч бөлүмгө мурда орнотулган бөлгүчкө куйгула
(таңгакта көрсөтүлгөн сунушталган дозаны карагыла). Циклды Баштоо/
Тынытуу баскычын басып баштаңыз.
Эгерде кааласаңыз, каражат суурмадагы тиешелүү бөлүмүнө
жумшарткычты кошкула.
СУНУШТАМАЛАР ЖАНА КЕҢЕШТЕР
Кирди сорттогула
Кездеменин түрү/кам көрүү этикеткасына карап (пахта, аралашкан
булалар, синтетика, жүн, колго жуулатурган нерселер). Түсү (түсү
бара жана ак нерселерди ажыраткыла, жаңы боелгон нерселерди
өзүнчө жуугула). Морт нерселер (кичинекей нерселерди мисалы
нейлон байбактарды жана илгичтери бар нерселерди мисалы
бюстгальтерлерди кир жууган баштыкта же молния менен жабылган
жаздык кабыктын ичинде).
Бардык чөнтөктөрдү бошоткула
Тыйындар же күйгүзгүчтөр сыяктуу нерселер сиздин кириңизди жана
ошондой эле барабанды бузушу мүмкүн.
ТАЗАЛОО ЖАНА ТЕЙЛӨӨ
Тазалоо жана тейлөө иштерди жасап жатканда, кир жуугуч
машинени өчүргүлө жана вилканы сууруп салгыла. Кир жуугуч
машинаны тазалоо үчүн, тез өрттөнө турган суюктуктарды
колдонбоңуз.
Кир жуугуч машиненин сыртын тазалоо
Кир жуугуч машинени сырткы бөлүмдөрүн тазалоого жумшак ным
чүпүрөктү колдонгула. Айнек же жалпы максаттагы тазалагычтарды,
кетирүү упаларды же ага окшош каражаттарды контролдоо панельди
тазалоого колдонбогула - алар жазууларга зыян келтириши мүмкүн.
Суу камсыздоочу шлангды текшеруу
Кирүүчү шлангдын морттугун жана тешилбегендигин регулярдуу
түрдө текшерип туруңуз. Эгерде зыян келтирилген болсо, аны биздин
Сатуудан кийинки кепилдик кызматыбыз же адист дилериңиз аркылуу
жаңы шлангга алмаштырып алыңыз. Шлангдын түрүнө жараша: Эгерде
ички түтүкчөнүн каптоосу ачык түстө болсо, анын белгилүү бир жеринде
түстүн уюп калуусун маал-маалы менен текшерип туруңуз. Эгерде
ошондой боло турган болсо, шланг тешилген болушу мүмкүн жана аны
алмаштыруу зарыл
Суу камсыздоо шлангтагы майда сетка чыпкаларды тазалоо
Кранды жапкыла жана крандын киргизүү шлангын бошоткула.
Ички майда сетка чыпканы тазалагыла жана кранга суу киргизүү
шлангты кайра бурап бекиткиле. Эми машиненин артындагы киргизүү
шлангты бурап чыгаргыла. Аттишти колдонуп кир жуугуч машиненин
туташуусунан сетка чыпканын тартып чыгаргыла жана аны тазалагыла.
Сетка чыпканы кайра ордуна койгула жана киргизүү шлангты кайра
бурап койгула. Кранды кайра ачкыла жана туташуулардан толугу менен
суу акпаганын камсыздагыла.
Суу чыпканы тазалоо / калдык сууну төгүү
Эгерде сиз ысык суу менен жууган программанын колдонгон
болсоңуз, сууну төгүүдөн мурда суу муздаганга чейин күтүңүз.
Регулярдуу түрдө суу чыпканы тазалап тургула, ал чыпка толуп
кетип суу төгүлбөй калганын алдын алат. Эгерде суу төгүлбөсө,
дисплей суу чыпкасы толуп кеткени мүмкүн деп билдирет.
Бурагычты колдонуп плинтусту алып салгыла: кол менен плинтустун бир
жагын ылдый түрткүлө, андан кийин плинтустун жана алдынкы панельдин
ортосундагы аралыкка бурагычты салгыла жана плинтусту ачкыла. Суу
чыпканын астына сууну чогултууга кенен, жалпак контейнерди койгула.
Чыпканы сааттын жебесинен тескери жай бурагыла жана суу төгүлөт.
Сууну төккүлө, бирок чыпканы алып чыгарбагыла. Контейнер толуп
калганда, суу чыпканы сааттын жебесине каратып бурап жапкыла.
Контейнерди бошоткула. Бардык суу төгүлгөнгө чейин бул процедураны
кайталагыла. Суу чыпканын астына пахта чүпүрөктү койгула, ал
калып калган суунун аз көлөмүн соруп алат. Андан кийин суу чыпканы
сааттын жебесинен тескери бурап чыгаргыла. Суу чыпканы тазалагыла:
чыпкадагы калдыктарды алып салгыла жана аны агып жаткан суу менен
тазалагыла. Суу чыпканы салгыла жана принтусту ордуна орноткула:
Суу чыпканы сааттын жебесине каратып буруп кайра ордуна салгыла.
Аны канчалык алыс кирсе бурагыла; чыпканын кармагычы тик позицияда
болуш керек. Суу чыпкасы суу өткөрбөгөнүн текшерүүгө, сиз каражат
тараткычынына 1 литр сууну куйсаңыз болот. Андан кийин плинтусту
кайра ордуна орноткула.
АКССЕСУАРЛАР
Саткандан кийинки тейлөө кызматка кайрылып сиздин
кир жуугуч машинеңизге төмөнкү аксессуарлар бар экенин
текшериңиз.
Текче орнотуу комплекти
Аны колдонуп сиздин кир жуугуч машиненин үстүнө кургаткычты
орнотсо болот жана аянт үнөмдөлөт жана кургаткычта салуу жана
чыгаруу жогорку позицияда болот.
ТАШУУ ЖАНА САКТОО
Кир жуугуч машиненин үстүн кармап эч качан көтөрбөгүлө.
Электр вилканы сууруп салгыла жана суу кранды жапкыла. Эшик жана
каражат тараткыч туура жабылганын текшериңиз. Киргизүү шлангты
суу крандан ажыраткыла, жана төгүү шлангты төгүү жерден алып
салгыла. Шлангтардан бардык калдык сууларды төккүлө жана аны
ташуу учурунда бузулуп кетпегендей бекитип койгула. Ташуу болтторду
кайра ордуна орноткула. ОРНОТУУ КОЛДОНМОСУНДА берилген
нускамаларды тескеринен аткарып ташуу болтторду кайра орноткула.
САКТОО ЖАНА ТАШУУ ШАРТТАРЫ
Таңгакталган кир жуугуч машинаны табигый желдетүүсү бар жабык
жайларда 80%дан көп эмес салыштырмалуу нымдуулукта сактоо керек.
Эгерде машина узак убакыт пайдаланылбаса жана жылытылбаган
жайда сактала турган болсо, машинаны суудан толук өчүрүү керек.
Машинаны ташуу алдында кир жуугуч машинанын багынын бузулушуна
жол бербөө үчүн, тыгыны менен транспорттук бурамаларды орнотуу
керек. Машинаны жабык машинанын бардык түрү менен, аны бекем
бекитип жумушчу абалында (вертикалдуу) ташуу керек.
Кир жуугуч машинаны жүктөө-түшүрүү иштеринде урунууга кабылтууга
ТЫЮУ САЛЫНАТ.
Кыскача колдонмо
KGZ