Setup and user guide

БУЗУКТУКТАРДЫ ТАБУУ
Кээ бир себептер үчүн кир жуугуч машине кээде туура иштебей калышы мүмкүн. Саткандан кийин тейлөө кызматына чалуудан
мурда, төмөнкү тизмени колдонуп көйгөй оңою менен чечилерин текшерип койгула.
Сиз H&S НУСКАМАЛАРЫН, КОЛДОНУУЧУНУН КОЛДОНМОСУН, ТЕХНИКАЛЫК
ДАЙЫНДАРЫНЫН МААЛЫМДАМА БАРАКЧАСЫН жана ЭНЕРГИЯ БОЮНЧА МААЛЫМАТТЫ
төмөнкүдөй жүктөсөңүз болот:
биздин вебсайтка кирип - http://docs.whirlpool.eu
аларды QR кодун колдонуп жүктөсө болот
Же болбосо, биздин Саткандан кийинки тейлөө кызматка кайрылыңызелефон номурун
кепилдик буклетинен караңыз). Биздин Саткандан кийинки тейлөө кызматыбызга кайрылып
жатканда, өнүмүңүздүн идентификациялоочу тактасында жазылган коддорду көрсөтүңүз.
Аномалиялар: Мүмкүн болгон себептер / Чечим:
Кир жууган машине күйбөй турат.
Вилка электр розетка туташтырылган эмес, же контакт кылууга жетиштүү эмес.
Электр тогу өчүрүлгөн.
Жуу цикл башталбай жатат.
Эшик толугу менен жабык эмес.
КҮЙҮК/ӨЧҮК” баскычы басылган эмес.
Баштоо/Тынытуу баскычы басылган эмес.
Суу краны ачык эмес.
Баштоонун кечиктирилиши” коюлган.
Кир жуугуч машине суу толтурбай
жатат (дисплейдеги билдирүү
“h2o” ну көрсөтүп турат). “Бип”
деген үн ар бир 5 секунд сайын
угулуп турат.
Суу киргизүү шланг кранга кошулган эмес.
Шланг ийилген.
Суу краны ачык эмес.
Негизги суу камсыздоосу өчүрүлгөн.
Жетиштүү басым жок.
Баштоо/Тынытуу баскычы басылган эмес.
Кир жуугуч машине токтобой
сууну алып жана төгүп жатат.
Төгүү шлангы жерден 65тен 10м ге чейин орнотулган эмес.
Төгүү шлангтын аягы сууна чөгүлгөн.
Дубалдагы төгүү коннекторунда аба айландыруусу жок.
Эгерде берилген текшерүулөрдү өткөргөндөн кийин көйгөй чечилбесе, суу кранды
жапкыла, кир жуугуч машинени өчүргүлө жана Саткандан кийинки тейлөө
кызматына чалгыла. Эгерде жашаган жер иматаррын эң үстүнкү кабаттарда
жайгашкан болсо, кээ бир учурларда сифон эффекти пайда болушу мүмкүн, ал
кир жуугуч машиненин суусун токтобой толтуруп жана төгөт. Ушундай көйгөйлөрдү
алдын алууга атайын сифонго каршы клапандар сатылат.
Кир жуугуч машине төкпөй же
айланбай жатат.
Программада төгүү функция жок: кээ бир программаларда аны кол менен
күйгүзүш керек.
Суу агызуучу шланг ийилип калган.
Төгүү түтүгү толуп кеткен.
Кир жууган машине өтө катуу
вибрация айлануу циклда дуушар
болот.
Орнотуу учурунда, барабан туура эмес бошотулган.
Кир жууган машине түз жерде орнотулган эмес.
Кир жууган машине дубалдын жана эмеректин ортосунда кысылган.
Кир жууган машинеден суу
тамчылайт.
Суу киргизген шланг жакшы бекитилген эмес.
Каражат тараткыч толуп калган.
Төгүү шлангы туура эмес бекитилген.
Машине кулпуланган жана
дисплей өчүп күйүп турат, ката
кодун (мисалы F-01, F-..) көрсөтуп
турат.
Машинени өчүргүлө, розеткадан вилканы сууруп салгыла, жана күйгүзөрдөн
мурда болдолу 1 мүнөттөй күткүлө.
Эгерде көйгөй чечилбесе Сатылгандан кийинки тейлөө кызматына чалгыла.
Өтө көп көбүк чыгарылып жатат.
Каражат кир жуугуч машине менен шайкеш эмес (анда “кир жуугуч машинелерге”,
“колго жууганга жана кир жуугуч машинелерге”, же ошого окшош сөздөр болуш
керек).
Дозасы өтө ашыкчы болгон.
Эшик кулпуланып турат жана ката
көрсөтүлүп же көрсөтүлбөй жатат
жана программа иштебей жатат.
Эшик электр камсыздоо өчкөндө кулпуланып калган. Электр камсыздоо кайра
күйгүзүлгөндө программа автоматтык түрдө уланат.
Кир жууган машинен токтоп турат. Программа автоматтык түрдө токтоп туруу
себеби жок болгондо автоматтык түрдө уланат.
195157853.00
xxxxxxxxxxxx