Instruction for Use

• 2
KGZ
Коопсуздукбул жакшы адат
! Бул колдонмону сактап коюңуз Буюмду сатканда, бирөөгө
пайдаланууга бергенде же жаңы квартирага көчкөндө анын
ээси андан пайдалануу жана ага кызмат көрсөтүү эрежелери
менен таанышышы үчүн колдонмо муздаткыч менен чогуу
сакталууга тийиш.
! Колдонмону көңүл коюп окуп чыгыңыз: анда
муздаткычыңызды орнотуу жана андан кантип коопсуз
пайдалануу боюнча керектүү маалыматтар бар.
1. Муздаткыч бөлмөнүн ичинде пайдалануу үчүн иштелген.
Эч кандай жагдайда муздаткычтан сыртта пайдаланууга
болбойт.
2. Муздаткыч тоңдурулган жана муздатылган продуктуларды
үй шарттарында колдонмодо көрсөтүлгөндөй тоңдуруу жана
сактоо үчүн пайдаланылууга тийиш.
3. Алсыз, акыл жана сезгирлик жагынан жөндөмдүүлүгү
начар же болбосо турмуштук билим жана тажрыйбага ээ
болбогон адамдар (ошондой эле жаш балдар)га, эгерде алар
прибордун коопсуздугу үчүн жооптуу адамдын көрсөтмөсүн
албаган болсо, же анын көзөмөлү астында болбосо, муздат-
кычтан пайдаланууга болбойт. Прибор менен ойнобостугу
үчүн жаш балдар ар дайым көзөмөл астында болууга тийиш.
4. Муздаткычты нымдуу кол менен кармабаңыз.
5. Узарткыч жана улагычтан (переходник) пайдаланбаңыз
Эсиңизде болсун, муздаткычты узарткыч жана улагычтар
жардамында ишке түшүрүү өрт чыгуу кооптуулугун туудурат.
Өндүрүүчү узарткыч жана улагычтарды, ошондой эле кесили-
ши керектелүүчү кубаттуулукка туура келбеген туташтыруучу
кабелдерди пайдалануунун натыйжасында чыккан өрт үчүн
жоопкерчиликти мойнуна албайт. Муздаткычты орнотуп жат-
канда электр прибор менен тармактын мүнөздөмөлөрү бири-
бирине туура келишин текшерүү зарыл. Вилканы розеткадан
суурганда зымынан кармап тартпаңыз: бул абдан кооптуу.
Камсыздоо шнуру жараксыз абалга келгенде даярдоочу же
анын өкүлүнөн алынган атайын шнур же комплект менен
алмаштыруу керек. Кабелди алмаштыруу тажрыйбалуу адис
тарабынан ишке ашырылууга тийиш.
6. Муздаткычтын ички муздатуучу беттерин кол менен
кармабаңыз, айныкса колуңуз нымдуу болсо. Тоңдургучтан
эми гана алынган муздун бөлүгүн оозуңузга сала көрбөңүз,
антсеңиз жергиликтүү үшүккө чалдыгышыңыз мүмкүн.
7. Муздаткычты жууш же ага кызмат көрсөтүү боюнча ар
кандай ишти аткаруудан мурда аны тармактан үзүңүз.
8. Эгерде муздаткычты эшиги илгич менен
бекитилчү эскисинин ордуна алган болсоңуз,
анда эски муздаткычтын илгичтүү бекиткичин
иштен чыгарып салыңыз, же болбосо аны эшиктен ажыратып
алыңыз. Бул таштап жиберилген буюмдар менен ойногон
балдарды эски муздаткычын ичинде бекилип калышынан
сактоо үчүн зарыл.
9. Адаттан тыш жагдайлар туулган учурда муздаткычты
тармактан үзүп, кепилдик документинде (сервис сертифи-
катында) телефону көрсөтүлгөн сервис борборуна теле-
фон чалыңыз. Сервис борборуна телефон чалуудан мурда
«Бузуктук-тар жана аларды оңдоонун усулдары» бөлүмүн
окуңуз.
10. Муздаткычтын түзүлүшүн өзгөртүүгө жана өндүрүүчү
тарабынан кепилдик ремонтун жүргүзүү укугу берилбеген
адамдын кийлигишүүсүнө тыюу салынат.
11. КӨҢҮЛ БУРУҢУЗ! Муздаткычтын арткы дубалынын
(конденсатор тосмосунун) газ плитасына газ жеткирүүчү ий-
илгич газ түтүктөрү менен тийишип турушуна тыюу салынат
12. Приборду кайрадан электр тармагына кошуу (мисалы,
кокустан өчүп калганда) 5– 10 минуттан кийин гана ишке
ашырылат.
13. Эгерде Сиз муздаткычтан пайдаланбастыкты чечсеңиз,
анда таштап жиберүүдөн мурда аны кантип утилизациялоо
жөнүндө
ойлоп көрүңүз. Муздаткычыңызда изоляцияланган
көбүктө сакталчу циклопентан газы бар, мындай жагдайда
Сиз утилизация үчүн жооптуу жергиликтүү ишкана менен
байланышууга тийишсиз.
Бул продуктту туура утилизациялоо. WEEE (Эскирген
үй-тиричилик техникасын жыйноо жана утилизациялоо
системасына ээ болгон Евросоюз жана башка Европа
өлкөлөрүндө колдонулат.)
Продукциядагы же колдонмодогу бул белги (маркировка) чы-
гындынын айлана-чөйрөгө
көзөмөлсүз таралышынан жеткен
зыяндын алдын алуу үчүн продукцияны башка үй-тиричилик
таштандылары менен кошо утилизациялабоо, ошондой эле
материалды кайра иштөө жана андан пайдалануу процессин
оптималдаштыруу керектигин көрсөтөт.
Пайдалануучу эскирген буюмду атайын кабылдоо пунктуна
тапшырышы мүмкүн, эгерде улуттук мыйзамдар менен жол
коюлган болсо, анда жаңы буюм алып жатканда эскисин ком-
панияга кайра тапшырышы да мүмкүн.
КӨҢҮЛ БУРУҢУЗ! Эскерте кетебиз, Сиздин приборуңузга
R600a
(белгиси сервис сертификатында жана прибордун ичиндеги
табличкада берилген) хладегенти куюлган,
ал табигый газизобутан болуп, өрт алуу
касиетине ээ. Кокусунан хладагенттин контурунда бузулуш
болуп калса, анда муздаткычты ар кандай ачык жалындан
же жеңил өрт чыгышы мүмкүн болгон булактан этияттаңыз
жана муздаткыч турган бөлмөнү кылдаттык менен
желдетиңиз.
Буюмдагы R600a хладагенттин ар 8 граммы үчүн бөлмөнүн 1
м3 көлөмү туура келиши керек. Сиздин буюмуңузга куюлган
хладагенттин саны муздаткычыңыздын ичиндеги паспорттук
маалыматтар менен кошо жазылган табличкада көрсөтүлгөн.
Бузулгандык белгилери болгон муздаткычты эч качан ишке
түшүрбөңүз; эгерде Сизде буюмдун ишке жарактуулугуна шек
тууулса, авторлук укугуна ээ сервис борборуна
кайрылыңыз.
КӨҢҮЛ БУРУҢУЗ! Буюмдун ичинде электр приборлору-
нан пайдаланбаңыз.
КӨҢҮЛ БУРУҢУЗ! Буюмдун корпусундагы же ага
кошумча кылынган конструкциялардагы желдеткич
көзөнөктөрүн тосуп койбоңуз.
КӨҢҮЛ БУРУҢУЗ! Хладагенттин контурун бузулушуна
жол койбоңуз.
КӨҢҮЛ БУРУҢУЗ! Эрүү процессин тездетүү үчүн даяр-
доочу тарабынан сунуш кылынгандан башка курулма же
каражжатардан пайдаланбаңыз.