Instruction for Use

KGZ
17
Индикаторлор
Индикаторлор пайдалануучуга маанилүү
маалыматтарды билдирет. Индикаторлордун мааниси:
Мөөнөтүн жылдыруу таймери
Эгерде “Мөөнөтүн жылдыруу таймери” функциясы
күйгүзүлсө (“Персоналдаштырылган тескөөлөрдү”
кара.), программаны иштеткенден кийин
тапшырылган кармоо убактысына ылайык индикатор
бүлбүлдөй баштайт:
Убакытты эсептөөгө жараша тийштүү индикатордун
бүлбүлдөөсү менен калган убакыт көрсөтүлөт.
Белгиленген кармоо аяктагандан кийин тапшырылган
программа активдешет.
Циклдын учурдагы фазасынын индикаторлору:
Циклды тандап жана иштеткенден кийин
программаны аткаруунун ырааттуулугун көрсөтүү
менен, индикаторлор биринин артынан бири күйөт:
Кошумча функциялардын баскычтары жана
тийиштүү индикаторлор
Функцияны тандоодо тийиштүү баскыч күйөт.
Эгерде тандалган функция тапшырылган программа
менен шайкеш болуп саналбаса, тийиштүү индикатор
бүлбүлдөйт жана мындай функция күйгүзүлбөйт.
Эгерде тандалган функция башка, мурда
тапшырылган кошумча функция менен шайкеш
келбей турган болуп саналса, биринчи тандалган
функциянын индикатору бүлбүлдөйт жана экинчи
кошумча функция гана күйөт, күйгүзүлгөн функциянын
индикатору күйөт.
Люкту тосмолоо индикатору:
Күйгүзүлгөн индикатор люк аны капыстан ачып
алуудан алыс болуу үчүн тосмолонгонун түшүндүрөт.
Аны ачуу үчүн индикатор өчкөнгө чейин күтө туруу
керек (болжол менен 3 мүнөт күтүңүз). Эгерде люкту
циклды иштеткенден кийин ачуу талап кылынса,
ИШТЕТҮҮ/ТЫНЫГУУ баскычын басыңыз. ЛЮКТУ
ТОСМОЛОО индикатору өчкөндө, люкту ачууга болот.
Кир жуу
Чайкоо
Сыгуу
Төгүү
Циклдын аягы
Программаны иштетүү тартиби
1. КҮЙ/ӨЧҮР баскычын басып, кир жуугуч машинаны иштетиңиз. Бардык индикаторлор бир нече секундга күйөт, андан
кийн өчөт, ИШТЕТҮҮ/ТЫНЫГУУ индикатору бүлбүлдөйт.
2. Кирди барабанга жүктөңүз жана люкту жабыңыз.
3. ПРОГРАММА туткасы менен керектүү программаны тапшырыңыз.
4. Кир жуу температурасын тапшырыңыз (“Персоналдаштырылган тескөөлөрдү” кара).
5. Жуучу каражаттарды жана кошулмаларды салыңыз (“Жуучу заттар жана кирдин түрлөрүн” кара).
6. Керектүү кошумча функцияларды иштетиңиз.
7. ИШТЕТҮҮ/ТЫНЫГУУ баскычынын жардамы менен программаны иштетиңиз, тийиштүү индикатор жашыл түс
менен күйөт.
Тапшырылган циклды токтотуу үчүн машинаны ИШТЕТҮҮ/ТЫНЫГУУ баскычынын жардамы менен тыныгуу режимине
которуңуз жана жаңы циклды тандаңыз.
8. Программаны аяктагандан кийин . индикатору күйөт. ЛЮКТУ ТОСМОЛОО индикатору өчкөндөн кийин
люкту ачууга болот (болжол менен 3 мүнөт күтүңүз). Кирди алыңыз жана барабанды кургатуу үчүн люкту жарым ачык
калтырыңыз. КҮЙ/ӨЧҮР баскычын басып, кир жуугуч машинаны өчүрүңүз.