Setup and user guide

2
АКССЕСУАРЛАР
Колдонуу жана кармоо колдонмосун docs.hotpoint.eu
вебсайттан жүктөп көбүрөөк маалымат алгыла
WWW
ТЕКЧЕ БАГЫТТАГЫЧТАРГА
АКСЕССУАРЛАРДЫ КОЮУ
Буу подносту горизонталдык түрдѳ текче
багыттагычтар аркылуу акырын жылдыруу
менен салыңыз, кѳтѳрүлгѳн четинин капталы
ѳйдѳнү карап турушуна ынаныыз.
Аксессуарлар коюулуучу деӊгээлдер (текче
багыттагычтар) номерленген, 1 эӊ жапыз жана
4 эӊ бийик.
4
3
2
1
ТЕКЧЕ БАГЫТТАГЫЧТАРДЫ АЛЫП САЛУУ
ЖАНА КАЙРА ОРНОТУУ
Текче багыттагычтарды алып салуу үчүн
алдыны кѳздѳй акырын жылдырыӊыз жана
илгичтерден чыгаруу үчүн ѳзүӊүздү кѳздѳй
тартыӊыз (сүрөт а).
Текче багыттагычтарды кайра салуу үчүн
аларды орундарына келгенге чейин ылдыйды
кѳздѳй акырын тартуу менен илгичтерге
илиӊиз (сүрөт b).
a. б.
Базарда бар башка аксессуарларды сатып
алганга чейин, алар отко чыдамдуу жана
бууга жарактуу экендигине ынаныӊыз.
Буунун жетишерлик ѳтүүсү үчүн
контейнердин үстү жагы менен бойлердин
дубалдардын ортосунда жок дегенде 30 мм
кенемте болушуна ынаныӊыз.
ТОР ТЕКЧЕСИ
Бул ысык абанын таасирдүү
айланышына мүмкүндүк
берет. Тамак-ашты түз эле
решеткалуу текчеге коюуӊуз же
нан бышыруучу табаларды же
башка отко чыдамдуу ысыкка
бекем идиш-аякты кармоого колдонуӊуз. Тамак-
ашты түз эле решеткалуу текчеге даярдаганда
май кармагычты анын астындагы деӊгээлге
коюӊуз.
Бул май кармагычтын же буу подносунун үстүнѳ
бирдей деӊгээлде коюулушу мүмкүн.
МАЙ КАРМАГЫЧ
Бул нан бышыруучу таба
катарында «Мажбурланган
аба» функциясы менен
этти, балыкты же нандын
жана токочтордун ар
кандай түрлѳрүн даярдоого
колдонулат.
Бул отко чыдамдуу ысыкка бекем идиш-
аякты кармоого пайдалуу, бул деген мештин
тѳмѳн жагына буюмдарды койбоӊуз дегенди
түшүндүрѳт.
Бул решеткалуу текченин же буу подносунун
тѳмѳн жагына коюлганда даярдоо ширелерин
чогултат.
БУУ ПОДНОСУ
Бул тамак-ашты тегиз даярдоого
жардам берүүчү буунун эркин
айланышын жеӊилдетет.
Даярдоо ширелерин чогултуу
үчүн май кармагычты тѳмѳн
деӊгээлде коюӊуз.
СУУ РЕЗЕРВУАРЫ
Эшикти ачуу менен суу
резервуарына жетүүгѳ болот. Ѳйдѳ
кѳздѳй кичине кѳтѳрүү менен аны
алып салыӊыз жана аны ѳзүӊүздү
кѳздѳй тартыӊыз.
«МАКС» белгисине чейин ичүүчү
суу менен суу резервуарды толтуруӊуз.
Толуп калганда суу резервуарды кайра
кармагычына салыңыз. Туура тагылганына
ынаныӊыз: Суу резервуарын үстү жана оӊ
тарабы кармагычка тийип турушу зарыл.
Суу резервуарын толугу менен салыӊыз жана ѳз
ордуна отурганга чейин тѳмѳн кѳздѳй түртүӊүз.
Суу резервуарын этияттык менен алып салыӊыз
жана ар бир колдонгондон кийин бошотуӊуз.
Келтетүтүктѳн дагы сууну тѳгүүнү унутпаӊыз.
FOOD PROBE УХНЯНЫН ТЕРМОМЕТРИ)
Даярдоо учурунда тамак-
аштын калыӊдыгындагы
температураны текшерүү үчүн.
СҮЛГҮ
Даярдоо учурунда пайда болуучу
конденсатты алып салуу үчүн.