Use and care guide

27
KY
ТАЗАЛОО ЖАНА КАРМОО
ТЫШКЫ БЕТТЕР
Беттерди нымдуу микробулалуу чүпүрѳк
менен тазалаӊыз. Эгерде алар кир болсо,
pH-нейтралдуу каражаттардын бир нече
тамчыларын кошуӊуз. Кургак чүпүрѳк менен
аяктаӊыз.
Эшиктин айнегин жарактуу суюк каражат
менен тазалаӊыз.
ИЧКИ БЕТТЕР
Ар бир колдонгондон кийин мешти
муздаганга калтырыӊыз жана андан кийин
аны тазалаӊыз, жылуу кезде тазалаганда
тамак-аштын калдыктарына жараткан
калдыктарды же тактарды алып салуу жакшы
ишке ашат.
Буу пайда кылган нымдуулукту алып салуу
үчүн мешти муздаганга калтырыӊыз жана
андан кийин сунушталган чүрүрѳк же губка
менен бѳлүктү сүрүӊүз.
«Буу менен Тазалоо» функциясын үзгүлтүксүз
колдонууну сунуштайбыз.
Үзгүлтүксүз тазалоону
ишке ашыруу улгултүккѳ
учураса жабдуунун
беттеринин бузулушуна
алып келет. Бул ѳз
кезегинде жабдуунун
тейлѳѳ жашоосун
кыркатышы мүмкүн жана
коркунучтуу жагдайлардын
чыгышына алып келет.
Кармоону же тазалоону
ишке ашырардан мурда
жабдуунун муздаганына
ынаныӊыз.
Сым жуугучтарын,
катуу жуугучтарды
же катуу/жегич
тазалоо каражаттарын
колдонбоӊуз, алар
жабдуунун беттерине зыян
келтириши мүмкүн.
Ар кандай кармоо иштерин
ишке ашыруудан мурда
жабдууну электр менен
камсыздоо желесинен
ажыратыӊыз.
Коргоо колгопторун
кийиӊиз.
Буу тазалоо каражаттарын
колдонбоӊуз.
АКССЕСУАРЛАР
Текче бѳлгүчтѳрдү кошуп алганда кѳпчүлүк
аксуссуарларды идиш-аяк жуугуч машинада
жууса болот.
Бирок суу резевуары менен кухнянын
термометрин идиш-аяк жуугуч машинада
жууган коопсуз эмес. Губканы жана pH-
нейтралдуу каражатты колдонуу менен суу
резевуарын этияттык менен жууӊуз. Ичүүчү
суу менен чайкаӊыз.
Кухнянын термометри нымдуу чүпүрѳктү
же кухня сүлгүсүн колдонуу менен тазаласа
болот.
БОЙЛЕР
Ар дайым мештин оптималдуу иштешин
камсыз кылуу жана узак убакытка кебээр
калдыктарын болтурбоого жардам берүү
үчүн «Суу агызуу» жана «Кебээрди кетирүү»
функцияларын үзгүлтүксүз колдонууну
сунуштайбыз.