Use and care guide

4
КООПСУЗДУК НУСКАМАЛАР
ОКУУ ЖАНА КѲӉҮЛ БУРУУ
МААНИЛҮҮ
Жабдууну колдоноордон
мурда бул коопсуздук
нускамаларын кѳӊүл коюп
окуӊуз.
Аларды келээрки
эскертүүлѳргѳ чейин колго
жакын кармаӊыз.
Бардык убакытта сактоо
үчүн бул нускамалар менен
жабдуунун ѳзү маанилүү
коопсуздук боюнча
эскертүүлѳрдү камсыз
кылат.
Жабдуу туура эмес
колдонгон же туура эмес
жѳнгѳ салынган болсо,
ѳндүрүүчү бул коопсуздук
нускамаларын колдонуу
жѳндѳмсүздүгү боюнча
жоокерчиликти четке кагат.
КООПСУЗДУК
ЭСКЕРТҮҮЛѲР
Ѳтѳ жаш (0дѳн 3 жашка
чейин) жана жаш балдар
(3тѳн 8 жашка чейин)
кѳзѳмѳл астында
болушпаса жабдуудан алыс
болушу керек.
8 жаштагы жана бул жаштан
ѳйдѳ балдар жана
физикалык, сезгич же акыл
жѳндѳмдүүлүгү чектелген
же тажрыйбасы жана
билими жетишпеген
адамдар бул жабдууну
кѳзѳмѳл астында же
коопсуздук нускамалар
берилгенде гана колдоно
алышат жана коркунуч
келерин түшүнүшү керек.
Балдар жабдуу менен
ойнобошу зарыл. Кѳзѳмѳл
жок балдар тарабынан
тазалоо же
колдонуучуларды тейлѳѳ
жүргүзүлбѳшү керек.
ЭТИЯТ БОЛУҢУЗ: Жабдуу
жана анын жеткиликтүү
бѳлүктѳрү колдонуу
учурунда ысыйт, 8 жашка
чыкпаган балдар кѳзѳмѳл
астында болушпаса
жабдуудан алыс болушу
керек.
ЭТИЯТ БОЛУҢУЗ: Ысый
турган элементтерге ички
бетке тийгенден алыс
болуӊуз, күйүп калуу
коркунучу бар.
Бардык компоненттер
толугу менен муздагыча,
кийимдерди же башка тез
ѳрт алуучу материалдарды
жабдуудан алыс кармаӊыз.
Тамак-ашты кургатканда
жабдууну эч качан кароосуз
калтырбаӊыз.
Ѳтѳ ысытылган майлар
жана мал майлар бат
тутанат. Мал майларына,
майларга бай тамак-аш
жасаганда же алкоголду
кошкондо (мисалы: ром,
коньяк, вино) ар дайым сак
болуӊуз, ѳрт чыгуу
коркунучу бар.
Мискейлерди жана
аксессуарларды алып салуу
үчүн меш колгобун
колдонуӊуз, ысытуу
элементтерине тийбегенге
кѳӊүл буруӊуз. Жабдууга
жетеерден мурда тамак
жасап бүткѳндѳ, ысык
абаны же бууну акырындап
чыгаруу менен эшикти
ачууда сак болуӊуз.
Мештин алды жагындагы
ысык аба вентиляция
тешиктерин тоспоӊуз.
Эгерде жабдуу сыналуучу
колдонууга жарактуу болсо,
бул мешке сунушталган
температура билдиргичин
гана колдонуӊуз.
УРУКСАТ БЕРИЛГЕН
КОЛДО НУУ
Бул жабдуу
профессионалдык эмес,
үйдѳ гана колдонуу үчүн.
Жабдууну эшикте
колдобоӊуз.
Жабдуунун ичине
же жанына аэрозоль
банкалары сыяктуу
жарылуучу же тез ѳрт
алуучу заттарды койбогула
жана газолин же башка тез
ѳрт алуучу материалдарды
койбогула: эгерде жабдуу
этиятсыздык менен
иштетилсе ѳрт чыгып
кетиши мүмкүн.
ЭСКЕРТҮҮ: Жабдуу тышкы
таймер же ѳзүнчѳ пульт
тутуму менен башкарууга
жасалган эмес.
Мындан башкача
колдонууга уруксат
берилбейт (мисалы:
бѳлмѳлѳрдү жылытууга).
ОРНОТУУ
Ѳндүрүүчүнүн
колдонмолору жана
жергиликтүү коопсуздук
эрежелерине ылайык
орнотуу жана оӊдоо
дасыккан техник тарабынан
жүргүгүлүшү керек.
Колдонуучунун
колдонмосунда
кѳрсѳтүлгѳндү эске
албастан жабдуунун бир да
бѳлүгүн оӊдоого жана
алмаштырууга болбойт.
Орнотуу иштери балдар
тарабынан жүргүзүлбѳшү
керек. Орнотуу учурунда
балдарды жолотпоӊуз.
Орнотуу учурунда жана
андан кийин балдар жете
турган жерден чогултуу
материалдарын (пластик
баштыгын, полистирол
бѳлүктѳрүн ж.б.) алыс
кармаӊыз.
Жабдуу эки же кѳп адамдар
тарабынын кѳтѳрүлүшү
жана орнотулушу зарыл.
Таӊгагын чечүү жана
жабдууну орнотуу үчүн
коргой турган колгопту
колдонуӊуз.
Жабдуунун таӊгагын
чечкенде ташып жеткирүү
учурунда ага зыян
келтирилбегендигине
ынаныӊыз. Кѳйгѳйлѳр бар
болсо сатуучу же сизге
жакын жайгашкан Сатып