Instruction for Use

18
KGZ
Кир жуугуч машинаны жана программаны
иштетүү тартибин сүрөттөө
Кир жуучу заттады бөлүштүргүч: кир жуучу заттарды жана
кошулмаларды жүктөө үчүн
(“Кир жуучу заттар жана кир кийимдин түрлөрү” кара.).
КҮЙ/ӨЧҮР баскычы: кир жуугуч машинаны күйгүзүү жана өчүрүү
үчүн кызмат кылат.
PUSH & WASH баскычы: (“Кир жуучу заттар жана кир кийимдин
түрлөрү” кара.)
ПРОГРАММАЛАРДЫ тандоо туткасы: программаларды
тандоо үчүн кызмат кылат. Тийиштүү тандалган функциянын
индикатору күйгөн бойдон калат.
Кошумча ФУНКЦИЯЛАРДЫН индикатору менен баскычтар:
болгон кошумча функцияларды тандоо үчүн кызмат кылат.
Тандалган функцияга ылайык келген индикатор күйгөн бойдон
калат.
ТЕМПЕРАТУРА баскычы: температураны тескөө үчүн же
муздак сууда жуу үчүн кызмат кылат (“Персоналдаштырылган
тескөөлөрдү” кара).
ЦИКЛДЫН ФАЗАЛАРЫН АТКАРУУ индикатору: кир жуу
программасын аткаруунун ырааттуулугун көрсөтөт. Күйгүзүлгөн
индикатор учурдагы фазага шайкеш келет.
ЛЮКТУ ТОСМОЛОО индикатору: люкту ачууга болоорун
көрсөтөт (бетти капталынан кара).
ИШТЕТҮҮ/ТЫНЫГУУ индикатору менен баскыч: программаны
иштетүү үчүн же убактылуу токтотуу үчүн кызмат кылат.
ЭСКЕРТҮҮ: кир жуунун учурдагы циклын убактылуу токтотуу
үчүн бул баскычты басыңыз. Тийиштүү индикатор кызгыл сары
түс менен бүлбүлдөйт, ал эми кир жуунун учурдагы фазасынын
индикатору бүлбүлдөбөй күйөт. Эгерде ЛЮКТУ ТОСМОЛОО
индикатору өчсө, люкту ачууга болот (болжол менен 3 мүнөт
күтүңүз).
Кир жуу циклын ал токтотулган жерден улантуу үчүн, кайрадан
ИШТЕТҮҮ/ТЫНЫГУУ баскычын басыңыз.
Күтүү режими
Бул кир жуугуч машина электр энергиясын үнөмдөө боюнча
жаңы нормативдердин талаптарына жооп берет, машина 30
мүнөт тургандан кийин күйө турган, автоматтык түрдө өчүү
тутуму (энергияны сактоо режими) менен себилденген. КҮЙ/
ӨЧҮР баскычын бир жолу басыңыз жана машина кайра
күйгөнчө күтө туруңуз.
Башкаруу панели
Кир жуучу каражаттарды бөлүштүргүч
ПРОГРАММАЛАРДЫ
тандоо туткасы
ТЕМПЕРАТУРА
баскычы
ЦИКЛДЫН ФАЗАЛАРЫН
АТКАРУУ индикатору
Кошумча
ФУНКЦИЯЛАРДЫН
индикаторлору менен
баскычтар
ЛЮКТУ
ТОСМОЛОО
индикатору
PUSH & WASH
баскычы
КҮЙ/ӨЧҮР баскычы
ИШТЕТҮҮ/
ТЫНЫГУУ
индикатору менен
баскыч