Instruction for Use

22
KGZ
Жуучу заттар жана
кирдин түрлөрү
Жуучу каражаттар үчүн чөнөкчө
Кир жуунун жакшы жыйынтыгы жуучу заттарды туура
дозалоодон дагы көз каранды болот: ашыкча жуучу
заттар натыйжалуу жууну кепилдебейт, тескерисинче,
кир жуугуч машинанын ичинде кеберлердин пайда
болушун жана курчап турган чөйрөнүн булганышын
шарттайт.
! Колго жууганга арналган жуучу каражаттарды
пайдаланбаңыз, анткени алар өтө көп көбүк чыгарат.
Чөнөкчөнү чыгарыңыз
жана ага жуучу каражатты
же кошулмаларды
төмөндөгүдөй тартипте
салыңыз.
1-чөнөкчө: Алдын ала
жуу үчүн жуучу каражат
(порошок)
Кир жуучу порошокту
салуунун алдында кошумча
4-дозатор орнотулбаганын
текшерүү керек.
2-чөнөкчө: Кир жуу үчүн жуучу каражат (порошок же
суюк)
Суюк жуучу затты пайдалануу учурунда туура дозалоо
үчүн сунушталуучу А дозаторун пайдалануу сунушталат.
Кир жуучу порошокту пайдалануу үчүн В дозаторуна
салыңыз.
3-чөнөкчө: Кошулмалар (чайкагыч ж.б.)
Чайкагычтын деңгээли дозатордун борборунда
көрсөтүлгөн “max” белгисинен ашпашы керек.
кошумча 4- чөнөкчө: Агарткыч
Агартуу
Сунушталуучу кошумча 4-дозаторду 1-чөнөкчөгө
салыңыз. Агарткычты дозаторго max белгисинен жогору
куйбаңыз. Эгерде сиз агартууну жүргүзүүнү кааласаңыз,
агаркычты кошумча 4-чөнөкчөгө салыңыз жана
программаны тандаңыз .
! Салттуу агарткычты калың ак кездемени жууганда колдонуу
керек, түстүү синтетикалык кийим жана жүндөн жасалган
буюмдар үчүн кылдат агарткычты пайдалануу керек.
Кирди даярдоо
• Кирди төмөндөгү белгилери боюнча бөлүңүз:
- кездеменин түрү / этикеткадагы белги.
- түс: түстүү кирди ак кирден бөлүңүз.
• Чөнтөктөн бардык предметтерди чыгарыңыз жана
топчуну текшериңиз.
• Кургак кирдин салмагын көрсөтүүчү,
“Программалардын таблицасында” көрсөтүлгөн
мааниден ашырбаңыз.
Кир канча салмакта болот?
1 шейшеп 400-500 гр.
1 жаздык тыш 150-200 гр.
1 дастаркон 400-500 гр.
1 халат 900-1200 гр.
1 сүлгү150-250 гр.
Атайын программалар
Спорт (1-программа): спорт кийимдеринин (спорттук
костюмдар, байпактар ж.б.) анча кир эмес кездемелерин жуу
үчүн иштелип чыккан; жакшы жыйынтыктарга жетүү үчүн
“Программалардын таблицасында” көрсөтүлгөн, жүктөөнүн
максималдуу чегинен ашырбоону сунуштайбыз. Жүктөө
үчүн ылайык келген өлчөмдө суюк жуучу каражатттарды
пайдаланууну сунуштайбыз.
Күңүрт кездемелер: кара кийимди жуу үчүн 2-программаны
пайдаланыңыз. Программа жуугандан кийин кийимдин түсүн
сактоого эсептелген. Жыйынтыктарды оптималдаштыруу
үчүн кара кийим үчүн суюк жуучу затты пайдалануу
сунушталат.
Жыттарды кетирүү: жагымсыз жыты бар кийимди жуу үчүн
3-программаны пайдаланыңыз (мисалы, тамекинин, тердин,
куурулган тамактын жытын). Программа кездеменин буласын
сактоо менен, жагымсыз жыттарды кетирүү үчүн арналган.
Синтетикалык же аралаш кездемеден кийимдер үчүн 40°та,
пахтадан калың кийимдер үчүн 60°та кир жуу сунушталат.
Кылдат жуу: кылдат мамиле кыла турган кийимди жуу үчүн
4-программаны пайдаланыңыз. Кир жууп баштоонун алдында
кийимди ичинен аңтаруу сунушталат. Жыйынтыктарды
оптималдаштыруу үчүн кылдат кийимдер үчүн суюк жуучу
каражатты пайдалануу сунушталат. Жибек кийимди жана
парданы жуу үчүн 4-циклды тандаңыз жана функциясын
күйгүзүңүз, машина циклды сыгуусуз аяктайт, индикатор
бүлбүлдөйт. Сууну төгүү жана кирди чыгаруу үчүн ИШТЕТҮҮ/
ТЫНЫГУУ баскычын же опцийин басуу керек.
Жүн - Woolmark Apparel Care - Blue: Бул кир жуугуч машинанын
“Жүн кир жуу циклы кир жуу буюмдун этикеткасында жана
ушул кир жуугуч машинанын жеткирүүчүсүнүн нускамасында
көрсөтүлгөн нускамаларга ылайык аткарылган шартта, “кол менен
жуу” жиктемесине ээ болгон, жүн буюмдарды жуу үчүн Woolmark
компаниясынын ырастоосун алган. (М1128)
Мамык / Тыбыт: жалаң кат мамык жууркан алмагы 1 кгдан
көп эмес), жаздык, куртка сыяктуу, курамында өрдөктүн жүнү бар,
мамык олпокторду жуу үчүн атайын 6-программаны тандаңыз.
Мамык олпокторду четин ичкери кылып машинанын барабанына
жүктөө (схеманы кара) жана барабандын көлөмүнүн ¾ ашырбоо
сунушталат. Оптималдуу кир жуу үчүн жуучу заттардын
дозаторуна куюлуучу, суюк жуучу затты пайдалануу сунушталат.
Түстүү кездемелер: түстүү кийимди жуу үчүн
11-программаны пайдаланыңыз. Программа кир жуугандан
кийин түстүү кийимдин түсүн сактоого арналган.
Эко Пахта 2 (12-программа) орточо кирдеген пахта
кийимдерин жуу үчүн идеалдуу жарайт. Ошондой эле 40° сууда
жууганга салыштырмалуу, муздак сууда кир жууда мыкты
жыйынтыктар алынат, ал кайталануучу тез жогорулоо менен ар
кандай ылдамдыктагы механикалык аракет менен камсыздалат.
Эко Синтетика 20° (13-программа) орточо кирдеген аралаш
түрдөгү кийим (пахта жана синтетика) үчүн идеалдуу
жарайт. Жакшы жыйынтыктар муздак сууда жууганда дагы
алынат, орточо жана аныктоочу аралыктар менен ар кандай
ылдамдыктагы механикалык аракеттер камсыздалат.
Ыкчам (14-программа) 9 баштап 1h чейин кир жуунун узактыгын
жөнгө салуунун шарттайт.Ыкчамбаскычын басуу менен
төмөндөгү циклдардын ортосунда тандоо аркылуу, кир жуунун
узактыгын өзгөртүүгө болот: 9’ (сергитүү), 30 (жуу), 1h (жуу).
9 циклы чайкагычты гана пайдалануу менен буюмду сергитет;
бул циклде кир жуучу каражатты кошпоону сунуштайбыз. 30
циклы азыраак кирдеген кийимди 30°С температурада арналган
(жүн жана жибек буюмдардан тышкары) жана 3 кг максималдуу
жүктөмдө тез жуу үчүн, циклдын узактыгы болгон 30’, бул
циклды пайдалануу менен, Сиз электр энергиясын жана убакытты
үнөмдөйсүз. “1h” циклы орточо кирдеген калың пахта кийимин
6С температурада жуу үчүн арналган. Кир жуунун жакшы
жыйынтыгын камсыздайт. Синтетикалык жана аралаш кийим
үчүн 40°С температурада жуу сунушталат.