Instruction for Use

Шайманды колдонордон мурда бул
коопсуздук нускамаларын окуңуз. Аларды
келээрки керек болгонго чейин сактап
коюңуз.
Бардык убакытта сактоо үчүн бул нускамалар
менен шаймандын ѳзү маанилүү коопсуздук
эскертүүлѳрдү камсыз кылат. Шайман туура
эмес колдонгон же туура эмес жѳнгѳ
салынган болсо, ѳндүрүүчү бул коопсуздук
нускамаларын колдонуу жѳндѳмсүздүгү
боюнча жоопкерчиликти четке кагат.
Эгерде шайманда өлкөнүн белгиси бар
болсо бул нускамалар жарактуу болуп
эсептелинет. Эгерде шайманда белги жок
болсо, шайманды өлкөнүн ичине колдонууга
модификациялоого техникалык
нускамаларды алыш керек, алар керектүү
нускамаларды берет.
ЭСКЕРТҮҮ: Газ менен бышыруу
шайманды колдонгондо ал ысыкты,
нымдуулукту жана күйүу өнүмдөрүн
орнотулган бөлмөңүн ичинде жаратат.
Шайман менен колдонуп жатканда ашкана
бөлмөсүндө вентиляция жакшы болгонун
камсыз кылгыла: ашканада вентиляция
тешиктери ачык бойдон болуш керек же
механикалык вентиляция түзмөгү
орнотулуш керек (механикалык аба чыгаруу).
Шайман көпкө созулган убакытка колдонулса
анда кошумча вентиляция керек болушу
мүмкүн, мисалы терезени ачуу, же
эффективдүүрөөк вентиляция, бар болсо
механикалык вентиляциянын деңгээлин
көбөйтү.
ЭСКЕРТҮҮ: Шайман жана анын
жеткиликтүү бөлүктөрү колдонуу учурунда
ысыйт. Ысыган элементтерге тийбөө үчүн
сактык сакталышы керек. Үзгүлтүктүзсүз
кароо болбосо, 8 жаштан ылдый балдарды
андан алыс кармаш керек.
ЭСКЕРТҮҮ: Эгерде конфорканын бетинде
жарака кеткен болсо, шайманды
колдонбоңуз - токко урунуу коркунучу бар.
ЭСКЕРТҮҮ: Өрт чыгуу коркунуч:
Нерселерди бышыруу аянттын үстүндө
сактабаңыз.
ЭСКЕРТҮҮ: Тамак-ашты даярдоо учурунда
көзөлдөө болуш керек.
Кыска мөөнөөтүү тамаш-
ашты даярдоо учуру үзгүлтүксүз көзөмөлдө
болуш керек.
ЭСКЕРТҮҮ: Көзөлмөлдөөсүз тамак-ашты
даярдоо учурунда конфорканын үстүндө май
жана малдын майы болсо коркунучтуу - өрт
чыгуу коркунучу бар. Өрттү ЭЧ КАЧАН суу
менен өчүрбөгүлө, бирок шайманды өчүргүлө
жана өрттүн үстүн жапкыла, мисалы капкак же
болбосо өрткө туруштук берген жууркан менен.
Конфорканы иштөө түздүгү же бир
нерсени коюу үчүн колдонбоңуз. Бардык
компоненттер толугу менен муздагыча,
кийимдерди же башка тез ѳрт алуучу
материалдарды шаймандан алыс кармаңыз
- өрт чыгуу коркунучу бар.
Эгерде бул колдонмодогу маалымат так
аткарылбаса, өрт же жарылуу болушу
мүмкүн жана ал мүлккө зыян келтириши же
жаракат алып келиши мүмкүн.
Өтө жаш балдар (0-3 жаштагы) шаймандан
алыс болушу зарыл. Жаш балдар (3-8
жаштагы) кѳзѳмѳл астында болбогон
учурда, шаймандан алыс болушу керек. 8
жаштагы жана бул жаштан ѳйдѳ балдар
жана физикалык, сезгич же акыл
жѳндѳмдүүлүгү чектелген же тажрыйбасы
жана билими жетишпеген адамдар бул
шайманды кѳзѳмѳл астында же коопсуздук
нускамалар берилгенде гана колдоно
алышат жана коркунуч келерин түшүнүшү
керек. Балдар шайман менен ойнобошу
зарыл. Кѳзѳмѳл жок балдар тарабынан
тазалоо же колдонуу боюнча тейлѳѳ
жүргүзүлбѳшү керек.
ЭСКЕРТҮҮ : Ысык табак коюучу айнек
сынса:-бардык конфоркаларды жана ысык
элементтердин баарын өчүрүп, шайманды
кубат камсыздоосунан өчүрүңүз; -
шаймандын үстүнө тийбеңиз; - шайманды
колдонбоңуз.
Эгер ал ысытылса, капкак сынып калышы
мүмкүн. Капкакты жапканга чейин бардык
конфоркаларды жана электрикалык
тегерекчелерди өчүрүңүз. Конфорка күйүп
турганда капкакты жаппаңыз.
УРУКСАТ БЕРИЛГЕН КОЛДОНУУ
ЭСКЕРТҮҮ: Шайман тышкы өчүрүү
тутумдар, таймер же ѳзүнчѳ пульт системасы
сыяктуулар менен башкарууга жасалган
эмес.
Шайман үйдүн ичинде жана ушул сыяктуу
тѳмѳнкүлѳргѳ колдонууга жасалган:
дүкөндөрдүн, кеңселердин жана башка
жумуш чөйрөлөрдүн ичинде кызматкерлерге
арналган ашкана аймактарында; чарба
үйлөрүндө; кардарлар аркылуу
мейманкаларда, мотельдерде жана башка
турак жай чөйрөлөрүндө.
Мындан башкача колдонууга уруксат
берилбейт (мисалы: бѳлмѳлѳрдү
жылытууга).
КООПСУЗДУК
НУСКАМАЛАРЫ
ОКУП, КАРАП ЧЫГУУГА МААНИЛҮҮ
KY

Summary of content (8 pages)