Instruction for Use

Очокту орнотуп жатканда, инжекторлор менен берилген газды
калибрдөө табагын газ калибрдөөгө байланышкан мурунку
маалыматты жапкандай кылып орнотуңуз.
ЧОРГОЛОРДУН МИНИМАЛДУУ ГАЗ БАПТООСУН ТУУРАЛОО
Минималдуу баптоо туура ылайыкталышы үчүн бурагычты чыгарып,
мындайча улантыңыз:
жалындын бийиктигин азайтканга бураманы ичкери бураңыз (-);
жалындын бийиктигин чоңойтконго бураманы тышкары бураңыз (+)
Чоргону минималдуу газ баптоо абалына коюп туруп тууралаш керек)
:
күйгүчтөрдүн негизги абасын тууралоонун кереги жок.
бул баскычта күйгүчтөрдү жандырып, бурагычтарды максималдуу
абалдан минималдуу абалга айландырып, жалындын
туруктуулугун текшериңиз.
Тууралап бүткөн соң, жабыштыруу момун же так ошондой материал
менен кайра жабыштырыңыз.
ТАЗАЛОО ЖАНА КАРМОО
Шайманды кубаттуулук агынынан ажыратыңыз.
ОЧОКТУН БЕТИН ТАЗАЛОО
Эмалданган жана айнек бөлүктөрүнүн баарын жылуу суу жана
нейтралдуу аралашма менен тазалаш керек.
Дат баспаган болот беттерине акиташтуу суу же күчтүү
детергенттерди көпкө калтырып койсо, так калып калышы мүмкүн.
Кандай болбосун тамак төгүлүп кетсе, кургаганча сүрүп салыш
керек.
Жылуу суу жана нейтралдуу детергент менен тазалап туруп,
жумшак чүпүрөк же тери менен кургатыңыз. Катып калган кирди дат
баспаган болот беттер үчүн атайын тазалагычтар менен кетириңиз.
ЭСКЕРТҮҮ: Дат баспаган болотту жумшак чүпүрөк же спонж
менен гана тазалаңыз.
Чийип сала турган же дат бастырган өнүмдөрдү, хлордун
негизиндеги тазалагычтарды же кыл жуугучтарды колдонбоңуз.
Буу менен тазалагычтарды колдонууга болбойт.
Бат тутанма өнүмдөрдү урунбаңыз.
Кычкылдуу же шакарлуу заттарды, мисалы, уксус, кычы өнүмдөрүн,
туз, шекер же лимон кычкылын мештин үстүнө калтырбаңыз.
МЕШТИН БӨЛҮКТӨРҮН ТАЗАЛОО
Айнек жана эмалданган бөлүктөрүн жумшак чүпөрөк же спонж
менен гана тазалаңыз.
Торлор, күйгүч капкактары жана күйгүчтөрдү чыгарып алып
тазаласа болот.
Аларды кол менен жылуу суу жана тытпаган детергент колдонуп
тазалап, кандай болбосун тамак калдыктарын кетирип, күйгүчтүн
тешиктеринин бири да бүтөлүп калбаганын текшериңиз.
Чайкап, кургатыңыз.
Күйгүчтөрдү жана күйгүч капкактарын тиешелүү ордуларына туура
киргизиңиз.
Торлорду алмаштырганда, көмөч койчу аймак күйгүчкө тегизделиши
керек.
Электр тутандыруу бөгөттөрү жана коопсуздук түзмөгү менен
жабдылган моделдер туура иштеш үчүн бөгөттү жакшылап тазалап
турууну талап кылат. Бул нерселерди бат-баттан текшерип, зарыл
болсо, ным чүпүрөк менен тазалаңыз. Катып калган тамактын
баарын тиш чукугуч же ийне менен чыгарыш керек.
ЭСКЕРТҮҮ: электр тутандыруу түзмөгүнө доо кетирип албаш
үчүн күйгүчтөр өз ордуларында болбогондо муну кылбаңыз.
БУЗУКТУКТАРДЫ ТАБУУ
Очок туура иштебей жатса, Сатуудан кийинки кызматка чалардан
мурда көйгөйдү аныкташ үчүн Кемтиктерди таап оңдоо жетегин
караңыз.
1. Күйгүч тутанбай жатса же жалын бир ыктай болбосо.
Текшериңиз:
газ же электр жеткирүү өчүрүп салынбаптырбы жа өзгөчө газ
жеткирүү чоргосу ачык бекен.
Газ баллону (суюк газ) бош эмес бекен.
күйгүч ачылууларына бир нерсе тыгылып калбаптырбы.
Сайгычтын учу кир эмес бекен.
Күйгүч тетиктеринин баары туура жайгаштырылыптырбы.
Очоктун жанында шамал жүрбөй элеби.
2. Жалын күйүп турбай элеби.
Текшериңиз:
Күйгүчтү жандырып жатканда бурагыч коргоо түзмөгү
жанданганга жетиштүү убакыт басылып турдубу.
Күйгүч ачылууларына терможуптун жанында бир нерсе тыгылып
калбаптырбы.
сайгычтын учу кир эмес бекен.
Минималдуу газ баптоосу туура бекен (тиешелүү абзацты
караңыз).
3. Контейнерлер туруктуу эмес бекен
Текшериңиз:
Контейнердин түбү кынтыксыз жалпак бекен
Контейнер күйгүчтүн үстүндө так ортосуна коюлганбы.
торлор алмашып кетпептирби же туура эмес коюлуп калбаптырбы.
Үстүңкүлөрдү текшергенден кийин деле ката кала берсе, жакынкы
Сатуудан кийинки кызмат менен байланышыңыз.
KY