Instruction for Use

KG
11
Орнотуу
! Жаңы шайманыңызды иштетерден мурда бул маалымат китепчесин
жакшылап окушуңузду суранабыз. Анда шайманды коопсуз колдонуу,
орнотуу жана тейлөө боюнча маанилүү маалымат бар.
! Сураныч, бул иштетүү нускамаларын кийин караганга сактап коюңуз.
Шайманды кийин сатып калсаңыз жаңы ээлерине нускамаларды да бериңиз.
Орун берүү
!Таңгактоо материалдарын балдар жетпеген жерде кармаңыз. Ал
моюнуна оролуп калып же муунууга алып келиши мүмкүн ("Сактык
чаралары жана кеңештер" дегенди караңыз).
!Шайманды ишбилги кесипкөй киши берилген нускамаларга ылайык
орнотушу керек. Туура эмес орнотуу кишилерге жана жандыктарга
жаракат же мүлккө зыян алып келиши мүмкүн.
!Азыркы мамлекеттик ченемдерге ылайык бул түзмөктү такай желдетилип
туруучу бөлмөлөрдө гана орнотуу жана колдонуу керек. Кийинки талаптар
аткарылышы керек:
Бөлмө күйүүдөн чыккан заттарды үйлөгөн чыгаруу системи менен
жабдылган болушу керек. Ага шайман жандырылары менен
автоматтык түрдө иштей баштаган тарткыч же электр фени кириши
мүмкүн.
Мордун үстүндө же бутактуу жеринде
(Жалаң гана тамак жасоочу шаймандар үчүн)
Түз эле
тышка
Күйүү үчүн негизинен кычкылтек керек болгондуктан, бөлмөгө аба
жакшы кирип-чыгып турушу да керек. Абанын агымы орнотулган
шаймандын кубатынын 1 кВт үчүн 2 м
3
/сааттан кем болбошу керек.
Аба айлантуу системи абаны түз эле
тыштан алышы мүмкүн, анда түтүктүн ички
кесилиши кеминде 100 см
2
болот; оозу
бөгөлүп калуунун эч бир түрүнө дуушар
болбошу керек.
Систем күйүүгө керек болгон абаны кыйыр
түрдө да, мис., жогоруда сүрөттөлгөндөй
аба айлантуу түтүктөрү орнотулган башка
бөлмөлөрдөн, алып келиши мүмкүн. Бирок
бул бөлмөлөр орток бөлмөлөр, уктоочу
же өрттөнүп кетүү коркунучу бар башка
бөлмөлөр болбошу керек.
Шайманды интенсивдүү жана узакка колдонуу кошумча желдетүүнү,
мис., терезени ачууну же аба киргизүү системинин (эгер болсо)
кубатын күчөтүүнү талап кылышы мүмкүн.
Суюк мунай газ абадан оор болгондуктан жерге түшөт. Ошондуктан,
алар менен толтурулган бөлмөлөрдү газ агып кетсе тышка
чыгышы үчүн ачык жерлер менен жабдыш керек. Натыйжада суюк
газ баллондорун, жарымынан болобу же толтура болобу, жер
деңгээлинен ылдый болгон бөлмөлөрдө же кампаларда (мисалы,
жертөлөдө) койбош же сактабаш керек. Бөлмөдө күнүмдүк колдонулуп
жаткан гана баллонду, тышкы булактардан (меш, камин, очок ж.у.с.)
A
Кычкылданган аба
үчүн желдетүү
тешиктеринин мисалдары.
Терезе менен жертамандын
ортосундагы желдетүү
ажырымын чоңойтуу.
Жанындагы
бөлмө
Желдеткенге
бөлмө
чыккан ысык тийбегендей, баллондун температурасын 50°C-ден
ашырбагандай жерге коюп сактоо сунушталат.
Шайманды орнотуу
Мешти орнотуп жатканда кийинки сактык чараларын көрүш керек:
Шаймандын жанында турган жана мештин үстүнөн бийигирээк чыгдан
текчелери мештин четинен кеминде 200 мм алыс турушу керек.
Аба тарткычтарды өздөрүнүн орнотуу жетектерине ылайык жана
мештен кеминде 650 мм аралыкта орнотуш керек (сүрөттү караңыз).
Аба тарткычтын жанындагы дубал текчелерин мештен кеминде 420
мм өйдө жайгаштырыңыз (сүрөттү караңыз).
Меш дубал текчесинин астына орнотулган
болсо, текчелер мештен көминде 700 мм
өйдө орнотулушу керек.
Орнотула турган көңдөй сүрөттө көрсөтүлгөн ченемдерге ээ болуш керек.
Мешти иш такталарына бекиткенге жоондугу 29 ммден 40 ммге
чейин келген бекитүүчү илмектер берилген. Меш иш тактага жакшы
бекитилишин камсыз кылыш үчүн берилген илмектердин баарын урунуу
сунушталат.
555 mm
55 mm
475 mm
Орнотордон мурда торлорду жана күйгүчтөрдү мештен чыгарып,
терможуптарды жана учкун шамдарына доо кетпегендей кылып мешти
ылдый каратыңыз.
Шайман менен келген бекиткичтерди
аба, нымдуулук жана суу өтпөгөндөй
кылып мештин тышкы четтерине
жабыштырыңыз (сүрөттү караңыз).
Туура орнотулушу үчүн бекиткич
чаптала турган беттер таза, кургак
жана кир/май жок экенин текшериңиз.
Илгичтерди бекитүү диаграммасы
Иштакта үчүн илүү абалы H=20мм Иштакта үчүн илүү абалы H=30мм
Маңдайы
Иштакта үчүн илүү абалы H=40мм Арты
600mm min.
420mm min.
650mm min.