Instruction for Use

• 3
KGZ
Орнотуу жана ишке түшүрүү
Жайлаштыруу жана тармакка улоо
Бул колдонмону сактап коюңуз. Буюмду сатканда,
бирөөгө пайдаланууга
бергенде же жаңы квартирага көчкөндө анын
ээси андан пайдалануу жана ага кызмат
көрсөтүү эрежелери менен таанышышы үчүн колдонмо
тоңдургуч менен чогуу сакталууга
тийиш.! Колдонмону көңүл коюп окуп чыгыңыз: анда
Сиздин тоңдургучуңузду орнотуу жана андан кантип
коопсуз пайдалануу боюнча керектүү маалыматтар бар.
Тоңдургучтун ишеничтүү жана натыйжалуу иштешин
камсыз кылуу үчүн аны туура орнотуу зарыл.
Желдетүү
Тоңдургучтун компрессору жана конденсатору
иштөө процессинде ысып кетет, андыктан жетиштүү
деңгээлдеги желдетүүнү камсыз кылуу зарыл.
Тоңдургуч нормалдуу нымдуулукка ээ болгон
жакшы желдетиле турган бөлмөдө орнотулууга
тийиш. Тоңдургучту жогору нымдуулукка ээ болгон
бөлмөдө, мисалы, ваннакана, жертөлөдө орнотууга
тыюу салынат.
Орнотуп жатканда аба эркин айланышы үчүн прибор-
дун жактарынан минималдуу аралык: (3–5 см), үстү
жагынан 10 см калтырыңыз. Прибордун арт жагында
абанын жолун тосуп койбоңуз;
Жылуулук булагына жакын орнотпоңуз
Тоңдургучту жылуулук булагына (ашкана плитала-
ры, духовкалар, каминдер) жакын жерге, же болбосо
күндүн нуру түздөн-түз түшүп турган жерге
орнотууга болбойт.
Түздөө
Мыкты иштеши үчүн тоңдургуч тегиз жерге орнотул-
ган болууга тийиш. Ордуна орнотулгандан кийин анын
абалын алды жагындагы түздөөчү таянычтарды айлан-
дыруу аркылуу тегиздеңиз. Тоңдургучтун арт жакка
болгон жантыктыгытан ашпоого тийиш.
Электр тармагына улоо
Тоңдургуч 1 класс электр тогунан жабыркоодон коргоо
деңгээлинде жаратылган жана электр тармагына токту
жерге кийирүүчү зым менен камсыздалган эки уюлдуу
розетка жардамында уланат.
Электр тармагына улануудан мурда көңүл буруңуз:
- электр чыңалуу буюмдун Тоңдургуч бөлүмүнүн
эшик жактан оң жагына орнотулган табличкада
көрсөтүлгөнгө туура келеби;
~220-240В
- электр розетканын токту жерге кийирүүчү контакты
электр тармактын камсыздоочу кабелинин токту жерге
кийирүүчү зымына түздөн-түз уланганбы (туташты-
руучу зым 10 А ден аз болбогон токко болжолдонгон
болууга тийиш);
розетка менен вилка бирдейби; эгерде вилка розетка-
га туура келбесе, анда розетканы камсыздоочу шнурдун
вилкасына туура келген түрүнө алмаштыруу керек
(ишти тажрыйбалуу электрик аткарууга тийиш);
Тоңдургуч Сиз дайыма розеткага жете алгандай кылып
орнотулууга тийиш;
Ушул колдонмодо баяндалган өңдүү чоң кубаттуулукка
ээ үй-тиричилик приборлорунун коопсуздук талапта-
ры бузулган түрдө электр тармакка уланган тоңдургуч
салыштырмалуу кооптуу саналат.
Эки зымдуу электр тармагына тикеден-тике улануучу
тоңдургучтан параметрлери төмөнкүдөй маанилерге ээ
коргоочу өчүрүүчү курулма (КӨК) аркылуу пайдала-
нылат:
240В/50 Гц, ишке түшүү босогосу 30 мА ден көп эмес,
ишке түшүүнүн номинал мезгили – 0,1 с.
Эгерде көрсөтүлгөн нормаларга баш ийбеген түрдө
кишинин ден соолугуна жана буюмга зыян жетсе,
өндүрүүчү жоопкерчиликти мойнуна албайт.
Күн
Ай
Жыл
2010-жылдын
14-июлу
¹ 007140626*58392040001
ÌÎÄÅËÜ ÒÓ 5156-034-39531251-2006 Wt-SNG
R600a
МУЗДАТКЫЧ-ТОҢДУРГУЧ
Прибордун ичине орнотулган табличка-
дагы муздаткычтын серия номери анын
өндүрүлгөн датасын- жылынын акыркы
цифрасын, айын, күнүн билдирет.