Setup and user guide

4
ТАНДООЛОР ЖАНА ФУНКЦИЯЛАРТАНДООЛОР
ЖАНА ФУНКЦИЯЛАР
ТАНДООЛОР, (БАШКАРУУ ПАНЕЛИН караңыз)ылайыктуу
баскычты басуу аркылуу тандалышы мүмкүн.
ЖАРЫМ ЖҮКТӨӨ
Эгерде, жууй турган идиштер өтө көп эмес болсо,
сууну, электр кубатын жана жуучу каражатын
үнөмдөө үчүн, жарым жүктөө колдонулушу
мүмкүн. Программаны тандап, андан соң ЖАРЫМ
ЖҮКТӨӨ баскычын басыңыз: көрсөткүч жарыгы
күйөт. Тандоону тандоодон чыгаруу үчүн, ЖАРЫМ
ЖҮКТӨӨ баскычын басыңыз.
Жуучу каражаттын өлчөмүнүн теңин куюуну
унутпаңыз.
ТАБЛЕТКА (Taб)
Бул орнотуу, колдонулган тазалоочу каражаттын
түрүнө жараша программанын өндүрүмдүүлүгүн
ыңгайлаштырууңузга мүмкүндүк берет.
Эгерде, таблетка түрүндөгү аралашма жуучу
каражаттарды (1 ченемдеги чайкоочу каражат, туз
жана жуучу каражаты) колдонсоңуз, ТАБЛЕТКА
баскычын (тиешелүү белгини күйгүзүүчү көрсөткүч
жарыгы).
Эгерде, сиз суюк же күлмайда жуучу каражатты
колдонсоңуз, бул тандоо өчүрүлүшү керек.
КЕЧИКТИРҮҮ
Программанын башталышы 1 менен 12 сааттын
ортосундагы убакыт аралыгына кечиктирилиши
мүмкүн.
1.КЕЧИКТИРҮҮ баскычын басыңыз: тиешелүү
белги дисплейден көрсөтүлөт; ар жолу баскычты
басканыңызда, убакыт (1 с., 2с., ж.б. эң көп 12 с.
чейин) тандалган жуу айлампасынын
башталышынан өйдө жогорулайт.
2.Жуу программасын тандаңыз жана эшигин
жабыңыз: таймер убакыттын тескери эсебин
баштайт;
3.Бул убакыт аягына чыккандан кийин, көрсөткүч
жарыгы өчүрүлөт жана жуу айлампасы башталат.
Кечиктирүү убакытын жөндөөгө жана кыскараак
убакыт аралыгын тандоо үчүн, КЕЧИКТИРҮҮ
баскычын басыңыз. Аны токтотуу үчүн, баскычты
тандалган кечиктирип баштоонун көрсөткүчүнүн
жарыгы өчүрүлгөнгө чейин, кайра-кайра басыңыз.
Жуу программасы эшик жабылаары менен
автоматтык түрдө башталат.
Кечиктирүү функциясын жуу айлампасы
башталып калгандан кийин, орнотууга
болбойт.
Эгер тандоо, тандалган программага шайкеш келбесе,
ПРОГРАММАЛАР ТАБЛИЦАСЫН караңыз, анда тиешелүү
жарык диоддору 3 жолу тез күйүп-өчөт жана бип
үндөрү чыгарылат. Тандоо иштетилбейт.